Саясий партиянын программасы:

  1. Шаар тургундарын таза суу менен камсыздап, калктын саламаттыгына кам көрүүнү көздөйбүз
  2. Шаарыбыздагы майда, орто жана ири бизнести өнүктүрүү багытында инвестиция тартуу үчүн сунушталган  бизнес  долбоорлордун иштелип чыгышына жана жаңы  ишканалардын ачылышына шарт түзөбүз.
  3. Шаарыбызда жөлөк пулдарга муктаж болгон бирок, кандайдыр бир себептерден улам иш кагаздарын бүтүрө албай жүргөн жарандарыбызга мамлекет тараптан кепилденген акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү чечип берүүчү атайын кызмат уюштурабыз.
  4. Шаарыбызда бала бакча маселеси курч көйгөйлөрдүн бири. Талас шаарынын «Жаштык» кичи районуна инвестиция тартуу менен бала бакча куруу ишин колго алабыз