• Аткаруу бийлиги ачык – айкын иш жүргүзүүсүн талап кылып, коомчулукка жеткирип туруу.
  • Шопоков шаарынын алдыңкы 2021-2025-жылдарга өнүгүү стратегиялык планын иштеп чыгып, ишке ашыруу үчүн аткаруу бийлигин милдеттендирүү.
  • Коррупциялык иштерди токтотуу үчүн, Шопоков шаарынын Архитектуралык түзүлүштөгү Генералдык планын кабыл алуу.
  • Шопоков шаарынын муниципиалдык жерлеринин, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнүн бирдиктүү Реестрин иштеп чыгып, инвентаризациядан өткөрүү.
  • Шаардык кеңештин сессиялары, аткаруу бийлиги мэрия тарабынан өткөрүлүүчү тендердик иш – чаралар видео тасмаларга тартылып, электрондук документация түзүүнү камсыздоо.
  • Шаар бюджетин кабыл алууда, максатсыз жумшалган статьяларга өзгөртүү киргизип, шаардын такталган инфраструктурасын өнүктүрүү.
  • Ири ишканалардын, юридикалык субьектердин салык төлөмдөрүн хронометраждык текшерүүдөн өткөрүү, шаар кызыкчылыгын коргоо.
  • Аткаруу бийлиги мэрия тарабынан берилүүчү миниципиалдык жерлерди катуу көзөмөлгө алып, Шаардык Кеңеш , Мэрия менен биргеликте көз карандысыз комиссия түзүү.
  • Жарандарга бир берилүүчү жер участоктору Комиссия тарабынан терең изилденип, биринчи кезекте мугалимдерге, медиктерге муниципиалдык кызматкерлерге, жаңы үй-бүлө курган жаштарга жана аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө бөлүштүрүү жагын көзөмөлдөп ишке ашыруу.
  • Эң көйгөйлүү болгон шаардын канализация жана ирригациялык системасын реконструкциялоо маселесин мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, проекттерди дайындоо.
  • “Республика” саясий партиясы  жыл сайын шаар тургундарына, коомчулукка, жасаган жумуштары боюнча отчёт берип турууга милдеттенет.
  • “Республика” партиясынын Шаардык Кеңештеги фракция лидери, ар бейшемби күнү шаар тургундарын көйгөйлүү маселелери боюнча кабыл алып, чечүү жолдоруна жардам берүүгө милдеттенет.

II

Инвестициялык акыбалды оңдоо.

 

  • Орто жана чакан бизнес секторун өнүктүрүп, жумуш орундарды ачуу үчүн жеке ишкерлерге шарт түзүү
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аткаруу бийлиги Мэрия жеке ишкерлер менен кызматташып, “МЖК” түзүүнү ишке ашыруу.
  • Аткаруу бийлиги менен инвесторлордун ортосунда түзүлгөн келишимдер так жана убагында аткарылышын көзөмөлгө алып, КРнын мыйзамдарын сактап, шаардын социалдык – экономикалык акыбалын жакшыртуу.
  • Шаарга инвестиция киргизген ишкерлердин, инвесторлордун мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын коргоо.

III

Билим берүү тармагын өнүктүрүү:

  • Шаардын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө көңүл буруп, колдоого алуу:
  • Партиянын саясий кеңеши менен биргеликте, шаар мектептерине “Билим Берүү Министрлиги” аркылуу Гранттык проектерди тартып келүү.
  • Англис тилин мектептерде өнүктүрүү максатында “Билим Берүү Министрлиги” менен кызматташып, чет элдик волонтерлорду тартып келүү.
  • Инновациялык технологиялык өсүүнү камсыздоо үчүн онлайн көпүрөлөрдү уюштуруу.
  • Мектептердин материалдык – техникалык базасын чыңдоо үчүн, шаар бюджетин кароодо олуттуу көңүл буруу.
  • Мугалимдерди колдоп, стимул берүү максатында “Жылдын мыкты мугалими” конкурсун уюштуруу.
  • Жеңүүчүгө жана байгелүү орундарга кеткен чыгымдарды Шаар бюджетине киргизүү.
  • Республикалык масштабда предметтик олимпиаданы уткан окуучуларга “Республика” партиясынын атынан каржылануучу Сертификатты тапшыруу.
  • “Республика” партиясынын Саясий Кеңеши аркылуу Кесиптик - Техникалык Лицейге, материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн колдоо көрсөтүү.
  • “Кесиптик Техникалык Лицейди” бүткөн окуучуларды жумуш орундар менен камсыздоо үчүн, ири ишканалар менен байланыштарды түзүү.

IV

Экология жана Жашыл шаар долбоору:

 

  • Шопоков шаарынын өнүгүү стратегиялык планына, шаарды жашылдандыруу программасын киргизүү.
  • Аткаруу бийлиги менен “Жашыл шаар” долбоорун иштеп чыгып, коомчулук, жеке менчик ишканалар менен биргеликте ишке ашыруу.
  • Шопоков шаарындагы ири ишканалардын экологиялык нормаларды сактап жаткандыгын көзөмөлгө алуу.
  • Шаардын тазалыгына чоң көңүл буруу.

V

Маданият, спорт жана жаштар маселеси.

 

  • Шопоков шаарынын тарыхын тастыктаган кичи энциклопедияны иштеп чыгуу.
  • Шаардын жаралышына жана өсүп – өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын Аллеясын куруу.
  • Маданий – руханий иш – чараларга бюджеттен жетиштүү каржы булагын бөлүштүрүү.
  • Маданият үйүнүн материалдык – техникалык акыбалын чыңдоо үчүн, Маданият Министрлиги менен иш алып баруу.
  • Спорттун түрлөрүн жандандырып, шаардык чемпионаттарды уюштуруу.
  • Жаштарды спортко тартуу максатында, спорттун түрлөрү боюнча секцияларды ачуу, машыктыруучуларга кеткен чыгымдарды Шаар бюджетине киргизүү.
  • 2021-2025-жылдар аралыгында, көп каражат талап кылбаган “СИП Панель” методу менен жабык Спорт зал курууну ишке ашыруу.

VI

Улуттар, этникалык топтор ортосундагы мамилелер жана диний

 агымдар.

  • Шаарыбыздын ар бир жараанын, улутуна жана диний көз карашына карабай, конституциялык укуктарын жана көз караштарын коргоого алуу.
  • Шаар тургундарынын рассалык, улуттук, диний көз караштарына басмырлоо жасаган аракеттерге катуу чара колдонуп, мыйзамдуу жазага тартуу.
  • Жергиликтүү бийлик дин өкүлдөрүнүн жүргүзгөн иш-чараларына аралашпоосун көзөмөлгө алуу.
  • Диний агымдарынын КР мыйзамдарынын так аткарып, радикалдык – экстремисттик иштерди уюштурууга тыйуу салуу.
  • Улуттар арасындагы ынтымакты сактоо:

“Республика”

 Олуттуу өзгөрүүгө – Алдыга жол.

Келечекти бирге куралы!