Саясий партиянын программасы (баяндоо):

Натыйжалуу башкаруу жана бюджеттик саясат

муниципалдык аппаратты модернизациялоо;

муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы механизмдерди киргизүү;

бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдөгү приоритеттерди кайрадан карап чыгуу;

шаардык бюджеттин аткарылышына жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүү.

Инфраструктура

муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында аны толук инвентаризациядан өткөрүү;

Талас шаарынын Генералдык планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

шаар үчүн жаңы таштанды полигонун куруу;

парктарды, скверлерди жана башка жашылданган эс алуу аймактарын реконструкциялоо;

суу тазалоочу жана канализациялык станцияларды модернизациялоо.

Саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоо

ооруканалар инфраструктурасын толугу менен кайрадан түзүүнүн негизинде ооруканалар тутумун жакшыртуу боюнча программаны ишке киргизүү;

онлайн медициналык кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү, бейтаптардын оору таржымалын  электрондук форматка өткөрүү;

оорулардын  алдын алуу жана сергек жашоону жайылтуу боюнча өзүнчө программаны иштеп чыгуу;

медицина кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу тутумун жакшыртуу;

медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.

Билим берүү тутумун жаңылоо

жаңы билим берүү мекемелерин жана кошумча корпустарды куруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программаларын колдонуу;

билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

педагогикалык курамдын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;

аралаш тилдерде окутуучу жаңы мектепти ачуу.

Маданият жана спорт тармагындагы жаңы мамиле

маданият жана спорт тармагынын кызматкерлерине дем берүүчү  программаны иштеп чыгуу;

маданият мекемелерин жана китепканаларды жаңы маданий мейкиндиктерге жана бош убакытты өткөрүүчү жайларга кайрадан профилдештирүү;

кыз-келиндер арасындагы спортту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке киргизүү;

дене тарбия жана спорт тармагын каржылоонун кошумча булактарын табуу.

Санариптештирүү

"Санарип Талас 2021-2025" санариптик трансформациялоо концепциясын иштеп чыгуу;

муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук режимге өткөрүү процессин тездетүү;

бардык коммуналдык кызматтарга акы төлөө үчүн онлайн-банкинг тутумун ишке киргизүү;

муниципалдык объектилерди пайдаланууну онлайн графикке өткөрүү.

«Жашыл» экономика

Талас шаарын жаратылыш газы менен камсыздоо (газификациялоо);

транспорт каражаттарынын сапаттуу бензинге, газга же электр энергиясына өтүүсүнө байланыштуу регламенттердин аткарылышын дыкат көзөмөлгө алуу;

калыбына келүүчү энергия булактарын пайдалануу боюнча долбоорлорду тартуу: күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү;

сугаруунун альтернативдүү ыкмаларын (тамчылатып, күнөскана, жамгыр суулары) издөө;

“жашыл” ишкерликти ар тараптуу колдоого алуу.

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): жок

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)