Шаардык кеңештердин тизмеси > Баткен шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскартылган аталышы: «Бутун Кыргызстан».

ЮЖБРге катталган күнү:

Алгачкы катталган күнү:1-декабрь,2006-жыл.

Кайрадан катталган күн: 28.01.2016-жыл.  Саясий партияны ачуу жолу:  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик башкарууга аралашып жаткан, максаты жана идеясы бир, Кыргыз Республикасынын жарандарын бириктирүү.

Устав кабыл алынган күн: 

1-декабрь, 2006-жыл.

Каттоодон өткөн аймактык бөлүмдөр:

Ар дайым иштөөчү жамааттык башкаруу органы: Саясий кеңеш.

 «Бүтүн Кыргызстан» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

Байланыш үчүн маалыматтар: 0705 243 568.

Дареги: Бишкек ш., Турусбеков к., 109/1 2-кабат, 208-бөлмө,  «Максимум» СБ.

Телефондор: 0705 243 568; 0779 958 098.

Коомдук кабылдама: 0705 243 568; 0779 958 098.

Интернет желесиндеги байланыш:

Официалдуу сайт: Butun.kg

Саясий партиянын төрагасы

Мадумаров  Адахан Кимсанбаевич,  1965-жылы, 9-мартта Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун, Куршаб айылында туулган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, 2011-жылы 2017-жылы жана 2021-жылы Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

 Эмгек ишмердүүлүүгү:

  • 1985–1987 — Ош облусуна караштуу, Өзгөн районундагы «Кайнар» совхозунда жумушчу, «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасынын башчысы.
  • 1992–1994 — Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору.
  • 1992–1995 — редактор, башкы редактордун орун басары, Мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниянын жаштар берүүсүнүн башкы редактору.
  • 1995–2005 — Жогорку Кенештин үч чакырылышынын депутаты.
  • 2006- жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткарган.
  • 2006–2007 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
  • 2007–2008 — Жогорку Кенештин IV чакырылышынын төрагасы.
  • 2008–2009 — Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
  • 2013–2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин төрагасынын орун басары

2006 - 2021 – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

Башкаруучу органдар жана түзүм жөнүндө маалымат

Партиянын төрагасы                                         Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү       Алымкулов Мыктарбек Сатылганович

Финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү      Полотов Мирлан Шамшиевич

Офис-менеджер                                                   Алибаева Айгерим Абдижалиловна

 Саясий партиянын шайлоолорго катышуусу:

2010-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.

2015-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.

2017-жыл Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо.

2020-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо.