Шаардык кеңештердин тизмеси > Кызыл-Кыя шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Партиянын максаттары жана милдеттери

Партиянын негизги максаттары - экономикасы күчтүү, социалдык багыттагы укуктук мамлекетти, эркиндик жана адилеттүүлүк принциптерине негизделген коомду куруу.

Партиянын милдеттери:

1) коомдун жана мамлекеттин саясий жашоосуна активдүү катышуу, шайлоолорго жана референдумдарга катышуу;

2) өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, аларды мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашыруу;

3) жарандардын ой-пикирин билдирүү, ой-пикирлерди коомдун кеңири катмарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жеткирүү;

 4) адамдын жана жарандын укутары менен эркиндиктерин камсыздоого көмөктөшүү.