“Улуу Кыргызстан” саясий партиянын программасы

 

"Улуу Кыргызстан" партиясы – Биздин кичи мекенибизге кайдигер карабаган мекенчил  адамдардын күчүн бириктирүү. Ар бир жаран өз ордунда, өз чөйрөсүндө, өз жан-дүйнөсүндө жана өз үй-бүлөсүндө жакшы жашоо үчүн умтулууга милдеттүү болууга чакыруу. Себеби, бул биздин жашообуз, биздин балдарыбыздын жашоосу.

Буга кайдыгер карап турууга акыбыз жок! Биз өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жете алабыз – башка жол жок.

Алга карай кадам таштообуз зарыл! Биз үлгүлүү иштөгө жана жеңип чыгууга даярбыз! Ошондуктан, биз миссиябызды ар бирибизде болгон жакшы нерселерди: долбоорлорду, тажрыйбаларды, идеяларды, сунуштарды бириктирип иш алып баруудан  көрөбүз. Биз бардык мыкты сапаттарыбызды бириктирип, бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып иштесек, абдан күчтүү боло алабыз жана өлкөбүздү өнүктүрүп кете алабыз.

Аздан көп куралат, кичине жетишкендиктер болмоюнча улуу ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес.

Шаардык кеңешке шайланууга "Улуу Кыргызстан" партиясы конкреттүү иш-аракеттерден турган программасы менен бармакчы. Биздин багытыбыз карапайым адамдардын, шаар тургундарынын муктаждыктарын чечүүгө негизделген жана биз ал иштерди жүзөгө ашыруу үчүн так, таза иштөөгө даярбыз.  

  • идеологиясы – улуттук кызыкчылыкты  коргоо;
  • саясаты – эл бийлигин орнотуу;
  • укуктук талабы – адилеттүүлүктү камсыздоо.

Биздин максатыбыз коомду жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн төмөнкү программалык документтерди жана мыйзамдардын долбоорлорун сунуштайбыз.

  1. Улуттун өнүгүү стратегиясын.
  2. Улуттук идеологиянын жоболорун.
  3. Улуттук баалуулуктарды  сактоонун  жолдорун.
  4. Коомдун жана  мамлекеттин өнүгүү концепциясын.