Шаардык кеңештердин тизмеси > Базар-Коргон шаардык кеңеши > "Улуттар биримдиги элдик партиясы" Саясий партиясы

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):

Мырзакматов Мелис Жоошбаевич 1969-жылы 18-апрелде Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. Билими жогорку, 1995жылы Ош технологиялык университетинин “Менеджер” адистигин аяктаган.  1995-1996 – Ички иштер министрлигинин Ош областтык бөлүмүндө сержант, 1996-1997 – Мамлекеттик салык инспекциясынын Ош шаарындагы инспектору, 1997-1999 – “Коопснаб” ЖЧКнун директорунун коммециялык иштер боюнча орун басары, 2004-2007 –“Элдик демилге” кайрымдуулук фондусунун президенти, 2007 – “Мигрант Сервис” ЖЧКнун директору, 2007-2009 – Жогорку Кенештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013 Ош шаарынын мэри. 2010 жылы “Улуттар Биримдиги Элдик Партиясы” саясий партиясын негиздеген.

Саясий партиянын программасы (баяндоо): Он жылдан ашуун тарыхы бар, өз ишмердигинде өлкөбүздүн келечеги үчүн, Кыргыз Республикасынын баардык аймактарынын жарандарын, баардык улуттарын жана этносторун бириктирүү максатын койгон, Ош шаарынын экс-мэри, коомдук ишмер Мырзакматов Мелис Жоошбаевич лидери болгон "Улуттар Биримдиги элдик партиясы" жалпы кыргыз элинин мамилелериндеги ички биримдигин жана улуттук ынтымакка жетишүүгө чакырган партия . Биздин партия алгач аймакта пайда болуп, республикалык деңгээлге чыккан саналуу партиялардын бири.

Негизги багыттар: идеология жана улуттар аралык ынтымак, экономика, шаарды куруу, шаардык чарба, социалдык сектор.