“Ынтымак” саясий партиясынын программасы:

  • Кочкор-Ата шаарындагы баардык саясий күчтөрдүн үнүн угуп конструктивдүү сунуштарын эске алуу менен шаарды өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык демилгелөө
  • Мамлекеттик жеке менчик биргелешкен ишканаларды уюштуруу боюнча мыйзамын жайылтуу
  • Бюджетти көбөйтүү максатында көмүскөдөгү ишканаларды ачыкка чыгаруу иш аракеттерин жүргүзүү
  • Инвесторлорду тартуу
  • Кочкор-Ата шаарынын жаш өспүрүм балдарына орто мектеп куруу
  • Көп балалуу, аз камсыз болгон, жаш үй-бүлөлөрдөн өсүп чоңойгон балдарга кесиптик билим алуусуна жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү
  • Кочкор-Ата шаарынын тургундарына спорт менен машыгууга кошумча шарттарды түзүү
  • Ооруканалардын ремонтуна көмөктөшүү, оңдоо жана жаңы жабдыктар менен камсыздоо
  • Кочкор-Ата шаарындагы жакыр жашоодогу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көзөмөлгө алып көмөк көрсөтүү
  • Кочкор-Ата шаарынын электр тармагы жетишсиз жаңы конуштарга трансформатор орнотуу жана электр жабдыктары менен камсыздоо
  • Кочкор-Ата шаарын жашылдандыруу жана экологияны сактоо
  • Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу: жолдорду, тротуарлардын айланасын жашылдандыруу
  • Борбордук паркты реконструкциялоо
  • Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагын кеңейтүү
  • Кочкор-Ата шаарынын баштапкы жана деталдуу планын иштеп чыгуу
  • Кочкор-Ата шаарынын өнөр жай зонасын жаратуу жана 2000 адамды иш орундары менен камсыздоо