Кадамжай шаарын өнүктүрүү боюнча программа:

  1. Шаардын бюджетин сарамжалдуу пайдаланууга түздөн түз катышуу салып көрсөтүү. Бюджеттин аткарылышын элге жеткирүү.
  2. Шаардын тургундарына улуттук рухани, диний баалуулуктарды өнүктүрүү идеяларын колдоп, элге жеткирүү, алар менен тыгыз байланышта иш алып баруу.
  3. Шаарда сергек жашоо образын жайылтуу, массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүү менен жаштар, өспүрүмдөр арасында спорттук клубтарды ачуу жана уюштуруу.
  4. Жаңы коңуштарга медициналык жардамдарды көрсөтүү үчүн ФАП куруу жана аларды жабдууга көмөктөшүү.
  5. Шаарда жашаган мектепке чейинки жана мектеп курагындагы өспүрүмдөрдүн эсебин алуу менен алардын үзгүлтүксүз окуусуна, тарбия алуусуна, өзгөчө көнүл буруп көзөмөлдөө жана камсыз кылуу.
  6. Айыл чарбасын өнүктүрүүгө жаштарды жер, суу ж/б. ресустарын үнөмдүү пайдалануу менен “Жерге иштесен – жер сени багат” деген демилге менен жерлерди пайдалануу, иштетүү өздөштүрүүгө активдүү катышуу.
  7. Шаарда коомдук тартипти бекем сактоо максатында ички иштер кызматкерлери, коомчулук менен биргеликте иш алып баруу.

Үй-бүлөлүк жаштар, аялдарга карата болгон зордук зомбулукту алдын алуу менен уюштуруу иштерин жүргүзүү.