Шаардык кеңештердин тизмеси > Токмок шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы - жаңы форматтагы саясатчыларга, саясий көз карашына, динине жана улутуна карабастан, мекенибиз – Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү үчүн, бүтүндөй өлкөнү жана өлкөнүн бардык чыныгы патриотторунун биригишине мүмкүнчүлүк түзүүчү жаңы саясий күч.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы - бул өзүлөрүнүн үстүнөн иштөөгө жана өзгөрүүгө даяр, өздөрүнүн мыкты версиясына айланган, ошондой эле биргелеше жаратман иштерге даяр болгон прогрессивдүү лидерлердин партиясы.

Биз сиздер менен биргеликте өлкөнү жаңыча жол менен куруу үчүн, сиздерди уга билип, жана сиздер менен сүйлөшүү жолу аркылуу  өлкөнүн саясий турмушуна катышабыз! Биз лидерликти, жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбыз  жана башка саясий күчтөр жана өлкөнүн бардык жарандары менен бирдикте баарыбыз  сыймыктана турган мамлекетти курабыз.

Биз партиянын максаттарына жетүүгө багытталган, өз ишмердүүлүгүн күн сайын жүргүзө турган узак мөөнөттүү кесипкөй саясий партияны куруп жатабыз. Өлкөнүн бардык аймактарында жаштар бөлүмдөрү түзүлүп, квартал сайын жыйындар өткөрүлүп, ай сайын отчеттор берилип турат. Партиянын алдында мыйзам чыгаруу ишин ар тараптан жүргүзүү үчүн атайын бөлүмдөр түзүлүп, калк менен идеологиялык иштер жүргүзүлөт. Ар бир жаран патриот боло алат жана болушу керек.

2021-2025-жылдарга «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын программасындагы үч негизги артыкчылык:

 Сабатсыздыкты жана коррупцияны жок кылуу.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын бардык мүчөлөрү атайын даярдыктан өтүшү керек, билимсиздик жана коррупция өлкө жана жалпы эл үчүн эң чоң жамандык жана коркунуч экендигин, жана аны жоюунун бирден бир жолу - бул билим деңгээлин, маданиятты жана адептүүлүктү жогорулатуу керек экендигин сезе билиши керек. Партиянын бардык мүчөлөрү / бардык Кеңештердин депутаттыгына талапкерлер этика кодексине кол коюшу керек жана өлкөнүн негизги / жергиликтүү телеканалдары аркылуу  ата-энелеринин, балдарынын, туугандарынын, досторунун, кесиптештери жана партиялык жетекчиликтин алдында ант берүүсү зарыл.

2021-2022-жылдарга арналган иш-чаралар

  1. «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка ар бир талапкерди, партиянын лидерлери, анын ичинде Тольбаев Бабыржан, ошондой эле башка тажрыйбалуу адистер жана насаатчылар партиянын көз карашын, миссиясын, баалуулуктарын жана максаттарын түшүнүүгө үйрөтүшөт. Ар бир депутат жеке жана кесиптик өсүү жана өнүгүү планын иштеп чыгышы керек;
  1.  Кеңештин депутаттыгына (айыл, шаар, Жогорку Кеңеш) талапкер болгон ар бир адамдын ачык-айкын жана кесипкөй ишмердүүлүгү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүгү бар. Биз, өткөндү артка калтырып, алдыга карап иштей баштайбыз. Мындан ары биз жаңыча кызмат кылып жана жаңыча жашамакчыбыз.
  1. c. Партиянын бардык мүчөлөрү коррупциянын бардык түрлөрүн: паракорчулук / пара берүү/алуу, жең ичинен сатып алуу, кызыкчылыктардын кагылышы, непотизм, тууганчылык, фаворитизм, трайбализм / жердешчилик жана башка бардык формаларын билишет. Алар коррупция менен тийиштүү түрдө күрөшүшөт, мисалы: кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда (эгерде партиянын мүчөсүнүн тууганы же досу конкурска / тендерге катышса), анда талкууга катышуудан баш тартуу керек жана андан ары чечим кабыл алуу.
  1.  Өлкөнүн алдыңкы партияларынын бири катары биз күч түзүмдөрүнөн баштап бардык мамлекеттик органдарга иштөөнүн мыкты механизмдерин киргизебиз.
  1.  ϴз партияларын жаңыртууну каалаган башка партияларга тажрыйбабызды кубануу менен бөлүшөбүз.

Ата-Журт Кыргызстан партиясынын коррупцияны азайтуу багытындагы ишинин көрсөткүчтөрү:

Коррупцияны кабыл алуу индексинде:

Рейтинг "мыкты" - 5 жылдан кийин Кыргызстан рейтингде 50-орунда турат.

Рейтинг "жакшы" - 5 жылдан кийин Кыргызстан рейтингде 70-орунда турат.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өлкөлөрдүн коррупциялык рейтингинде 126-орунда.

Эмне үчүн «Ата Журт Кыргызстан» партиясы буга жетишет?

  • Өлкөнүн жетекчилиги коррупцияга каршы күрөштү жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу милдеттеринин бири деп жарыялады. Ошол эле учурда, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин арасында өзүнүн кесиптик даярдыгын жана ачык-айкын ишмердүүлүгүн көптөгөн жылдар бою мыкты натыйжалар менен далилдеген белгилүү инсандар бар. Бул жөн гана убакыт маселеси. Убакыттын өтүшү менен, команда ар дайым өзүнүн лидерлеринин чагылдырылышы болуп калат.
  • Ири уюмдардын ишин түзүү жана куруу боюнча чыныгы тажрыйбабыз бар. Кантип натыйжалуу команда түзүп, анын ичиндеги коррупциясыз жаратман корпоративдик маданиятты камсыз кылууну билебиз. Бизде жөн гана коррупцияга жол жок.
  • Көпчүлүк ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү ашыкча бюрократиянын жана коррупциянын айынан олуттуу жоготууларга учурап жатышат жана биз буга чечкиндүү чекит кое алабыз.

 Экономиканын өсүшү жана өнүгүшү

«Экономикалык өсүш - бул элдин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн өлкөдө өнүгүшү керек болгон эң маанилүү багыт».

Төмөнкүлөр болбосо экономикалык өсүш мүмкүн эмес:

а)  мамлекеттик жана сот органдарындагы коррупцияга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү;

б)  жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо;

в) өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүү;

г) ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн стимулдаштыруучу тутумдарды киргизүү (салык механизмдерин түзүү жолу менен);

д) мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу.

Иш-аракеттер:

  1. Капиталды легалдаштыруу (капиталдык мунапыс), ошондой эле капиталды жана мүлктү декларациялоону жана көзөмөлдөөнү санариптештирүү. Жакшы демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу, начар аткаруучулар / менеджерлер тарабынан бузулуп жаткандыктан, реформа процесстеринин башында татыктуу, тажрыйбалуу, натыйжалуу иштеген жарандарды коюу;
  1. Патенттердин иш-аракеттердин формаларына жана чөйрөсүнө шайкештигине аудит жүргүзүү;
  1. Мамлекеттик аппаратты кеминде 30%га кыскартуу. Ошондой эле, бул, бизнести ашыкча жана акталбаган текшерүүлөрдөн коргоого жардам берет;
  1. Чет өлкөлүк менчик капиталы үчүн чет өлкөлөрдө сот институттарын менчик укугунун кепилдиги катары киргизүү;
  1. 2005-2010-жылдардан баштап инвесторлордун мүлктүк укуктары бузулган бардык учурларда аудит жүргүзүү жана бул укуктарды артка кайтаруу;
  1. Өлкөнүөнүктүрүүнүндеталдуупланыништепчыгууүчүнбиргелешкенөнүгүүплатформасынтүзүүүчүнокумуштууларды, экономисттерди, аркайсытармактынтажрыйбалууадистерин, ошондойэлебашкасаясийкүчтөрдүтартуу;
  1. ЕАЭБбергенатаандаштыкартыкчылыктарынталдап, өлкөдөжумушорундарынтүзүүгөжанаэкспорттункөлөмүнкөбөйтүүгөбагытталган 5-10 долбооргосынакжарыялоо. Жеңүүчүлөрарбир 2 жылсайынпрогресстүүөсүштүбаалооменен 4 жылгасалыктарданбошотулат.

 

Ата-Журт Кыргызстан партиясынын экономикалык өсүү жана өнүгүү багытындагы ишинин көрсөткүчтөрү:

«Мыкты» баа:

1) Сапаттык көрсөткүч - негизги саясий партиялар / күчтөр биригип, 2021-2040-жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн планын иштеп чыгышты. Саясий күчтөр мыкты адистерди жумушка тартып, мамлекеттик кызматта меритократия принциби боюнча иштөөгө чыныгы адистерди кабыл алат;

2) Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 10% га чейин төмөндөйт (көмүскө экономиканын учурдагы деңгээли 23% дан 43% га чейин);

3) Мыйзам чыгаруу ишинин жигердүү жана кесипкөйлүгү көрүнүктүү натыйжаларды берет. 2022-жылдан баштап жылына кеминде 8% экономикалык өсүш.

Эмне үчүн “Ата Журт Кыргызстан” партиясы буга жетишет?

Партиянын квалификациясын жогорулатуу,  партиянын лидерлеринин бири -  чоң менеджердик жана насаатчылык тажрыйбасы бар (20 жылдан ашык) Тольбаев Бабыржан Латихановичке тапшырылган. Кыйынчылыктарга, глобалдык кризистерге жана өлкөнүн тобокелдиктерине карабастан, ал, куруу  мүмкүнчүлүгү менен  чоң ийгиликтерге жетишти, анын ичинде:

  • Лидерликтин жана кесипкөй сапаттардын аркасында 13 жыл ичинде 10 адамдан турган чакан компаниядан, ал команда менен бирге Кыргызстандагы эң ири каржы институтун курду;
  • үч мамлекетте (Кыргызстан, Россия, Азербайжан) ийгиликтүү компаниянын күчтүү жана ийгиликтүү командасынын натыйжалуу жана координацияланган ишин курду;
  • Кыргызстандын тарыхындагы ири жеке инвестициялардын бирин (100 миллион АКШ доллары) өлкөнүн каржы секторуна тартты;
  • Исламдык Терезеге биринчилерден болуп лицензия алып, Кыргызстанга каржылоонун исламдык принциптерин киргизди. Талыкпаган эмгектин аркасында компания бүтүндөй КМШ аймагында исламдык принциптердин алкагындагы бүтүмдөрдүн саны боюнча лидер болуп калды.

Ошондой эле, ал билими менен бөлүшүп, жакшылыкты жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын үстүнө, бул адамдарды өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө түрткү берет жана шыктандырат.

  • Тольбаев Бабыржандын демилгеси менен бүтүндөй Кыргызстан боюнча социалдык-экономикалык жактан маанилүү жана билим берүүчү көптөгөн долбоорлор түзүлдү. Долбоорлордун катарында: «Апаке» КФ, «Азиздер  Федерациясы» КФ,  «Азия Гол футбол клубу» КФ,  «Балдардын Футбол Лигасы» КФ, ошондой эле өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган семинарларды жана насаатчылык мектептерин өткөргөн Билим берүү Академиясы бар. Ошондой эле анын демилгеси жана колдоосу менен эл аралык "Мол Булак Куз Деми" марафондоруна жана башка  билим берүү, искусство, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, айыл чарба, эне жана бала, маалыматтык технологиялар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам (ЛОВЗ), ж.б.у.с. 80ден ашуун долбоорлорго демөөрчүлүк көрсөтүлдү.
  1. Билим берүү.

Биз, билим берүүдө башталгыч жана орто билим берүүгө басым жасайбыз. 9-класстык билим милдеттүү болуп саналат. Инфраструктуралык көйгөйлөрдөн тышкары, булар негизи болбошу керек, (мектептердин ремонту ж.б.у.с.), негизги көйгөй - компетенттүү мугалимдердин жетишсиздиги. Бул маселени каржылоо, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жолу менен кошумча каражат бөлүү аркылуу мүмкүн болот.

Иш-аракеттер:

  1. "Жаш мугалим" программасын түзүү жана долбоорду Кеңеш менен Өкмөттүн деңгээлинде алып чыгуу.

Мамлекеттик педагогикалык университеттерде жок дегенде бирден мектеп барар бир айылга квота түзүү. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн бюджеттик негизде жумушка орноштуруунун жана ротациялоонун борборлоштурулган тутумун 4 жылдан 5 жылга чейин ким өөнөткө алыскы айылдардан келген мугалимдерге кошумча акы төлөө менен, андан ары квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнтүзүү;

  1. Мугалимдердин иш процессинен бюрократиялык механизмдерди алып салуу. Мугалим жумуш убактысынын 98% ын окуучуларды окутуу менен алектенип, отчетторду жана башка билим берүүчү процедураларды даярдабашы керек;
  1. Мугалимдердин статусун көтөрүү жана айлык акыларды жана сыйлык акыларды жогорулатуу боюнча расмий тутумду киргизүү. Ай сайын кирешенин кеминде эки эсе өсүшү;
  1. Окуучулардын жетишкендиктери үчүн мугалимдерди борборлоштурулган мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы боюнча сыйлоо;
  1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө стимулдарды берүү жана мектепте тамак берүү жана мамлекеттик субсидиялар менен камсыз кылуу;
  1. ЖОЖдорду аттестациялоо жана коррупцияны жоюу. Коомдо дипломду сатып алууга болот деген түшүнүк болбошу керек.
  1. ЖОЖдордобилимберүүнүреформалоо. Коррупциягакаршынатыйжалууөнөктүкөткөрүү. МурункукоррупциялыксхемаларгажоопиретиндебюджеттикорундаргаЖОЖдоргокабылалуунунборборлоштурулгантутумункиргизүү. Бюджеттикквоталар: БишкекжанаОшшаарларындагыЖОЖдоргокабылалуудаөлкөнүнмыктыбүтүрүүчүлөрүүчүн 70%, региондордонкелгенбүтүрүүчүлөрүчүн 30% .

Ата-ЖуртКыргызстанпартиясынынбилимберүүнүөнүктүрүүбагытындагыишининкөрсөткүчтөрү:

«Мыкты» баа:

1) Коррупциялык схемалар жоюлду. Накталай эмес төлөмдөр киргизилген.

2) "Жаш мугалим" программасын ишке ашыруу. Билим берүү кызматкерлеринин жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Борборун түзүү.

3) Мектепке чейинки, мектептик жана университеттик билим берүү программасын реформалоо.

4) Айыл мектептериндеги ЖРТнын жыйынтыктарын 30% га жакшыртуу. Жок дегенде, ЖРТнын жыйынтыктарынын тенденциясы оң жагына айланат.

Бул программа жандуу документ болуп саналат жана биргелешип иштөөгө кызыкдар болгон бардык саясий күчтөрдүн аракеттеринин биригүүсүнө жараша жаңылануусу мүмкүн / жаңыланат.

 Саясий партиянын жаштар уюму:

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын жаштар уюму түзүлүү үстүндө.

 Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы катышкан шайлоолордун биринчиси 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо.