Саясий партиянын кыскача аталышы: «Өнүгүү-Прогресс»  с/п

ИНН 01702201210497

ЮЖБР кирүү датасы: 17.02.2012 – ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013-ж.

Катталган регионалдык филиалдардын  саны: 74

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Борбордук аткаруу комитети

 

 

«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш маалыматтары

 

Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. №205

Байланыш телефону: 996 (500) 555 000; E-mail: onuguu@inbox.ru

Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Чүй пр. №205

Интернеттеги байланыш тармактары: https://www.facebook.com/onuguuprogresskg

Расмий сайт: https://onuguu.info/

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны): Торобаев Бакыт Эргешевич

1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин  бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист». Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган. 1998-1999-жылдары  айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак»  дыйкан чарбасынын төрагасы.

2000-2007-жылдары  «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору.

2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри. 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

2013-жылдын 25-апрелинен баштап  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы.

2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.  «Ардак»  төш  белгисинин ээси. Үй-бүлөлүү, беш  баланын  атасы.