Шаардык кеңештердин тизмеси > Кемин шаардык кеңеш > "Эмгек Партиясы" саясий партиясы

Жүрөгүмдө  – Кыргызстан!

Биздин партиянын принциптери: эмгек жана билим – өлкө жыргалчылыгы үчүн!

Биздин өлкөнүн акылман жана ар улуттуу эли талыкпаган эмгегинин аркасында гана туруктуулукка жана өнүгүүгө жете алаарына биз ишенебиз!

Партиянын негизги максаттары:

  1. Кыргызстанда мыйзамдын устомдугу жана сабырдуулук, социалдык адилеттуулук, мумкунчулуктордун бирдейлиги, жоопкерчиликтин, эркиндиктин принциптери менен жарандык коомду жана укуктук мамлекеттуулукту бекемдоо.
  2. Социалдык нукка багытталган натыйжалуу рынок экономикасын туптоо.

Партиянын тапшырмалары:

  1. Саясий туруктуулуктун, укуктук тартиптин бекемделишине кол-кабыш кылуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык адилеттуулук менен жашоо денгээлинин которулушун камсыздоо.
  2. Коомдун жана мамлекеттин онугуусунун программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашуусун камсыздоо.
  3. Мамлекеттик жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы мыйзамдарынын аткарылышына салым кошуу.
  1. ЭКОНОМИКА

Кыргызстандын экономикалык абалы, анын көрсөткүчтөрү бири-бирине каршы бойдон калууда. Өлкөнүн өнүгүү жагында жетишкендиктери менен жарандардын чыныгы жашоо шарттарынын  ортосундагы ажырым социалдык абалды курчутуп, бийликке болгон ишенбөөчүлүктү күчөтүүдө. Көз карандысыздыкка ээ болгон  мезгил ичинде биз дале болсо өзүбүздүн экономикалык өнүгүү моделибизди түзө алган жокпуз.

Бул багытта биз жагдайды өнүгүү жагына чындап өзгөртүү үчүн бардык экономика субъекттери менен тыгыз иш алып барабыз. Ар тараптуу жана комплекстүү колдоолор көрсөтүлөт, тармактарды башкаруунун заманбап натыйжалуу ыкмалары, жаңычыл ыкмалар жана принциптер колдонулат.

  • Элдин иш менен камсыз болушу – партиянын негизги иш багыты

          Ашыкча жумушчу күчү – Кыргызстанда эмгек рыногунун негизги өзгөчөлүгү.  

Жыл сайын 70 миңден ашык кыргызстандык жаштар ишке жарамдуу куракка жетишет. Алардын санынын өсүшү жумуштуулуктун өсүшүнөн 2 эсеге ашкан.

 Мамлекет бүтүндөй системанын аталган звенолорунун иштеши үчүн координатор, алкактык шарттарды түзүүчү катары болууга тийиш.

Бул маселелерди чечүү үчүн биз түп тамырынан бери экономикалык өзгөрүүгө түрткү берген, мыйзам чегиндеги, салыктык, административдик, инвестициялык, финансы-кредиттик жана башка чаралар топтомуна таянабыз, алар түпкүлүгүндө келип жумуштуулукту камсыз кылууга жана эмгекчинин социалдык жактан коргоого алынышына өбөлгө түзөт.

  • Региондордо негизги тармактардын өнүгүшү жана жумуш орундарынын көбөйүшү

Биздин партиянын биринчи кезекте аткарылуучу милдеттеринин бири  – айылдык эмгек рынокторунун экономикалык ыңгайлуулуктары үчүн шарттарды түзүү! 

Айыл чарбанын өнүгүшү региондордо калктын жумуштуулугун жогорулатууга жана жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган бардык аракеттердин  негизи болууга тийиш.

  • Өнөр жай

        Кыргызстандын экономикасын түп тамыры менен кайра өзгөртүүнүн негизин айрым тармактар менен катар эле, жеңил өнөр жайын калыбына келтирүү жана сактоо түзө  тургандыгына  Партия ишенет. 

Партия мындан тышкары дагы келечекте Кыргызстандын бардык өнөр жайы чийки заттарды өндүрүүдөн тартып, даяр буюмдарды жасоого чейинки максималдуу жыйынтыкталган экономикалык циклга айлануусу үчүн мыйзамдык, салык-бюджеттик, инвестициялык жана башка чөйрөлөрдө бардык аракеттерин көрөт.

Биздин  бренд – өндүрүш үчүн өндүрүү!

  • Чакан жана орто бизнес

Жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүшкө, социалдык туруктуулукка жана рынокту товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен каныктырууга өбөлгө түзгөн, орто жана чакан бизнести иш жүзүндө колдоо мамлекеттик саясаттын негизги багыты болууга тийиш.        

Бул максатта партия төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- жарандарды социалдык колдоонун (көбүнчө жеңилдетилген шартта кредиттөө аркылуу) мамлекеттик жана регионалдык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- жарандарга маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, бизнес ачуу жана аны жүргүзүү үчүн жайларды жана зарыл жабдууларды издөөдө жардам бере турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  маалыматтык- консультациялык жана юридикалык борборлорун ачуу; 

«Эмгек Партиясы» саясий партиясы натыйжалуу, ачык жана түшүнүктүү кылуу менен лицензия-уруксат берүү саясатын жеңилдетет.    

  1. II. СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ

 

  • Билим берүү жана Илим

          Билим берүү жана илим өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүндө маанилүү роль ойногон адам капиталын түзөт.  

Ошону менен бирге эле, билим берүү системасы коомдун активдүү мүчөсүн, жоопкерчиликтүү жаранды жана ийгиликтүү кесипкөй адисти даярдоого багытталган.

Партия мындан тышкары дагы өз аракетин педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборлорун калыбына келтирүүгө жумшап, мыкты педагогдорду чет өлкөгө такшалууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн издейт.

  • Кесиптик билим берүү

Акыркы эки он жылдыкта өндүрүш көлөмүнүн төмөндөөсү өнөр жай ишканаларынан квалификациялуу кадрлардын кетүүлөрү менен коштолгон.

Кыргызстандын эмгек рыногунда квалификациялык кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу жагдай орун алган, бул жаңы продукциялардын өнүгүшүн токтотот. Өндүрүштүк чөйрөнүн артта калышы жана заманбап иш шарттарынын жоктугу жаштардын өндүрүшкө иштөөдөн баш тартууларын шарттоодо.

Ошондуктан заманбап учурда экономиканын артыкчылыктуу багыттары үчүн квалификациялуу жумушчу кадраларды жана орто звено адистерин даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну караган, кесиптик билим берүү системасынын ролу кескин өсүүдө.

          Жаңы жумуш орундары квалификациялуу кадрлар менен камсыз болууга тийиш! 

  • Экология

Айлана чөйрөнүн жагымдуулугу кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү баалуулук болуп саналат. Бул чөйрөгө адамдын  кысым көрсөтүүсүнө жараша экологиянын мааниси өсөт. 

Табиятка аяр мамиле жасоо жана жогорку деңгээлдеги экологиялык стандарттар  ар бир кыргызстандык үчүн жашоо нормасы болууга тийиш. Өз Мекенине зыян келтирбестен, аны урматтап, сүйө билүү керек.  

Жердештерибизди ушул норманы сактоого тарбиялоо үчүн партия төмөнкүлөргө күч аракетин жумшайт: 

- келечек муундар үчүн Кыргызстандын экономикасы менен экологиясынын ортосунда тең салмактуулукту издөө жана  жайылтуу;

- Марко Поло тоо эчкилеринин, илбирстин тукумун сактоо жана көбөйтүү, мөңгүлөрдү, көлдөрдү, жаңгак-жемиш токойлорун сактоо ж.б.у.с  конкреттүү көйгөйлөр боюнча атайын программаларды түзүү жана ишке ашыруу;

- гидроэнергетикалык объекттерди курууда жана тоо кен өндүрүшүн өнүктүрүүдө экологиялык стандарттардын сакталышына көбүрөөк көңүл буруу зарыл. 

  • Дене тарбия жана спорт

        Өлкөдө дене тарбия жана спорттун массалык жайылтылышы болгону   6-7% пайызды түзөт, бул элдин генофондунун коопсуздук деңгээлинен   (15%) төмөн. Аскердик же ага чейинки курактагы жаштардын жарымынан көбүрөөгү физикалык даярдыктан өтүү боюнча нормаларды аткарышпайт. 

Жарандарга туура жашоо негизине шарттарды түзүүнү, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, кыргыз спортунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну партия өзүнүн биринчи орундагы максаты деп эсептейт

III. ЖЕРГИЛИКТУУ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР

Бугунку кундо туруктуу аймактык онугууго жетишуу учун жергиликтуу жамааттардын ролу чон: жергиликтуу жамааттардын озгочолукторун эске алуу менен мамлекеттик жана оз алдынча башкаруу органдарынын оз ара макулдашкан иш аракеттеринин негизинде тузулгон жана ишке ашырылган муниципалдык саясат онугуунун чечуучу фактору болот.

Муниципалдык саясат адамга жугумдуу болуп, калктын жыргалчылыгына туздон-туз таасир этуу менен бирге жергиликтуу жамааттардын экономикалык жана социалдык жактан туруктуулугун камсыздайт.

“Эмгек Партиясы” саясий партиясы Кемин шаардык кенешине отсо социалдык адилеттулукко негизделген демократиянын принциптерин жетекчиликке алат жана томондогудой иштерди аткарат:

  1. Кемин шаарын суу менен камсыздоонун жаны системасын тузуу менен бул чойрого тиешелуу бардык иштерди козомолго алат.
  2. Инвесторлорду тартуу:
  • чакан жана орто ишкердикти жургузуу учун жагымдуу шарттарды тузот.
  • жеке жана муниципалдык ишканаларды ачуу менен жаны жумушчу орундарды тузот.
  1. Уй куруу учун жер аянттарын сурап кезекте турушкандар учун корулуучу иш чаралар:
  • кобуроок сандагы адамдардын жер аянттарына ээ болуусуна шарт тузуу учун болунуп берилуучу жер аянттарынын олчомун азайтуу.
  1. Кемин шаарынын тазалыгына кам коруу иш чаралары:
  • Кемин шаарын таштандылардан арылтуу (Кемин шаары боюнча мыйзам бузуучулукка каршы комиссиянын ишин жандандыруу аркылуу ар бир турак уйдун жанында жаткан кум, шагыл, таш сыяктуу курулуш материалдарын кочо четинен алдыруу).
  • Кемин шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды сорттоо системасын жакшыртуу.
  • уйлордон таштандыларды чыгаруу учурунда таштандыларды дароо сорттоо ыкмасын киргизуу.
  1. Кемин шаарындагы парктын курулушун аягына чыгаруу жана жабдуу.
  2. Балдар жана мини футбол аянтчаларын курууну улантуу.
  3. Шаардын туристтер тарабынан кызыгуусун арттыруунун устунон иш алып баруу.
  4. Калктын аялуу катмарын коргоо максатында материалдык жардам корсотууну жогорулатуу.
  5. Орто мектептердин мугалимдерине корсотулуучу материалдык жардамдарды кобойтуу жана окуучулардын туштонуусуно кетуучу каражаттын суммасын которуу.

Урматтуу мекендештер, жогоруда аталган бардык идеялар жана сунуштар биздин Мекенибиздин жыргалчылыгына арналган. Биз буга жалпы аракетибиз менен гана жетише алабыз, биздин бирдиктүү максат – биргеликте, талыкпас эмгек менен Кыргызстандын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө жетишүү