Балыкчы шаардык “Замандаш”саясий партиясынын программасы :

 

Биз Балыкчы шаарыбызды өнүктүрүү жолун билебиз !

 

Биз максатка жетүү үчүн  компетенттүү, адамкерчиликтүү, креативдүү сапаттарга ээ, кесипкөйлүк даярдыгы жана тажрыйбасы мол, жеке  жоопкерчилик сезими, интеллекти жогору командабыз!

Биз Балыкчы шаарынын жарандарын, улутуна, диний көз караштарына карабастан ,гендердик теңчиликти колдогон партиябыз!

Биз шаарыбыздын экономикасынын көтөрүлүшүнө жана өнүгүүсүнө кызыктар болгон бардык жарандарды бириктирүү аракетин көрөбүз !

Биздин команданын максаты ;

1.Малекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  социалдык көйгөйлөрдү жана коомдук турмуштагы ар түрдүү маселелер  боюнча сунуштарды киргизүү;

2.Балыкчы шаарында туризмди өнүктүрүү менен жумуш ордун камсыздоо;

Балыкчы шаар эс алуу паркын, шаардык пляжды заманбап музейге айлантуу.

3.Шаарыбыздын тарыхын, маданиятын көргөзө турган шаардык музейди капиталдык ремонттон өткөрүп заманбап музейге айлантуу.

4.Тышкы жана ички инвестиция жана республикалык гранттарды  тартуу.

5.Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна шаарга пайдалуу долбоорлоду сунуштоо (каражаттарды натыйжалуу пайданууну көзөмөлдөө, кичи ишканаларды ачуу).

6.Жумуш менен камсыз кылууда жаштарга мүмкүнчүлүк берүү.

  1. “Замандаш” партиясынын депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Т.Океев көчөсүн толук жасап-түзөө (ремонт) демилгесин аягына чыгаруу . ысык-Көл өнүктүрүү фондусу аркылуу 2021-жылдын аягына чейин бүтүрүү.

8.Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо максатында шаардагы “Нефтебаза” ишканасын четке көчүрүүнү демилгелөө.

9.Шаардык паркты тургундар үчүн коопсуз эс алуу жайына айландыруу.

10.Балыкчы шаарын жашыл шаарга айландыруу. Аманбаев, Абдрахманов, С.Каралаев көчөлөрүн жашылдандыруу .

11.С.каралаев атындагы № 6, Манас №10 орто мектептеринин чатырын алмаштыруу , Манас №10 мектептин айланасын курчоо демилгесинин аягына чыгуусун көзөмөлдөө.

12.Балыкчы шаарынын борборуна өспүрүмдөр жана балдар спорт комплексин ачуу маселеси бүгүнкү күндүн талабы көтөрүү жана ишке ашыруу .

13.Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы жана аймактык ооруканасындагы адистердин жетишсиздигин жоюу максатында , жаш медициналык кадрларга колдоо көрсөтүү .

14.Социалдык абалы начар, жалгыз бой иштеген энелерге жардам ирээтинде 1 жылда 10 баланы кезексиз бала-бакчага киргизүү жана бюджеттин эсебинен каржылоону демилгелөө.

Шайлоо учурунда гана эмес, жай жашообузда дагы жаратман, ынтымактуу бололу!

Биздин “Замандаш” партиябыз мээнеткеч,берешен,ыйлаган адамдын көз жашын сүртө билген, эл укугун коргой билген шаарыбыздын мамлекеттүүлүгү үчүн кам көргөн замандаштарды бириктирет!

Шаарыбыздын келечеги кең, эл аралык деңгээлдеги жаркын, жашыл шаар болот деп элибизди ишендире алабыз!

Кыргыз элинин мекенчил уул-кыздары  чоң максаттарга  жетише алат!

Шаардык Кеңешке шаар үчүн күйгөн, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган азамат депутаттар келет деп үмүттөнөбүз!

Жакшы тарапка өзгөрүүлөр болуп, көр турмуштун  айынан бугүлгөн белдер түзөлөт деп сезишибиз керек, кыргызымдын тарыхы узак, келечеги кең болооруна  баардыгыбыз ишенебиз жана жан үрөп салым кошобуз!

 

Балыкчыбыз үчүн бир бололу, ЗАМАНДАШ !

Биз иштегени, эл ишенимин актаганы баратабыз !