Шаардык кеңештердин тизмеси > Кадамжай шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Ыйман Нуру саясий партиясынын программасы

  1. Билим берүү тармагын өнүктүрүү

а) жаштарды билимге тартууга шыктандырган жаны долбоорлорду түзүү

б) шаардык китепканалардагы китептерди жанылоо

в) мектептер аралык олимпиадаларды уюштуруп, алдынкы окуучуларга акчалай сыйлыктарды берүү жана спонсор, мэриянын эсебинен эс алууларга жөнөтүү менен балдардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу

г) бүтүрүүчү класстарга адистиктерди туура тандоого шарт түзүү. Ар бир адистик боюнча маалыматтарды жайылтуу, университеттерге саякаттоо

д) мектеп жашындагы балдарга ыйман, спорт, бизнес ж.б. ушул сыяктуу тармактагы көрүнүктүү инсандар менен жолугушууларды уюштуруу

е) «бир адамдан бир китеп» аттуу акцияларды уюштуруу

ж) ата –энелер мектебин күчөтүү

  1. Шаарыбыздын бюджетин көтөрүү

а) шаардын аймагында иштеп жаткан ишканалардын (салык төлөгөн) баарын тактап, көмүскөдө калган салыктарды түшүрүү менен шаардын бюджетин көбөйтүү

б) чакан ишканаларды ачып, жумушчу орундарды түзүүгө шарт түзүү менен бюджетти көтөрүү

  1. Тазалык жана жашылдандыруу

а) шаардын аймагына чон шаарлардагыдай кылып таштандыларды ар бирин бөлүп таштоочу урналарды орнотуу. Ошону менен бирге элдерге таштандыларды туура таштоону түшүндүрүү

б) муниципалдык менчикте турган теплицаны ушул багытта иштетүү. Гул көчөттөрүн тигүү

в) шаардын айланасына жашыл, көрк берүүчү бак дарактарды отургузуу. «Бир адамдан бир көчөт» сыяктуу акцияларды уюштуруу.

г) шаардын аймагына заманбап мусор таштоочу жайларды көбөйтүү.

  1. Шаарды таза суу менен камсыз кылуу, канализация

а) жергиликтүү бюджеттен жана инвестиция тартуу жолу менен шаарды таза суу менен камсыз кылуу

б) шаардын аймагындагы агын суусу жок жерлерге агын суу тартып берүү менен таза сууну максаттуу пайдалануу

в) жергиликтүү бюджеттен  жана инвестиция тартуу менен канализация түтүктөрүн ремонттоо, жаныдан тартуу жана шаардын саркынды сууларын тазалоочу жайын ремонттон өткөрүү

  1. Жолдор жана тротуарлар

а) шаардын ичиндеги жолдорду республикалык жана жергиликтүү бюджеттен асфальттоо

б) тротуарларды заманбап таманташтар менен ондоо

в) жергиликтүү бюджеттен аткарылып жаткан курулуш иштерин катуу көзөмөлгө алуу

  1. Шаардын аймагына чакан ишканаларды куруу

а) чакан кайра иштетүү ишканасын куруу

б) россияда жургон жердештерди бир кесиптин ээси болуп, чакан бизнес ачууга чакыруу жана көмөк көрсөтүү

в) малинаны кайра иштетүү боюнча долбоор даярдап, экспортко чыгаруу учун тиешелүү министирликтерге сунуштоо.

  1. Жаны долбоорлор.

а) райондук жана облустук денгээлде иштеп жаткан жана жаны баштап жаткан бизнестердин укуктарын коргоп өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында бизнес акыйкатчы долбоорун демилгелөө

  1. Эс алуу учун шарт түзүү

а) шаардын аймагына шаардын жашоочулары жана коноктору үчүн эс алуучу жайларды куруу

б) балдарды ойнотуп, эс алдыруучу жерлерди ачуу