Шаардык кеңештердин тизмеси > Баткен шаардык кеңеши > "Ала-Тоо – кыргыз жери" Саясий партиясы

“Ала-Тоо – кыргыз жери” саясий партиясынын (мындан ары – Партия) баардык ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын калкынын бакубат жашоосун камсыз кылууга жана жакшыртууга, анын жарандык жана саясий укуктарын, коопсуздугун камсыз кылууга багытталат. Партия жарандардын көпчүлүк бөлүгүнүн, ошондой эле анын ичиндеги өзүнчө топторунун, алардын жарандык укуктарынын кынтыксыз корголуусун айкалыштыруу менен, элдин кызыкчылыгын коргойт деп ант берет.

Партиянын максаттары:

  • калктын белгилүү бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашыруу;
  • кыргыз элинин, мамлекетинин, маданиятынын жана тилинин сакталуусуна жана өнүгүүсүнө салым кошуу;
  • өлкөдө жарандардын турмуш-тиричилигинин жогорку сапаттын камсыз кылууга, дүйнөлүк экономикага бийик деңгээлде интеграцияланган атаандаштыка туруктуу экономиканы түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • мамлекеттүүлүктүн бекем негиздерин түзүүгө көмөк көрсөтүү, анын ичинде улуттук маданиятты сактоо, ачык-айкындуулук жана демократияны бекемдөө, калктын татыктуу жашоо тиричилигин камсыз кыла алчу рынок экономикасын андан ары өнүктүрүү, мыйзамдуу, адилетүү мамлекеттин социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле моралдык сапаттарды, партиоттуулукту кайра жаралуусун камсыз кылуу.
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген, экономикалык өнүккөн, укуктук демократиялык мамлекетти жана ачык коомду түзүүгө багытталган башка дагы максаттарды ишке ашыруу.

Партиянын милдеттери:

  • мамлекетти башкаруу иштерине төмөнкү формаларда катышуу:
  • Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана өз алдынча башкаруу органдарына өз талапкерлерин көрсөтүү:
  • өкүлчүлүктүү органдарда фракцияларды түзүү;
  • адамдын өнүгүүсүнө, мамлекеттин экономикалык потенциялынын бекемделишине, жарандардын абалынын өсүшүнө, Кыргызстан элинин табигый, маданий байлыктарын сактооого жана өркүндөтүүгө багытталган стратегияларды, программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • коомдун жана мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөгө, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусуна салым кошуу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын жана таламдарын изилдөө, анализдөө жана жалпылоо,

жаңы мыйзам долбоорлоруна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине сунуштарды киргизүү жолу менен калктын көпчүлүк бөлүгүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруу формаларын издөө:

  • Партиянын жетекчилик органдарына жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилигине сунуштоо максатында Партиянын кадрдык резервин даярдоо;
  • Жаштар менен багыттуу иштерди жургүзүү, аларды Партиянын жаштар саясатын ишке ашырууга тартуу;
  • Саясий туруктуулукту калыптандырууга, укуктук тартипти бекемдөөгө, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууга салып кошуу;
  • Өлкөдө жарандык тынчтыкты, улуттар аралык ымаланы, конфессиялар аралык кызматташууну, жоопкерчиликти бекемдөө;
  • Мамлекеттин тышкы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарын чыңдоого, башка мамлекеттер жана элдер менен кошуналык мамилелерди өнүктүрүүгө, өлкөнүн аброюн жана эл аралык иштерде ролунун жогорулашына салып кошуу;
  • Партиянын программалык документтеринен жана Уставынан келип чыккан башка дагы иштерди жүргүзүү.

Ишмердүүлүктөгү негизги багыттар:

  • Эркин тандап алуу аркылуу, өйдөдөн төмөнгө чейин, жогорку бийликтин регулярдуу алмашуусун, бийликтин бардык тепкичтеринин, анын ичинде сот жана укук коргоо органдарынын, тандалуусун камсыз кылуу;
  • Айыл чарбасын көтөрүү, ири адистештирилген эт, сүт, үрөн ондүрүүчү чарбаларды түзүү, аларды техника жана күйүүчү май менен камсыз кылуу;
  • Өлкөнүн өзүн өзү камсыз кылуусун, ата-мекендик өндүрүүчүнүн приоритетин орнотууну камсыздоо;
  • Сот бийлигинин реалдуу көз карандысыздыгын орнотуу;
  • Жарандык коомдун эркин өнүгүүсүн, жарандардын демилгесин колдоону жана бардык тепкичтерде жарандык өз алдынча башкарууну өнүктүрүү;
  • Муктаждарды колдоонун системасын түзүү, чиновниктер үчүн артыкчылыктарды жоюу;
  • Илимий ишмердүүлүктү, анын мамлекет жана жеке адамдар тарабынан каржылануусун колдоо;
  • Экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү, жаңы энергия булактарын изилдөөлөргө субсидия берүү;
  • Маданияттын эркин өнүгүүсүн камсыз кылуу.