Шаардык кеңештердин тизмеси > Чолпон-Ата шаардык кеңеши > «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясы

Чолпон-Ата шаардык «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынын шайлоо алдындагы програмасы

Програманын максаттары жана милдеттери

Программанын негизги максаты – Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын  жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн  Чолпон-Ата шаарынын тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Социалдык максаттар, калктын бакубатчылыгын жогорулатууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, шаарыбызда сапатуу билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагы болгон, ден-соолугу чың балдар төрөлгөн, маданиятуу,билимдүү жаштардын өсүшүнө   өбөлгө түзүүгө багыталат.

экономикалык - калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, экологиялык - курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна жана калыбына келип турушуна, маданий максаттар - шаарыбызда жашоонун маданий формаларынын көп түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Башкы максатарды ишке ашыруу, жетишүү үчүн жакынкы 4 жылда  жасалычу төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу керек:

Жаратылыш-климаттык шарттарына жараша, Чолпон-Ата шаарынын өнүктүрүүнүн башкы кыймылдаткычы катары туризм болуп эсептелет, ошондуктан тургундарга жумуш орундарын түзүү жана шаарды өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй  айрыкча перспективалуу багытка ээ, деп эсептейбиз.

Бул – туризм багытында элге кызмат көрсөтүү;

- айыл чарбасы;

- өнөр жай жана товарларды кайра иштетуу жатында чакан бизнес.

Буга байланыштуу:

- көрсөтүлүп жаткан туристтик кызматтардын колдоо жана мындан ары дагы аларды өнүктүрүү максатында Чолпон-Ата шаарынын гениралдык планынын негизинде ачык-айкын конкурс менен жер тилкелерди ижарага берип, чакан бизнести колдоо.

- Кайра иштетүү тармагын, чакан бизнести өнүктүрүү үчүн мыйзамсыз бөлүнүп кетип иштетилбей турган жерлерди мыйзам чегинде кайрадан муниципалдык менчикке алып, конкурс аркылуу демилгелүү, билимдүү жаштарга чакан бизнес ачуу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү. Ошондой эле инвестицияларды тартуу жолу менен жумуш орундарын түзүү.

- Шаарыбыздын тургундарына тиешелүү айыл чарба багытындагы жерлердин баарын иштетип, айыл чарба продуктуларын өндүрүүго көмөк көрсөтүү, өзүнөн артканын туризм чөйрөсүн айыл чарба продукциялары менен камсыздоо үчүн рыноко чыгаруу . Ошондуктан биринчи кезекте заманбап айыл чарба техникасы менен жабдуу, үрөн материалы менен камсыздоо,  минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо, биогумус өндүрүну жергиликтүү тургундардын арасына жайылтуу, финансы каражаттарына жетүүнү камсыздоо, сугат системаларын жакшыртуу. Бул багыта жаныдан иштеп жаткан МТС “Арал” муниципалдык ишканасынын ишин оркундоту.

-Акыркы 30 жылда эчкидей сүт, эт берген уйлардын саппатын жакшыртуу максатында эт, сүт багытындагы уйлардын пародаларынын уругун кол менен  уруктандыруу, (искуственная осеменения) Бул багыта иштоого кадрларды даярдоо.

Жайкы жайыт  боюнча маселени Кыргыз Республикасынын Өкумөтүнө, Жогорку Кенешке койу.

-Шаарыбызды жашылдандыру максатында иригациялык системаларды калыбына келтирип, ондоп түздөө, биринчи кезекте 3-к\районду сугат суу менен камсыз кылышыбыз абзел. Совет көчөсүнөн баштап А.Осмонов мектебинин алдына чейин,  бак дарак тигип, А.Осмонов мектебинин алдындагы жолду реконструкция жасоо, Чүй көчөсүн ондоо асфальтоо.

Шаарыбыздын 3-к\райондун  аймагында калктын жарымы жашайт, бирок,  өнүгүшү начар бойдон калууда. Ошондуктан инфраструктурасын онуктуру, жанадандыруу биздин алдынкы максаттарыбыздын бири болот.

- Чолпон-Ата шаарынын ички транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында  шаардын чыгышынан Совет көчөсү аркылуу Бийжай к\р, Ливада к\р, Береке к\райондору аркылу Акматбай ата кочосу, 2 к\р, Чуй көчөсү, Совет көчөсү аркылуу айлампа маршруттук багыт ачып коомдук транспорту (“Бусиктерди”) жүргүзү жана жолдорду ондоп асфальтоо. Натыйжада кошумча иш орундары түзүлөт.

-“Кейсар” эс алуу жайынан баштап “Ала-Тоо” эс алуу үйүнө чейин курорттук жол куруу. Натыйжада кошумча иш орундары түзүлөт жана шаардын бюджетине кошумча акча каражатын түшүшүнө өбөлгө болот.

-Чолпон-Ата шаарыбыз тоо менен көлдүн ортосунда тар жерде орун алгандыктан жеке уүлөрдү салууга жер  жокко эсе. Бугунку куну 3000ден ашуун адам жер алуучулардын тизмесинде турат. Ошондуктан, жаш үй-бүлөлөр үчүн шаарыбыздын 3-кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында “Жилишный” копперативтерди уюштуруу. Коперативдин мүчөлөрүнө ипотекалык кредиттерди алып берүү. Социалдык жактан жардамга муктаж жарандарга, шаарыбыз муктаж болгон кадрларга арнап,  ар бир салынган үйдө 10% чейин муниципалдык квартираларды салуу.

-Бүгүнкү күнү бала бакчаларда орун жетишпегендиктен, көп жаш үйбүлөлөр (келиндер) үйдө балдары менен отурушат. Ошондуктан “Ливада” к\районунда 150 орундук бала бакча куруу. 

-2020-жылы башталган “Корона вирус” жалпы эле Кыргызстанда медициналык тейлөө абдан начар экендигин көрсөтүү. Ошондуктан 3- к\райондо салынып жаткан “ФАПтын” курулушун 2021-жылы бүтүрүү. Кадрлар жана керектүү техникалык каражаттар  менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүлөрдү жүргүзү.

-Социалдык жактан жардамга муктаж жарандарды тактоо, жардам көрсөтүү, Мектептерибизде окуган башталгыч класстардан окуучуларына ысык тамака акча каражатынын өлчөмүн көбөйтүү.

Жогоруда корсотулгон иш чараларды аткарууга сөзсүз чон көлөмдөгүу  акча каражатын талап кылынат ошондуктан акча каражатын кайдан табылат-деген адилетүү суроо туулат. Акча каражатын тапса болт –эсептейбиз. Алар:

  1. Республикалык бюджет;
  2. Ысык-Кол онугу фонду;
  3. Жеке инвестиция;
  4. Жергиликтуу бюджет.

Шаардын бюджетин кайра карап чыгып жогоруда көрсөтүлгөн иш чараларга болүү керек. Шаардын бюджетине түшкөн акча каражатынын көлөмүн  жыл сайын 10 % жогорулатуу.

 

Чолпон-Ата  шаардык

«Ата Мекен» социалисттик саясий партиясы