Шаардык кеңештердин тизмеси > Орловка шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Азыркы учурда Орловка шаары биздин мамлекетте эң ыңгайлуу шаарлардын катарына кирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биздин талапкерлер, жаш курактарына байланыштуу, шаар тибиндеги конуштун гүлдөп өнүгүү мезгилин, кулаганын, кайра жаралуусун  коруп калышты жана шаарыбыздын мындан аркы динамикалуу өнүгүшү жана өркүндөтүлүшү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшаганга ниеттендик.

Биздин талапкерлердин негизги артыкчылыктуу милдеттери:

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Мугалимдерди жана тарбиячыларды коммуналдык кызматтар үчүн компенсацияны жогорулатууга үндөө менен. Бош батирлерди менчиктештирүүнун эсебинен , жаңы мугалимдерди тартуу , андан ары мугалимдерге өткөрүп берүү үчүн шарттарды түзүү. Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

Медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу. Дарыгерлердин өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, жаңы дарыгерлерди тартуунун ачкычы болот. Практика көрсөткөндөй, муниципалитет оорукананын өзүнө пайдаланууга өткөрүп берүү учун медициналык жабдууларды өркүндөтүүгө гранттарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Дыйканчылык үчүн шарттарды жакшыртуу. Бүгүнкү күндө дыйкандар толугу менен өзүнө гана көз каранды. Биздин талапкерлердин милдети - дыйкандарга үрөн жана жер семирткичтерди себүүдө жеңилдетилген шартта жардам берүү. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына жаңы технологияларды киргизүү үчүн адистерди тартуу. Дыйкандарды жана калкты сугат суусу менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү. Сугат тутумун өнүктүрүү.

Коммуналдык кызматтар. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу. Калк үчүн адилеттүү тарифтерди белгилөө.

ЖЧК Алтынкен менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу. Биздин алдыбызда «Алтынкен» ЖЧКсынын алдында жашоочуларыбыздын кызыкчылыктарын коргоо – ачык-айкын жумуш менен камсыз кылуу милдети турат. Муниципалитет үчүн социалдык пакет жөнүндө маселени жаңыртуу. Шаарды өнүктүрүүгө “Алтынкен” ЖЧКнын ар тараптуу катышуусу. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы тоо-кен компанияларынын өндүрүштүк иш-аракеттеринен экологияга таасирин контролдоо.

Жаштар. Жаш муун жана жаштар үчүн шарттарды түзүү. Жаштардын жана жаш муундардын эс алуусу жана өнүгүшү үчүн ар кандай аянтчаларды ачуу. Толук кандуу жаштар борборунун ачылышы.

Социалдык маселелер. «Жакыр» категориядагы тизмелерди кайра карап чыгуу. Жолок пул  жана гуманитардык жардамдарды акыйкат жана ачык бөлүштүрүү.

Тургундардын экономикалык коопсуздугу. Калктын өзүн-өзү камсыздоо жана өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү. Жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Инвестиция тартуу.

Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу. Бул Орловка шаарынын, Подгорное, Кашка айылдарынын көчөлөрун бетин асфальттоо, жарыктандыруу. Сугат арык тутумун, заманбап балдар аянтчаларын алмаштыруу, сейил бакты реконструкциялоо, үй-бүлөлүк эс алуу үчүн жаңы аянтчаларды ачуу.