Партиянын аталышы: «Ынтымак» саясый партиясы

Ураан:  Өзгөрүү бизден башталат!  Калктын ЫНТЫМАГЫ ийгиликтин кепилдиги!

Саясий чагымчылдыкты токтотуу жана коомду бириктирүү аркылуу гана биз күчтүү жана ийгиликтүү шаар кура алабыз, калктын ынтымагы ийгиликтин кепилдиги. Ачыктык, чынчылдык, реалдуулук жана натыйжалуулук менен калк арасында ынтымак орнойт.

Шаарыбызда абдан көйгөйлүү маселелер көп, эң эле орчундуулары:

-жолдорду капиталдык ремонттон откоруп арыктарга латок орнотуу;

- жарыктандыруу;

-маданият ;

-дене тарбия жана спорт;

Бул маселелерди чечүүгө аракеттер көрүлүп келген, бирок иреетүү түрдө жергиликтүү жамаат менен биргеликте негизги приоритеттүү көйгөйлөрдүн чечилишин ачык жана темирдей тартиби менен чечүү жолдору аныкталбай келген.

Депуттардын ар бири берген убадаларды карап чыгып алардын аткарылышы боюнча жеке пландарын бекитип, коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынуучу коомдук баалоо системасын киргизебиз.

Аткаруу бийлиги болгон  мэриянын планын бекитип, коомчулукка жарыялап, ал пландын аткарылышын элдин ачык баалоо системасынын негизги көрсөткүч катары киргизебиз. Шаардын ар бир тургуну түздөн түз мэриянын ишмердүүлүгүн баалоо системасын киргизүү бүгүнкү күндүн талабы.

Кагаз бетиндегини иш жүзүнө өткөрчү механизмди биз ишке киргизебиз!

Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты кылдаттык менен талдоодон өткөрүү жана коомдук талкуудан өктөрүү күндүн талабы, бул талапты биз толугу менен аткарабыз.

Жогоруда аталган программага экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу максатында, ресурстарды пайдалануу менен биргеликте бизнес долбоорлорду иштеп чыгып, жаңы ишканаларды түзүүгө толук шарт түзүп беребиз.

Шаардын таза суу жаатында, жолдор тармагында, билим берүү маселелери, тазалык менен камсыздоо, муниципалдык кызмат көрсөтүү жагынан тийиштүү стандарттарга жооп берүүсүн көзөмөлгө алабабыз

Жашыл экономика механизмдерин ар бир экономикалык долбоорлордо камтуубуз зарыл.