«Бирге-Вместе» партиясынын шайлоо астындагы программасы

Ата-Журтту суйуу, эл учун чын журоктон иштоо, элдин унун окмотко жеткируу, шаарыбызды оркундотуп остуруу!!!

  1. Экология жана ден соолук

- Шаардын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу учун, программа иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу. Сугат койгойун чечуу

- Шаардын тазалыгын сактоо, жана тазалоо иш чараларды жургузуу. Таштанды чогултуучу жайда (свалка) таштандыларды кайра иштетууго шарт тузуу.

- Шаарды жашылдандыруу, шаардын жашоочуларына сейилдоого шарт тузуу. Шаардын парктарын жашылдандыруу, жаныртуу.

- Шаардын кичи райондоруна фельдшшер-акушердик пункттарды (ФАП) куруу

- Чолпон-Ата шаардагы рйондук территориалдык ооруканага комок корсотуу. Ветеринарлардын ишине шарт тузуу.

 

  1. Спорт, туризм жана маданият

- Шаарда спорттук аянтчаларды, кобойтуу, боюнча долбоорлор менен иш алып баруу.

- Бала бакчаларды куруу. Шаардын кичи райондорунда балдар ойноо аянтчаларын жасоо.

- Балдардын онугуп осуусуно ар тараптуу кошумча мектептерди салуу (музыкалык, тил уйронуу, онорчулук)

- Шаардын тургундарына алыс чыкпай, шаар ичинде онугуусуно шарт тузуу менен, тиешелуу окуу жайларды (слесарь, сантехник, тил уйронуу, ашпозчу, чачтарач ж.б.) курстарды ачуу.

- Шаарыбызда окуу залы менен китеп кана салуу боюнча иш алып баруу, жана жаш муунду китеп окууга чакыруу.

- Активдуу жана туура жашоо образын пропаганда кылуу, балдарга, оспурумдорго дени сак осконуно жол корсотуу. Бардык категорияда жарандардын арасында спорттук иш чараларды уюштуруу.

- Колдун жээгин ондоп тузоо иштерин жургузуу: чуркап машыкканга, велосипедке ылайыкталган жолдорду, ажатканаларды, кийинуу болмолорун салуу, таштанды урналарын орнотуу.

 

  1. Биздин шаар, биздин онугуубузго, жашообузга шарт тузуу

-Шаардык муниципалитетте реформаларды жургузуу, элдин кызыкчылыгына ылайык мэрия менен тыгыз иш алып баруу.

- Шаардын кочолорун талаптарга ылайык жасоо иштерин жургузуу.

- Кичи райондорду, жаны конуштарды борбордук саркынды суу тутумуна кошуу боюнча долбоор иштеп чыгуу жана ал боюнча иш алып баруу

- Шаар боюнча маршруттук линия тузуу

-Шаардын ичиндеги жерлер боюнча инвентаризация жургузуу, шаардын тургундарын жер менен камсыз кылуу. Жайыт маселесин чечуу.

- Шаардын ичиндеги кочолорго жарык чырактарын орнотуу маселелерин чечуу

-Шаардын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу, туризмди онуктуруу  максатында инвесторлорду тартуу боюнча иш чараларды жургузуу.

- Чакан бизнестерди колдоо, комок корсотуу.

 

Жергиликтуу кенештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде Чолпон-Ата шаарында отот. Биздин шаарыбыздын келечеги бул шайлоонун натыйжасынан коз каранды. Биз, «Бирге-Вместе» партиясынын окулдору, биздин шаардын тургундарынын, жашоочуларынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, социалдык сферада онугуу учун, шаардык кенешке бара жатабыз.