Шаардык кеңештердин тизмеси > Талас шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Программасы

  • Жергиликтуу бийлик органдарынын коррупцияга байланыштуу койгойлорду чечуу
  • Жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо
  • Чечимдерди кабыл алуудагы ачык-айкындуулук
  • Ишкерлерди комушкодон чыгаруу учун стимулдаштыруучу тутумдарды киргизуу
  • Жергиликтуу органдар тарабынан обу жок текшеруулорду кыскартуу

Иш-аракеттер:

  1. Жакшы демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу, начар аткаруучулар / менеджерлер тарабынан бузулуп жаткандыктан, реформа процесстеринин башында татыктуу, тажрыйбалуу, натыйжалуу иштеген жарандарды койуу;
  2. Патенттердин иш-аракеттердин формаларына жана чөйрөсүнө шайкештигине аудит жүргүзүү;
  3. Ишке ашырууда жана иш аракеттеги ачыктык;
  4. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке кигризүү (таштандыларды кайра иштетүүчү ишканларды, жолдорду, канализация тутумдарын куруу, үзгүлтүксүз суу жана жылуулук менен камсыз кылуу;
  5. Шаардык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгымдарды оптималдаштыруу;
  6. Шаарда бизнести, аялдардын ишкердигин жана жашыл экономиканыны өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү;  
  7. Атаандаштык артыкчылыктарын талдап, шаарда жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган 5-10 долбоорго сынак жарыялоо. Жеңүүчүлөр ар бир 2 жыл сайын прогресстүү өсүштү баалоо менен стимулдарды берүү керек.