Саясий партиянын программасы:

  1. Талас шаарынын бюджеттин тыкыр көзөмөлгө алуу жана натыйжалуу пайдалануу.
  2. Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү жана жашылдандыруу максатында инвестиция жана гранттарды тартуу.
  3. Талас шаарындагы канализация маселесин аягына чыгаруу, таза-суу менен ар бир үй-бүлөнү камсыз кылуу.
  4. Талас шаарынын пенсионерлерин, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо жана коргоо багытында иш жүргүзүү.
  5. Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана шаар тургундары үчүн ынгайлуу уюштуруу.
  6. Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну жакшыртуу.
  7. Бош турган аймактарды жана имараттарды шаарыбыздын жана шаар тургундарынын кызыкчылыгы үчүн пайдалануу.
  8. Шаардык кеӊештин сессияларын ачык-айкын өтүшүнө жетишүү (youtube жана faсebook соц. тармактар аркылуу түз эфирде көрсөтүү).
  9. Талас шаарынын баардык аймактарында спорттук-көӊүл ачуучу, балдар аянтчаларын жандандыруу жана өнүктүрүү.

Партиянын урааны: “Ишеним ийгилик жаратат”