Саясий партиянын кыскача аталышы “Улуу Кыргызстан”.

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 00309201210161, 03.09.2012 ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: Ыктыярдуу жарандык бирикме.

Уставдын кабыл алынган датасы: 31.07.2012 ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: жок

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кенешме.

 

“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы

 

Байланыш маалыматтары: 

Дареги: Кыргыз Республикасы,Чолпон-Ата шаары, Совет  көчөсү 62/2.

Байланыш телефону: 0701131212; 0555848648.

Коомдук кабылдама: Чолпон-Ата шаары Совет коч.62/2.

Интернеттеги байланыш тармактары: Жок.

Партиянын төрагасы:

Чолпон-Ата ш. “Улуу Кыргызстан” партиясынын өкүлү: Алымбаев Айбек Сагындыкович. Чолпон-Ата шаарынын тургуну. 19.08.1986-ж.т. Үй бүлөлү. 2 баланын атасы.

Билими:

2005-2011жж. Ж.Баласагын атындагы КУУ. Факультет мамлекеттик башкаруу жана саясат тануу. Кесиби  «Мамлекеттик жана и муниципалдык башкаруу».

Эмгек жолу:

03.10.2012ж. – 17.06.2014ж. «Агроэнергосервис» ЖЧК - Директор.

17.06.2014ж. – 17.06.2015ж.- МИ Пансионат «Атын-Көл» КРПИБ – Директордун орун басары.

01.07.2015ж. – 20.02.2019ж. «Агроэнергосервис» ЖЧК - Директор.

20.02.2019ж. – бүгүнкү күнгө чейин МИ Пансионат «Эне-Сай» КРӨ ММБФ алдында – Директор.

Биздин ураан:

  1. ЭРКТҮҮ ЖИГИТ – ЭЛИМ ДЕЙТ
  2. МЕКЕНИН КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА АЙЛАНСЫН АР БИР УУЛ ЧАГЫЛГАНГА
  3. ИШЕНИЧ СИЗДЕН - ЖООПКЕРЧИЛИК БИЗДЕН

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Партиянын Төрагасы саясий кеңештин ишин багыттайт, анын ишине ыкчам талдоо жүргүзөт, Партиянын Саясий кеңешин кийинки жыйынга отчет берүүгѳ даярдоону уюштурат.

Саясий партиянын жаштар уюму: «Улуу Кыргызстан» мекенчилдер партиясы –жаш партия, бирок биздин артыбызда бай тарыхыбыз жана тажрыйбабыз бар.

Биздин партия жаш, прогрессивдүү, жаңы формациядагы активист лидерлер тарабынан түзүлгөн.

Биз бириктик жана өзгөртүүлөрдү шаарыбыздан баштоо үчүн бул шайлоого аттандык.

Бизде баарын дароо өзгөртө салабыз деген куру кыял жок. Бирок,шайлоочуларга жашообузду өзгөртүүнүн,биздин шаарыбыздынпайдасы үчүн, өсүп-өнүгүүсү үчүн  өзгөрүүнүн өтө зарылдыгын түшүндүрүү жана жеткирүү үчүн катышабыз.

Биз карманган негизги принцип –чакан иштерди аткаруу менен баштап, бара-бара чон көйгөйлөрдү чечүү. Кичине, бирок жигердүү кадамдарды жасоо менен чоң прогресске жетүү, анткени чоң иш – бул ар дайым майда иштердин жыйындысы болуп эсептелет, ал эми, улуу жетишкендиктер көп сандаган чакан жетишкендиктердин натыйжасында келип чыгат эмеспи.

Биз бул шайлоого экономиканын жана социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүүсүн, адамдардын жашоо сапатынын жогорулашынкамсыздоо үчүн бара жатабыз.

Биз бул шайлоого жашообузга реалдуу жана олуттуу өзгөрүүлөрдүалып келүү үчүн бара жатабыз.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу. Аткаруу бийлигинин иш-аракеттерине болгон депутаттардын предметтик мониторинги жана туруктуу көзөмөлдөөсү,эн маанилүү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө шаардык бюджеттин каражаттарын рационалдуу жана натыйжалуу жумшоого мүмкүндүк берет.

     Жоопкерчиликтуу бийликтин иши, шаар тургундары менен өз ара түшүнүшүүгө, өз ара кызматташууга, конкреттүү проблемаларды чечүүдө адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталат. Биз шаар тургундарынын бийликке болгон ишенимин кайтарабыз.Коррупционерлерден, ач көздөрдүктон,иштин козун билбестиктен жана трайбализмден чечкиндүү түрдө кутула алабыз.

2012-жылдан баштап “Улуу Кыргызстан” саясий партиясы жергиликтүү органдардын шайлоо процесстерине, республиканын шаарларынын жана айылдык кенештерине активдүү катышып келишет.

2012-жыл. Чолпон-Ата шаардык кеңешинде 4 мандатка ээ болгон.

2016-жыл. Чолпон-Ата шаардык кеңешинде 3 мандатка ээ болгон.