Шаардык кеңештердин тизмеси > Кант шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

Урматтуу Кант шаарынын тургундары!

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күну, анын ичинде Кант шаардык кеңеши да бар. Шайлоо күнү ар бирибиз шайлоо тилкесине келип каалаган саясий партияга добуш бергенге бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Кайсы партияга добуш берүү бул сиздин гана эркиниз. Эч кимдин сизге кысым көрсөтүүгө укугу жок. Эч ким сиздин кайсы партияга добуш бергениңизди биле албайт.

"Социал-демократтар" партиясы Кант шаардык кеңешине шайлоого биринчи жолу аттанып жатат. Бирок ошого карабастан, Кыргызстанда партиялык системанын түптөлүшүнүнө "Социал-демократтар" партиясынын салымы чоң. 2019-жылы Атамбаевтин СДПК партиясы "Социал-демократтар" партиясын түптөдү. Ошондон тартып социалдык адилеттүүлүктү алга жылдыруу үчүн партиянын жаңы жолу башталды.

Биз, "Социал-демократтар" партиясы сиздердин конституциялык укуктарыңыздардын сакчылыгында дайыма боло беребиз. Бул үчүн биз Кант шаардык кеңешине аттанып жаткан учурубуз.

Биздин катарда жаш чыгармачыл инсандар, Кант шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошо тургандар, тажрыйбалуу жана абройлуу адамдар, өз ишинин эксперттери. Бул-жаш жана тажрыйбалуу юристтер, экономисттер, мугалимдер, дарыгерлер, журналисттер, ишкерлер. Биз, "Социал-демократтар" партиясы, жалпы коом турмушунун бардык секторлорунда адилеттүүлүк принцибин киргизүү үчүн шайлоого аттандык.

Саясий партиянын максаттары жана милдеттери:

"Социал-демократтар" партиясынын негизги максаты-экономикалык күчтүү, социалдык багыттагы укуктук мамлекетти куруу, эркиндик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерине негизделген коомду түзүү.

Партиянын милдеттери:

1) коомдун жана мамлекеттин саясий турмушуна активдүү катышуусу, шайлоолорго жана референдумдарга катышуу;

2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана аларды мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашыруу;

3) жарандардын пикирлерин билдирүү, бул пикирлерди жалпы коомчулукка, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткирүү;

4) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.

«Социал-демократтар» саясий партиясы «Кант - жашоо үчүн ыңгайлуу шаар!» аттуу аракеттер программасын сунуштайт:

МААЛЫМАТТАРДЫ АЧУУ

Биз муниципалдык жер тилкелерине ижарага берилген аукциондордун жеңүүчүлөрүнүн маалыматын ачыкка чыгарабыз. Эл, кайсы жерди, канча убакытка дүкөн, павильон ж.б. у. с. ижарага алгандардын ким экенин билиши керек. Ким гана болбосун ачык аукцион аркылуу жер участогун убактылуу пайдаланууга адилеттүү мүмкүнчүлүк алат.

БАЛДАР ҮЧҮН

Бала бакчаларды кайра кайтаруу. Ар кайсы мекемелерге берилген балдар бакчаларынын имараттарын кайтарып алууга жетишебиз. Кант шаарынын мэриясынын аппараты жана башка мекемелер бала бакчанын имаратында жайгашкан. Биз бардык мекемелерди имаратты бошотуу маселесин көтөрүп чыгабыз. Мекемелер райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында жайгаштырылышы керек. Бул демилгенин жыйынтыгында балдар бакчасынын бошотулган имараты шаардын бюджетинин жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен жабдылат жана балдарды кабыл алууга даяр болот.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ден соолугун жакшыртуу. Каникул учурунда балдардын эс алуусун уюштурууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларга, анын ичинде алардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана ден соолугун жакшыртуу боюнча иш-чараларга аракетибизди жумшайбыз.

Балдар аянтчалары.Кант шаарынын ар бир районунун үй алдындагы балдар оюн аянтчалары болот, аянтчалар бар жерде алар кайра жасалгаланат. Балдардын жаңыча ой жүгүртүүсүнө салым кошо турган аянтчалар болот. Аянтчалар балдардын курагына жараша болот.

Мектеп дааратканалар сапаттуу, жеткиликтүү жана коопсуз болот. Сасык, кир, тосмолордун жоктугу. Бул Кант мектептеринин ажатканалары. Биз окуучуларды жана мугалимдерди сапаттуу, жеткиликтүү жана коопсуз мектеп ажатканалар менен камсыз кылабыз.

ЭНЕЛЕР ҮЧҮН

Кант шаарынын муниципалдык мекемелеринде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу энелер жана алардын балдары үчүн тынч болушу үчүн эне жана баланын бөлмөсү ачылат. Бул мекемелерде иштеген энелер жумушчу күнү учурунда эмчектеги балдарды тамактандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул бөлмөлөрдүн негизги максаты-жайлуу, коопсуз, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга көмөктөшүү, ошондой эле бала эмизген эне балдары бар болгонуна карабастан, иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жумушту улантып же декреттик өргүүгө кетүү тандоо укугу эненин артында болот.

ПЕНСИОНЕРЛЕР ҮЧҮН

Улгайган ата, апаларыбызга убада берүү өтө кыйын. Сиздин биринчи эле телефон чалууңуз боюнча биздин партиядан депутат сиздин көйгөйлөрүңүздү чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн сизге барып, жардам берүүгө убада бере алабыз. Биз мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде колдоо көрсөтөбүз. "Социал-демократтар" партиясы социалдык адилеттүүлүк үчүн чыгат жана аракет кылат.

ЖАШТАР ҮЧҮН

Биз IT-сфераны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп беребиз. Көндүмдөрдү, кесиптик багыт берүүнү, компьютердик сабаттуулукту, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучуларына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзгөчө көңүл бөлөбүз. Бул үчүн биз тематикалык иш-чараларды уюштурабыз. Кызыкдар өкүлдөрдүн (мугалимдер, ата-энелер, волонтерлор, мектеп администрациясы ж. б.) демилгелерине жана кесиптик өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөбүз. Алар өз уюмдарынын базасында мектеп окуучулары үчүн программаларды жана IT-борборлорун же клубдарын түзүү үчүн кошумча билим берүү жана чыгармачылык борборлорун түзөбүз. Курстар, IT адистер менен жолугушуулар, мастер-класстар, тренингдер, акциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлөт.

АДАМ БАЛАСЫН АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ КӨЙГӨЙҮ

Биз көрүстөнгө каражатты жана орунду бөлүп берүүгө убада беребиз. Мусулман динин тутунгандар үчүн Кантка сөөктү коюу мүмкүнчүлүгү жок. Анткени Кантта мусулмандар үчүн көрүстөн жок. Биздин жарандарды жакын жайгашкан айылдарда же кичи мекенинде көмүүгө мажбур болушуда. Көрүстөндүн жоктугу кайтыш болгон адамдын туугандарына жана жакындарына материалдык жана психологиялык жактан дагы бир көйгөй жүктөлөт.

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ

Муниципалдык материалдык резервди түзүү негизги керектүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк берет. Биз жашылча-жемиштерди, эт, ун азыктарын, май, кант, акшак жана башка тамак-аш азыктарын сактоо үчүн өнөр жай муздаткычтарды орнотобуз. Калктын аз камсыз болгон жана аялуу катмары муниципалдык материалдык резервден биринчи зарылдыктагы азыктарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ай сайын өндүрүүчүдөн түздөн түз азык-түлүк жарманкесин уюштурабыз. Өндүрүүчүнүн баалары менен тамак аштарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

ПАРКТАР

Дубовый парк ар дайым Канттын энчиси болуп саналып келген. Бүгүнкү күндө парк КР Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин карамагында турат. Дубовый паркын Кантка кайтарабыз.

ТРОТУАРЛАР

Биздин шаардын көйгөйлөрүн бири — тротуарлардын жоктугу. Шаардыктар көп учурда үйлөрүнө же иштеген жерине жетишүү үчүн унаа жолдун бөлүгүнө чыгып басууга аргасыз болот. Бул көйгөй адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурушу мүмкүн. Баштапкы этапта Панфилов көчөсү боюнча тротуарды Ленин көчөсүнөн тартып темир жол өтмөгүнө чейин реконструкциялоону баштайбыз. Шаар бюджетинен каражат бөлүнөт.

ДРЕНАЖДЫК ТАРМАК

Шаардын дренаж тармагынын жоктугу жөө өтүүнүн чектелишине, жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө, үйлөрдүн пайдубалынын бузулушуна алып келет. Дренаждык тармакты калыбына келтирүү менен бул көйгөйлөр чечилет.

ДЕНЕТАРБИЯ ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООЧУ КОМПЛЕКСИ (ФОК 3 мкрн.)

Кант мэриясынын балансына кабыл алынат. Шаардык бюджеттен капиталдык оңдоо үчүн каражат бөлүнөт, балдардын ар кандай багыттагы спорттук секциялардын сапаттуу кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сиздер менен бирге балдардын сергек жашоо образын жүргүзүү үчүн шарттарды түзөбүз.

АСКЕР ШААРЧАСЫ (ВОЕННЫЙ ГОРОДОК)

Бүгүнкү күндө аскердик шаарчанын аймагы КР Коргоо министрлигинин балансында турат. Аскер шаарчасынын аймагын мэриянын балансына кабыл алуу аркылуу Кант шаарынын аянтын кеңейтебиз. Бул аскер шаарчасынын инфраструктурасын жакшыртууга жана шаардын социалдык объектилерин курууга мүмкүндүк берет. Аскер шаарчасында социалдык турак үйлөрдү, балдар бакчаларын куруу жана канттыктар үчүн бассейнин кайрадан иштетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ТАРТУУ

Коопсуз шаар-бул жол кыймылынын эрежелеринин бузулушун фиксациялоо эмес, бул-шаардыктардын коопсуз жашоосу, балдардын коопсуздугу үчүн, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн шарттарды түзүү. Биз жандуу кыймылы бар Канттын тилкелерде камераларын орнотобуз. Укук коргоо органдары ыкчам аракеттерди көрүү чүн шарттар түзүлөт, бирдиктүү шаардык базага жеке үйлөрдүн, уюмдардын камераларын кошобуз.

МУНИЦИПАЛДЫК ТРАНСПОРТ

Жыл сайын экологиялык жактан таза, заманбап эки автобустан ишке киргизебиз. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары коомдук транспортту акысыз колдонушат.

ЭКОЛОГИЯ

Биз экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кийинкилерди сунуштайбыз:

  • шаардык таштандыны кайра иштетүүчү заводдун ачылышы;
  • таштандыларды өзүнчө чогултуу боюнча шаардын ар бир районунда атайын таштанды челектер орнотулат;
  • «Жашыл шаар» программасын ишке ашырабыз, кийинки муун үчүн бак-дарактарды отургузуу маданиятын калыптандырабыз, шаар тургундарына көчөттөрдү отургузуу үчүн шарттарды түзүп беребиз.

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАК ЖАНА КАНТ ТУРГУНДАРЫНЫН БИРИМДИГИ

Биздин шаар көп улуттуу экени эч кимге жашыруун эмес. Пандемия учурунда баарыбыз жалпы кырсык алдында бирге болдук. Бул толкунду шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө бардык жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылчылыгы келип чыкты.

Биз төмөнкү иш-чараларды сунуш кылабыз:

  • ар бир ай сайын алмашуу тажрыйбасы менен ишембиликтерди өткөзүү, бир райондун тургундары бөлөк районго барып ишембилик өткөзүшөт;
  • улуттук майрамдарга арналган спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү.

ЭЛДИН КӨЗӨМӨЛҮ АЛДЫНДА

«Социал-демократтар» депутаттык мөөнөтү бүткүчө шайлоочулар менен 50 жолугушуу өткөрүлөт, анда шаардыктардан депутаттардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар жана пикирлер кабыл алынат. Ошондой эле жолугушууларда аныкталган көйгөйлөр боюнча элдин суроо-талаптары угулат. "Социал-демократтар" жыйынтыгы боюнча элден келип түшкөн талаптарды ишке ашырууга киришет жана кийинки жолугушууларда анын ишке ашырылышы тууралуу отчет беришет.

Урматтуу шайлоочулар, биздин иш-аракеттер программабызга көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар бир адам окууга, иштөөгө, мыкты шарттарда жашоого татыктуу. Биз аны кантип жетүү керектигин билебиз. "Социал-Демократтар" партиясын колдоого алуу менен Кант шаарындагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү колдой аласыз.