«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы-жаңы форматтагы саясатчыларга, саясий көз карашына, динине жана улутуна карабастан, мекенибиз-Кыргызстандын, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү үчүн чыныгы патриотторунун биригишине мүмкүнчүлүк түзүүчү жаңы саясий күч.

          «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы - бул өзүлөрүнүн үстүнөн иштөөгө жана өзгөрүүгө даяр, өздөрүнүн мыкты версиясына айланган, ошондой эле биргелеше жаратман иштерге даяр болгон прогрессивдүү лидерлердин партиясы.

            Биз сиздер менен биримдикте Кызыл-Кыя шаарынын жаңыча жол менен куруу үчүн, сиздерди уга билип жана сиздер менен сүйлөшүү жолу аркылуу шаардын саясий турмушуна катышабыз!

           Биз лидерликти, жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбыз  жана башка саясий күчтөр менен бирдикте баарыбыз  сыймыктана турган мамлекетти курабыз.

           Биз партиянын максаттарына жетүүгө багытталган, өз ишмердүүлүгүн күн сайын жүргүзө турган узак мөөнөттүү кесипкөй саясий партияны куруп жатабыз.

           Сабатсыздыкты жана коррупцияны жок кылуу.

           Экономиканын өсүү жана өнүгүү жолун белгилоо.

           Билим берүү тармагына кош мамиле болбоо,

           Саясий партиянын жаштар уюмуна багыт берүү - биздин негизги приоритеттерибиз. 

           Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы катышкан шайлоолордун биринчиси 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо.