Саясий партиянын кыскача аталышы: «Өнүгүү-Прогресс» с/п
ИНН 01702201210497
ЮЖБР кирүү датасы: 17.02.2012 – ж.
Саясий партиянын түзүлүүшү:
Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013-ж.
Катталган регионалдык филиалдардын саны: 74
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Борбордук аткаруу комитети
«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ
Байланыш маалыматтары
Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. №205
Байланыш телефону: 996 (500) 555 000; E-mail: onuguu@inbox.ru
Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Чүй пр. №205
Интернеттеги байланыш тармактары: https://www.facebook.com/onuguuprogresskg
Расмий сайт: https://onuguu.info/
Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны): Торобаев Бакыт Эргешевич
1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист». Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган. 1998-1999-жылдары айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы.
2000-2007-жылдары «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.
2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри. 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.
2013-жылдын 25-апрелинен баштап «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы.
2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. «Ардак» төш белгисинин ээси. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.