"РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынын Кочкор-Ата шаарындагы негизги максаттары жана милдеттери
Кочкор-Ата шаары 1952-жылы негизделген
Райондук баш ийүүчүлүк шаар статусун 2003-жылдын 1-июнунда алган.
Кочкор-Ата шаарында ири мунай жана газ өндүрүү ишканасы "Кыргызнефтегаз" ААК, "Кыргызгеофизика" ААК, "Кочкор-Ата айыл курулуш" дарылоо-профилактикалык клиникалары жана санаторийлери бар.
Биздин максатыбыз - Кочкор-Ата шаарын өнүккөн социалдык сектору жана инфраструктурасы менен динамикалуу өнүгүп жаткан, келечектүү, көп улуттуу, ыңгайлуу шаарга айландыруу.
Чет элдик жана ата мекендик инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кочкор-Ата шаарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында биздин жигердүү калкты бириктирүү.
"РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:
- Социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо үчүн шаар тургундарынын жана шаардын жетекчилеринин аракеттерине бириктирүү
- Шаардын өнөр жай потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү
- Билим берүү мекемелеринде калктын билим деңгээлин жана билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүү
- Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборун түзүү
- Жаштардын маданий-эстетикалык борборун түзүү
- "Коопсуз шаар" долбоорун колдоо жана андан ары ишке ашыруу
- Парктын айланасын сактоо жана андан ары жакшыртуу
- Калктын билим деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу
- Шаардын санитардык абалын жана экологиясын жакшыртуу.
- Жакыр жашаган адамдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында ыктыярдуу кыймылды активдүү өнүктүрүү
- Шаардын скверин реконструкциялоо, шаардыктардын эс алуусуна жана сейилдөөгө шарттарды түзүү.
- Улуттук долбоорлор менен активдүү иштөө
- Биздин аймакта айыл чарба азыктарын (эт, сүт, жемиштер, пахта ж.б.) кайра иштетүүчү чакан ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
- Муниципалдык менчикти, муниципалдык жерди пайдаланууну инвентаризациялоо жана талдоо
- Катуу таштандыларды (катуу тиричилик калдыктарын) сорттоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
- Жарандарды өзүн-өзү өнүктүрүүнү өркүндөтүү максатында бизнеске кирүү жана билим берүү жаатында окуу семинарларын жана тренингдерди уюштуруу
- Шаардын ирригациялык тутумун жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү
- Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуу-материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү