Шаардык кеңештердин тизмеси > Кемин шаардык кеңеш > "Социал-демократтар" саясий партиясы

«Социал-демократтар» саясий партиясынын программасы

Биздин талапкерлер шаарыбыздын мындан аркы динамикалуу өнүгүшү, өркүндөтүлүшү жана анын кайра жаралышы үчүн болгон күч-аракетин жумшоого ниеттенүүдө. Азыркы учурда Кемин шаарынын өлкөбүздөгү эң ыңгайлуу шаарлардын катарына кириши үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Биздин партиянын талапкерлери Кемин шаарынын жашоочулары учун   чоң он тараптуу өзгөрүүлөргө  жемиштүү жана талыкпай эмгектенүүгө ниеттеништи. .

Биздин талапкерлердин негизги артыкчылыктуу милдеттери:

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Мугалимдерди жана тарбиячыларды коммуналдык кызматтар үчүн компенсацияны жогорулатууга үндөө менен. Бош батирлерди менчиктештирүүнун эсебинен , жаңы мугалимдерди тартуу , андан ары мугалимдерге өткөрүп берүү үчүн шарттарды түзүү. Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу. Дарыгерлердин өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жаңы дарыгерлерди тартуунун ачкычы болот. Практика көрсөткөндөй, муниципалитет оорукананын өзүнө пайдаланууга өткөрүп берүү учун медициналык жабдууларды өркүндөтүүгө гранттарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дыйканчылык үчүн шарттарды жакшыртуу. Бүгүнкү күндө дыйкандар толугу менен өзүнө гана көз каранды. Биздин талапкерлердин милдети – дыйкандарга үрөн жана жер семирткичтерди себүүдө жеңилдетилген шартта жардам берүү. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына жаңы технологияларды киргизүү үчүн адистерди тартуу. Дыйкандарды жана калкты сугат суусу менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү. Сугат тутумун өнүктүрүү.

Коммуналдык кызматтар. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу. Калк үчүн адилеттүү тарифтерди белгилөө. «Таза суу» долбоорунун алкагында, суу түтүктөрүн жаңылоого биринчи траншты алгандан кийин,  келишимдегилердин  ишин көзөмөлгө алуу. Шаардын канализация тутумун жаңыртып, тазалоочу жайды куруу.

Кемин борборундагы Каракол кочосу,  Бишкек Торугарт трассасын иретке келтирүү.

Кеминди газдаштыруу боюнча өкмөт жана «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Жаштар. Жаш муун жана жаштар үчүн шарттарды түзүү. Жаштардын жана жаш муундардын эс алуусу жана өнүгүшү үчүн ар кандай аянтчаларды ачуу. Толук кандуу жаштар борборунун ачылышы.Ден-соолукту чыңдоо үчүн спорттук аянтчалардын жана залдардын ачылышы.

Социалдык маселелер. «Жакыр» категориядагы тизмелерди кайра карап чыгуу. Жолок пул  жана гуманитардык жардамдарды акыйкат жана ачык бөлүштүрүү.

Тургундардын экономикалык коопсуздугу. Инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен Кеминдин жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатуу. Жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу. Көчөлөрдүн беттерин  асфальттоо, Кеминдин көчөлөрүн борбордон ашуу базага  жана Нур кичирайонуна  чейин жарыктандыруу. Сугат арык тутумун, заманбап балдар аянтчаларын алмаштыруу, сейил бакты реконструкциялоо, үй-бүлөлүк эс алуу үчүн жаңы аянтчаларды ачуу.