« Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн!»

 

“Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынын

ПРОГРАММАСЫ

Өлкөдөгү кырдаал жөнүндө

Кыргызстан суверендүү жана көз карандысыз мамлекет болгонуна 30 жылдын жүзу болсо дагы, биз жарандарыбыздын татыктуу жашоосун, коопсуздугун жана келечегине болгон ишенимин камсыздоо үчүн туруктуу өнүгүү жолуна түшө алган жокпуз. Жыл өткөн сайын өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал начарлап жатат.

Биз, мамлекеттик бийлик чөйрөсүндө:

- бийликтин жана бизнестин биригип жатканын;

- бюрократиянын ченемсиз коррупциялашып кеткенин;

- 2005 жана 2010-жылдардагы бийлик алмашуулар өзгөрүүлөргө алып келбегенин;

- социалдык күтүүлөр акталбаганын;

- жарандардын бийликке ишенимин жоголуусунун өсүп жатканын моюнга алууга тийишпиз.

Биз, жарандык коом чөйрөсүндө:

- коомдун байларга жана жардыларга социалдык катмарлашуусунун өсүп жатканын;

- өлкөнүн аймактарынын арасындагы ажырымдын токтоосуз өсүп жатканын;

- жумушсуздуктан жарандардын чет өлкөлөргө массалык миграциясын;

- катардагы адамдардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоонун деңгээлинин төмөндүгүн;

- улуттар аралык араздашуулардын жогорулап жатканын;

- коомдогу моралдык-психологиялык климаттын начарлашын;

- адат-салтка айланган маданий жана моралдык баалуулуктарды жоготуу коркунучу жаралып жатканын моюнга алууга тийишпиз.

Биз, каржы-экономика чөйрөсүндө:

- экономикалык, каржы, бюджет кризисин;

- тарифтердин жана баалардын токтосуз өсүп жатканын;

- экономиканын бардык көрсөткүчтөрдө начарлоосун;

- бизнеске карата текшерүү органдарынын коррупциялык басым жасап жатканын;

- көмүскө экономиканын өсүшүнөн өлкөнүн конкуренттүүлүгүнүн төмөндөп жатканын;

- тышкы карыздардын эсебинен күн көрүп жаткандыгыбызды;

- башка өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын тейлеп жаткандыгыбызды моюнга алууга тийишпиз.

Бул факторлордун бардыгы Кыргызстандын бүгүн өзүнүн тарыхында тагдыр чечүүчү тандоонун алдында тургандыгынанжарандардын татыктуу жашоосун, коопсуздугун жана келечегине болгон ишенимин камсыздоо үчүн суверендүү жана көз карандысыз мамлекет катары саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу жолуна түшүүгө тийиш экендигинен кабар берет.

“Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясы Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр. Анткени, бизди элибиздин биримдигин жана анын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө идеясы бириктирип турат.

Партиянын башкы милдеттери

Өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн «Ата-Журт» мекенчил партиясы” саясий партиясынын уставдык максаттарынын алкагында жакынкы келечекте төмөндөгү милдеттерди жүзөгө ашырууга аракеттенет:

  • Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө;
  • Ар бир жаранга татыктуу жашоо, коопсуздук жана келечекке болгон ишеним берүү;
  • Жаңы экономикалык саясатты жайылтуу;
  • Өлкөдө укук-тартиптин жана мыйзамдын салтанатын орнотуу.

Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө

Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнү биз төмөнкү жолдор аркылуу ишке ашырабыз:

- бийликтин эффективдүү системасын түзүү;

- бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо;

- кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биримдигин жана бүтүндүгүн сактоо.

Кыргыздар – адамзат тарыхында демократияны туу туткан элдердин бири. Кылымдар бою калыптанып, ата-бабаларыбыздан өткөрүлүп берилген өзүбүздүн өнүгүү моделибиз бизге ылайык келет. Анын негизинде адам эркиндиги, маселелерди биргелешип чечүү, татыктуулардын бийлиги турат.

Биздин бийлик системабыз элдин кызыкчылыгына иштөөсү үчүн түшүнүктүү жана эффективдүү болушу керек. Азыркы эпсиз чоң мамлекеттик бийлик машинасын компакттуу жана жоопкерчиликтүү механизмге алмаштыруу зарыл. Президент, депутаттар, мамлекеттик чиновниктер кол тийбестик иммунитетке жашырынбоого тийиш, алар сот алдында жөнөкөй адамдарга караганда көбүрөөк жооп бериши керек. Аткаруу бийлигинин ролун жана эффективдүүлүгүн көтөрүү зарыл, башкаруу структураларын азайтуу жана жарандарга, калкка сапаттуу мамлекеттик тейлөөлөрдү көбөйтүү керек.

Калыс жана чынчыл сот системасы зарыл. Сот бийлигинин саясий же экономикалык көз каранды болуп калуу абалына жол берилбеши керек.

Калктын суроо-талаптарын жана керектөөлөрүн аныктоонун ыңгайлуу аймактык системасын түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өзгөртүп кайра уюштуруу зарыл. Кабыл алынып жаткан чечимдердин сапаты үчүн айыл өкмөтүнүн башчылары, акимдер, мэрлер жеке жоопкерчилик тартууга тийиш.

Мамлекеттик аппаратта татыктуу эмгек акы алып, профессионалдар иштеши керек. Президенттен баштап ар бир чиновник жарандардын пикирлерин жана мыйзамдуу талаптарын четке кагууга укуктуу эмес. Бул административдик, материалдык, ошондой эле кылмыш жообуна тартылууга тийиш.

Кадрдык саясат айкын жана түшүнүктүү болушу керек. Мамлекеттик кызматка туугандык байланыш, кландык же этникалык тиешелүүлүгү, жекече берилгендик аркылуу тандалган эмес, компетенттүү, жоопкерчиликтүү адамдар келүүгө тийиш. Кадрларды тандоодо бир эле стандарт – жогорку профессионалдык сапаттар, жоопкерчилик жана чынчылдык болуусу керек. Биз өлкөнү башкарууга жаш муундарды алып келүүгө тийишпиз. Биз мамлекеттик чиновник өзүнүн бир туугандарын, эже-карындаштарын, жубайларын, балдарын мамлекеттик жумуш орундарына коюуга жол бербеген, ошондой эле бир үй-бүлөдөн чыккан адамдар бир эле мезгилде мамлекеттик кызматтарды ээлеген «үй-бүлөлүк подряд» практикасын жоюучу «мамлекеттик бийликтин структураларында туугандыктын деңгээли жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына демилге көтөрүп чыгабыз.

Коомдо бийликти көзөмөлдөөнүн таасирдүү механизмдерин түзүү зарыл. Бир дагы маанилүү чечим коомчулуктун катышуусусуз кабыл алынбашы керек. Жарандык коом мамлекеттик органдарга кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча маалымат жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууга, өзүнүн сунуштарын киргизүүгө жана аларга жүйөөлүү жоопторду алууга, тигил же башка маселелерди Президентке, Өкмөткө, Жогорку кеңешке киргизүүгө, алардын жыйындарына катышууга акылуу болушу керек. Өлкөнүн иштерин башкарууга жарандык коомдун катышуусунун конкреттүү жол-жоболорун жана форматтарын биргеликте иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик органдардардын алдында кызыкчылыктарды макулдашуу институттары түзүлүүгө тийиш.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу маанилүү. Маалымат эркиндиги, сөз жана ой жүгүртүү эркиндиги демократиянын кепилдиги болуп саналат. Бул эркиндик адам укугун сактоо зарылчылыгы жана улуттук коопсуздук кызыкчылыктары үчүн гана чектелүүсү мүмкүн. Мамлекет жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү тууралуу атайын фонддордун жана гранттардын системасы аркылуу кам көрүүгө тийиш.

Биздин телерадио берүүчү компанияларыбыз бийлик бутактарынан толук көз карандысыз иштей ала турган тиешелүү тартип түзүлүшү керек.

Биз мамлекеттик администрациялардын, министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өздүк басма органдардын (газеталардын жана журналдардын) уюштуруучусу катары чыгуусуна бөгөт коюу демилгесин көтөрүп чыгабыз. Көп сандаган мамлекеттик газеталардын базасында расмий документтерди – Кыргызстандын мамлекеттик саясатын чагылдыруучу Өкмөттүн чечимдерин, Президенттин жарлыктарын, парламенттин токтомдорун жана башка материалдарды басып чыгаруучу бүткүл өлкө үчүн жалгыз республикалык газета түзүлөт. Өлкөнүн аймактарында бул газетанын жергиликтүү өкүлчүлүктөрү иш жүргүзөт.

Мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууда саясий партиялардын бийигирээк деңгээлде катышуусун камсыздоо зарыл. Саясий партиялар кландык топтор эмес, жарандардын реалдуу кызыкчылыктарынын чыныгы өкүлдөрү болууга тийиш. Саясий партияларга мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүүгө эмес, өлкөнүн өнүгүү стратегиясын, саясатын калыптандырууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул процессти саясий партиялар жөнүндө жаңы мыйзам менен бекемдөө зарыл.

Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн багыттарынын бири болуп саналат. Чек ара жана бажы маселелерин, суу пайдалануу проблемаларын оң чечүү үчүн коңшу өлкөлөр менен туруктуу мамилелерди түзүү талап кылынат. Чек аралар криминал чөйрөлөрү үчүн жабык, катардагы жарандар жана товарлар үчүн ачык болууга тийиш.

Борбордук Азия өлкөлөрү менен маданий карым-катнаштарды жандандыруу, бул аймактын жалпы тарыхын жазуу, жалпы рынокко, бирдиктүү коммуникациялык мейкиндикке өтүү зарыл.

Тышкы саясат доктринасы реалдуу экономикалык, маданий, маалыматтык мазмун менен толтурулууга тийиш.

Татыктуу жашоону жана келечекке ишенимди камсыздоо

Кыргызстан эли – бул бир гана президент, депутаттар жана чиновниктер эмес, адам укугун реалдуу камсыз кылууга тийиш болгон өлкөнүн жарандары да болуп саналат. Ар бир кыргызстандыктын, кысым көрсөтүлүп жаткан жеке ишкердин, каракталып жана кемсинтилип жаткан эмгек мигрантынын, ачкарын жана билим ала албай жаткан өспүрүмдүн, жарыбаган пенсияга жашап жаткан карыянын кызыкчылыктарын коргоо зарыл.

Жарандар татыктуу жашоого акылуу. Иштөө жана байлыгын арттыруу, жакшы шарттарда жашоо, балдарынын келечегине ишенимдүү болуу, дүйнөнү көрүү жана өз өлкөсүндө жашоо, аны менен сыймыктануу бактысы ар бир кыргызстандыктын максаты. Ар бир үйгө байгерчилик, ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай. Азыркы мезгилде адамдардын иш менен камсыз болуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу башкы маселе болуп саналат. Бийликти адамдардын кандай жашап жаткандыгы боюнча баалоо зарыл. Жакыр эл – жарабаган бийлик. Айгайлаган «улуттук идеяларды» жана «комплекстүү негиздерди» азайтуу, жарандардын активдүүлүгүн колдоого багытталган реалдуу механизмдерди көбөйтүү керек.

Мамлекет тарабынан калктан алынып жаткан салыктардын өлчөмүнүн деңгээлинде саламаттыкты сактоо, социалдык жактан жардам көрсөтүү жана билим берүү системаларында камсыздоого багытталган социалдык стандарттарды кайрадан карап чыгуу маанилүү.

Биз ар бир кыргызстандыктын ден-соолугун сактоого кепилдик беришибиз керек. Саламаттыкты сактоого бюджеттик каржылоону көбөйтүү, аны реформалоону улантуу зарыл. Улуттун генофондун сактап калууга, энелердин ден-соолугуна өзгөчө көңүл бөлүнүүгө тийиш. Биз карыяларыбыз тууралуу кам көрүүгө милдеттүүбүз. Тез арада пенсиялардын өлчөмүн, анын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүүнүн эсебинен, жашоо минимумуна жеткирүү жана андан ары жогорулатуу зарыл. Биздин пенсионерлер муктаждыксыздыкта, жетишкендикте жана урмат-сыйда жашоого тийиш.

Билим алуу – бай адамдардын гана артыкчылыгы эмес, ал мамлекеттин милдети жана карызы. Инженердик билим берүүнү активдүү өнүктүрүү, жаштар тарабынан жаңы маалыматтык, биохимиялык технологияларды, заманбап менеджментти өздөштүрүүсүн колго алуу зарыл. Келечек – алардын колунда. Биз алгылыктуу маданий фундамент берүүгө жөндөмдүү классикалык билим берүүнү жандандыруубуз керек.

Мамлекет илимий изилдөөлөрдү, Кыргызстандын окумуштууларынын эл аралык изилдөө долбоорлоруна катышуусун колдоого алууга, ошондой эле илимий уюмдарга алардын илимий эмгектерин ишке ашыруусуна өбөлгө түзүүгө тийиш.

Ишенимдүү мамлекеттик аппараттын болуусу адамдын, коомдун жана өлкөнүн коопсуздугунун башкы шарты болуп саналат. Өлкөнүн эли, жарандары мамлекетке өлкөдө тынч жашоону жана мыйзамдуу укуктарды коргоо ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ушуга байланыштуу, биздин Өкмөт, укук коргоо органдарыбыз жеке, коомдук жана улуттук коопсуздукту камсыздоо системасына ээ болуусу зарыл. Анын маанилүү түзүмдүк бөлүмдөрү болуп азык-түлүк, энергетикалык, экономикалык, маалыматтык коопсуздук, адамды жана коомду криминал чөйрөсүнөн коргоо, өлкөнүн чектерин коргоо саналат. Бул багыттардын ар бири боюнча биздин конкреттүү идеяларыбыз жана сунуштарыбыз бар, иш-аракеттердин планы түзүлгөн.

 

Жаңы экономикалык саясатты бекитүү

Биз жаңы экономикалык саясатты төмөнкү жолдор менен калыптандырууга жана бекитүүгө аракет жасайбыз:

  • экономиканын эффективдүү өнүгүүсүнө шарттарды түзүү;
  • биздин товарлардын жана тейлөөлөрдүн конкуренттүүлүгүн камсыздоо;
  • күчтүү компанияларды жана ишканаларды түзүү;
  • айыл-чарбасына реалдуу көмөк көрсөтүү;
  • аймактарда кирешелердин озуучу темптер менен өсүүсүн камсыздоо;
  • эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
  • экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетүүгө умтулуу.

Кыргызстан – өзүн-өзү камсыздай ала турган өлкө, андыктан биз иштеген жарандарыбыздын бардыгына татыктуу жашоого мүмкүнчүлүк берүүчү өзүбүздүн ресурстарыбыз менен экономикабызды өнүктүрүүгө тийишпиз.

Жакынкы жылдарда минималдык салыктар – минималдык мамлекеттик чыгашалар принцибинде иш алып барылууга тийиш. Мамлекет биздин кирешелерге ылайык жашоого, биз анын чыгымдарына ылайык төлөөбүз зарыл. Өлкө төлөп бере ала турган мамлекеттик бюджет түзүлүш керек.

Биз конкуренттүү күрөштө биздин товарларыбыздын жана тейлөөлөрүбүздүн аймактык рынокто конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн камсыздаган учурда жеңип чыга алабыз. Бизде бир гана жол бар – товарлардын жана тейлөөлөрдүн экспансиясы. Биздин экономикалык стратегиябыздын маңызы мына ушунда.

Сырткы конкуренцияга жөндөмдүүлүк ички конкуренттик чөйрөсүз болушу мүмкүн эмес, аны ар кандай «крышалардан» жана колдоолордон арылтуу зарыл. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы өнөктөштүктү, ынак коңшулук мамилелерди жана транспорттук жакындыкты пайдалануу менен аймактык рынокко биздин товарларды жана тейлөөлөрдү ийгиликтүү өткөрө алабыз.

Экономиканын негизи – чакан жана орто бизнес. Бул чөйрөдө адамдарды иш менен камсыздоого жана келечекке ишеним арттырууга мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды түзүү керек. Бизнес үчүн башкы тоскоолдук – салыктын өзүндө эмес, анын тынымсыз өзгөрүп туруусунда. Бекем жана узак мөөнөттүү эрежелер зарыл. Адамдарда узак мөөнөт ичинде эч кандай өзгөрүүлөр болбоосуна ишеним керек. Ошондуктан бизнестин кызыкчылыктарына жана талаптарына жооп берүүчү жаңы Салык кодексин кабыл алуу жана салык системасынын, бажы жана бизнести жөнгө салуучу башка эрежелердин өзгөртүлүүсүнө мораторий киргизүү зарыл.

Айылдарга жана чакан шаарларга микрокредиттерди жана микрокаржылоону тартуу аркылуу биз аймактарга жана жергиликтүү жамааттарга түздөн-түз жеринде бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды бере алабыз.

Жеке ишкердиктин жаңы этабы – биздин товарлардын жана тейлөөлөрдүн конкуренцияга жөндөмдүүлүгүн арттыруу процессинде локомотив болуп берүүчү күчтүү компанияларды жана ишканаларды түзүү керек. Өндүрүштү, өзгөчө бизде сырье көп болгон жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү зарыл. Өзүбүздө жогору технологиялык өндүрүштү түзүүгө жана технологияларды импорттоого багыт алууга тийишпиз.

Мамлекет айылдарды башкарып эле тим болбостон, арзан кредиттер менен камсыздоо, өндүрүлгөн продукцияларды сатууга жардам берүү, агротехнологияларды өнүктүрүү жана кооперацияларды колдоо аркылуу айыл чарбасына көмөк көрсөтүүгө тийиш. Айыл чарба продукциялары үчүн кошумча наркка салыктар кайрадан каралуусу керек. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жөндөмдүү мамлекеттик сатып алуулар системасын түзүү зарыл. Айылдык өндүрүүчүлөр үчүн айыл-чарба шаймандарын, агрохимиялык, уруктук селекция, ветеринардык сервисти берүүчү ирилештирилген борборлордун тармагы уюштурулууга тийиш.

Өлкөнүн келечеги аймактардын экономикалык жандануусунда. Ар бир райондо жергиликтүү жамааттар менен биргеликте иштөөнү камсыздоочу экономикалык борборлорду жана бизнес-тармактарды түзүү зарыл. Биз өлкөнүн бардык аймактарында кирешелердин озуучу өсүү темптерин камсыздоого тийишпиз.

Ошондой эле ипотекалык каржылоо каражаттарын киргизүү аркылуу турак-жай курулушун өнүктүрүү эң маанилүү кадамдардан болуп саналат. Бизде өзүбүздүн курулуш материалдарды өндүрүү үчүн сырье жетиштүү, биз аларды өндүрүүнүн көлөмдөрүн бир нече эсе көбөйтө алабыз. Турак-жайга муктаж жарандардын бардыгына арзан кредиттерди алууга жардам беришибиз керек.

Мамлекет эмгек мигранттарын коргоосу жана аларды колдоого алууга тийиш. Эмгек миграциясы – Кыргызстандын экономикасынын эң маанилүү жана эң ири секторлорунун бири болуп саналат.

Биз Кыргызстан экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө жетишебиз. Бул максатка жетишүү үчүн өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы иштеп чыгылат.

Кыргызстан Чыгыштан Батышка жана Түндүктөн Түштүккө кеткен жолдордун кесилишинде жайгашкан аймак катары туристтер, товарлар, транспорттук жана коммуникациялык тармактар үчүн континенталдык транзиттик түйүнгө, Улуу Жибек-Жолундагы эл аралык интеграциянын борборуна айланууга тийиш.

 

Өлкөдө укук-тартипти жана мыйзамдын салтанатын орнотуу

Биз төмөндөгүлөргө жетишебиз:

  • Мыйзамдын диктатурасын жайылтууга;
  • паракорлор жана коррупционерлер үчүн катуу жаза колдонууга;
  • укук-тартибин бардык жерлерде орнотууга.

Демократия – бул башкаруучунун эркине ылайык мыйзамдарды бузуу эмес, ал элдин ыктыярына ылайык мыйзамдарды өзгөртүү. Кирешелерди көмүскөдө кайра бөлүштүрүүлөрдү токтотуу зарыл. Мугалимдер, дарыгерлер, милиционерлер татыктуу эмгек акы алууга жана өздөрүн пара алуу менен кемсинтпөөгө тийиш. Жеке ишкерлер пара берүүгө караганда чын пейилден салыктарды төлөө арзан болгон шарттарда иштөөсү керек.

Өлкөдөгү абалды олуттуу жакшыртуу зарыл. Биздин коомго мурда тиешелүү болгон нравалык нормаларды – ак ниеттүүлүк менен чынчылдыкты кайтаруу керек. Бул үчүн чынчыл мамлекет болууга тийиш. Тоталдык коррупцияны түп-тамырынан жоюу коррупцияга каршы структураларды түзүү аркылуу эмес, чиновниктик ченемсиз бийликти кыскартуу, президенттик аппаратка чейинки мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгы, мамлекеттик чиновниктердин жарандык коомдун, элдин алдында жоопкерчилиги аркылуу жүзөгө ашырылат.

Паракор түрмөдө олтурууга тийиш. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга коррупциялык фактыларга жана акыйкатсыз конкуренциянын туулушуна алып келген кызмат абалынан пайдаланууга жол берген чиновниктерди мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуучу норманы киргизүү зарыл.

Укук коргоо системасына кардиналдык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Адамды коргоонун, мыйзамды коргоонун ордуна укук коргоо системасы мундирдин намысын коргоого жана жеке баюунун булагына айланды. Биз бардык укук коргоо органдарын мыйзамга жана адам укугуна кызмат өтөөгө коебуз, алардын азыркы мезгилдеги стандарттар жана технологиялар боюнча иштөөсүнө, укук тартибин камсыздоо үчүн кадрдык жана материалдык мүмкүнчүлүккө ээ болуусуна шарт түзүп беребиз. Биз милицияга жана сотторго, прокурорлорго жана чекисттерге элдин ишенимин жана урмат-сыйын кайтарабыз. Бул үчүн бүткүл укук коргоо системасында институционалдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Жаңы кадрлар, жаңы баалуулуктар, жаңыча мамилелер керек. Биздин өлкөдө айып тагуу жана соттоо укугу чынчыл жана ак ниет адамдарга гана берилүүгө тийиш.

Муниципалдык милиция түзүлсө жана көзөмөлүнө өткөрүлүп берилсе, жергиликтүү жамааттар өз аймактарында тартип орнотууга толук мүмкүнчүлүккө ээ болот. Уюштурулган кылмыштуулук, наркотрафик жана диний экстремизм менен күрөшүү республикалык деңгээлдеги атайын органдардын карамагында калууга тийиш. Бизге өлкөнү криминал чөйрөсүнөн арылтуу зарыл.

Биз жарандардын, менчик ээлеринин, жеке ишкерлердин, инвесторлордун жана укуктук мамилелердин башка катышуучуларынын Конституция тарабынан кепилдикке алынган укуктарын камсыздап беришибиз керек. Мыйзамдар жана адамдын коом тарабынан кабыл алынган жүрүм-турумдары биздин бардык жашообузду аныктоого тийиш. Жалпы аракеттер менен биз Кыргызстанды дүйнөлүк цивилизациянын бардык стандарттарына жооп берген үлгүлүү өлкөгө айландыра алабыз.

 

“Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясы ачык билдирет:

 

-бизге бийлик үчүн, ресурстарды бөлүштүрүү укугу үчүн аракеттенген бийликтин кереги жок;

-бизге бийлик өзгөрүүлөрдү ишке ашыруунун каражаты катары керек;

-биз өлкөбүздү кайрадан өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн пайдалангыбыз келет;

-биз Кыргызстанда татыктуу жашоо үчүн шарттарды түзүүгө умтулабыз».