Шаардык кеңештердин тизмеси > Шопоков шаардык кеңеши > "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы

«Элди угабыз - Биз атакрабыз»

 «Биздин шаар өзүнүн жөндөмдүү экендигин бир нече жолу далилдеди,

ири долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү.

Мындай ийгиликтер ар дайым шаардын чыныгы потенциалын жаратып келген.

Бүгүн бизди шаарыбыздын тургундары үчүн, гүлдөп-өскөн, бакубат чөйрөнү курууга болгон жалпы каалоо бириктирип турат.

Биз шаарыбыздын, аны ийгиликтүү жана гүлдөп-өркүндөтө ала тургандыгына ишенебиз.

Бардык кыйынчылыктарды жеңе аларыбызга толук ишенебиз, эгерде биз адамдарды уга турган болсок!.

 " УРМАТТУУ ШОПКОВ ШААРЫНЫН ЖАРАНДАРЫ!

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Шопоков шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлерди көрсөтөт жана сиздерге, биздин жарандарга колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылат.

Биздин максатыбыз - Шопоков шаарын өнүктүрүү.

Эмне үчүн шайлоого баражатабыз?

  1. Биздин партиянын программасынын негизги пункту "жарык шаар долбоору", 2017-жылы шаарыбыздын жарыктандырылышы көчөлөрдүн 10% га жакынын гана түзгөн. 2017-жылдан 2020-жылга чейин биз 55% дан ашык көчөлөрдү жарыктандырдык. Бүткүл шаарды жарыктандыруу программабызды толугу менен ишке ашыруу үчүн, биз дагы бир аз көбүрөөк убакытты жана адамдардын колдоосуна муктажбыз. 2024-жылга чейин биз бул долбоорду ишке ашырып жана Шопоков шаарынын бардык көчөлөрүн жарык кыла алабыз.
  2. Бийликтеги адамдардын алмашуусун жана кадрлардын үзгүлтүксүз жаңылануусун камсыз кылуу. Бюджеттик каражаттарды ашыкча чыгымдарга чектөө, пайдасыз чыгымдарды токтотуу!
  3. Жарандарыбыздын жашоосу үчүн инфраструктураны түзүү. Парктарды, спорттук аянтчаларды, аллеяларды, тротуарларды ж.б.
  4. "ШААР" статусун чындап көтөрөбүз!
  5. Жолду оңдоо маселесин чечүү. Жолдорубуздун азыркы абалы кейиштүү абалда болгондуктан!
  6. Биз "Жашыл шаар" программасын жыл сайын жүзөгө ашырабыз, жылына 1000 даана көчөттөрдү отургузабыз.

Биздин партия жаңы структураны жана патриоттук аянтчаны түзүп жатат, анда анын ар бир колдоочусу шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымын кошот жана анын ар бир мүчөсү Шопоковдун келечеги үчүн жеке өзү жооп берет!

Бул максатка жетүү үчүн: адамдардын абийирдүүлүк менен иштөөгө жөндөмдүүлүгү жана каалоосу, ошондой эле шаарыбыздын өнүгүшүнө активдүү катышуусу керек !!!