Шаардык кеңештердин тизмеси > Кемин шаардык кеңеш > "Кыргызстандын Элдик Патриоттук "ТЫНЧТЫК" партиясы" саясий партиясы

Биз программанын төмөнкү максаттарын ишке ашырууга даярбыз жана  жоопкерчиликтүүбүз:

  1. Жаны жумуш орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнести, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
  2. Шаарыбызды жана айылдарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бюджетти натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлдөө.
  3. Суу түтүктөрүн жана канализация тутумдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү.
  4. Муниципалдык жолдорду капиталдык оңдоо жана көчөлөргө жарык берүү.
  5. Паркты реконструкциялоо (тосмо, оюн аянтчаларын орнотуу, жашылдандыруу, ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү, сейил бакты жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерди орнотуу).
  6. Шаардык бассейинди калыбына келтирүү.
  7. Жаш үй-бүлөлөргө жеке курулуш үчүн жер тилкелерин берүү үчүн

шаардын башкы планын иштеп чыгуу жана даярдоо.

  1. Шаарды көрктөндүрүү максатында, турмуш-тиричилик таштандыларын чогултууну жана жок кылууну, жаңы аймактарга кошумча таштанды контейнерлерин орнотууну уюштуруу.
  2. Ирригациялык тармактарды капиталдык оңдоо, күнүмдүк жөнгө салуу бассейинди тазалоо.
  3. Дыйкандарга жеңилдетилген шартта үрөн, жер семирткичтер менен камсыз кылуу, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
  4. Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү, шаардын кире беришине жана коомдук жайларга санарип видеокамераларды орнотуу.
  5. Эски шаардык кенештин иматарын жаштар борборун, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин жана башка коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында капиталдык ремонттон өткөрүү.
  6. Балдар үчүн кошумча спорттук секцияларды, өнүгүү ийримдерин ачууга жардам берүү.