Шаардык кеңештердин тизмеси > Балыкчы шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

«Социал-демократтар» саясий партиясынын программасы

Девиз: Күч бирдикте!

 

Шаардык Кенеште копчулук мандатка жетшисек, бизге программасы жакын партиялар менен биригип, шаар башчысына, Кенештин төрагасына эл ишенген адамдарды шайлоо. Бийлик бутактарынын эл менен иш алып баруусуна аракет көрүү. Келечекте шаардын башчысын элдин добушу менен шайлашынышына жетишүү.

 Экономикалык багыты

Биз керектуу адистерди тартуу менен ар кайсыл тармактын кесипкой адамдары, коомдор менен бирдикте Балыкчы шаарынын областтарды бириктире турган чон борбор шаарга айланышына, жана өкмөттүн колдоосуна ээ болушуна аракет кылабыз.

Социалдык багыты

Ушул концепсиянын негизинде «проектилер менен иштеп,келечекте Тундук-Түштүк жолунун ишке киргизилишинин негизинде эн маанилуу «логистикалык борборго» айлантуу. Шаарга «инверсторлорду» тартуу менен жумушчу орундарын түзүү.

Шаар калкын ичуучу таза суу менен камсыз кылуу,коп кабаттуу үйлөрүдүн бардыгына жылуулук берүү, шаар элине ынгайлуу шаар ичиндеги транспортторду камсыздоо. Шамал менен иштей турган, электр энергиясын пайдалануунун жолдорун, таап ишке киргизүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча багыты

Балыкчы шаарында такай болуп туруучу шамаалдын таасиринен дем алуу органдарынын оорусу көп. Шаарды толугу менен жашыл шаарга айлантуу, климаттык шартка туура келген бактарды, дарактарды тигүү. АБР менен иштешип, таза суу менен, шаардын жаны курулган үйлөрүүн камсыз кылуу. Балыкчы шаары - Ысык-Көлдун дарбазасы, кол жээгине өтө жакын жайгашканына карабастан, бир дагы эс алуу үйлөрүү жок. Шаардын пляждарын жакшыртуу элдин эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү. Темир жол, суу жолун пайдаланып, Балыкчы шаарын эң маанилуу курорттук шаарга айланту.

Шаардын түндүк жагында башталып бүтпөй турган базарды бүтүрүү. Спорткомплекс салганга инвестициялык жол менен аракет кылуу. Балыкчыда чоң окуу жайлардын филиалдарын ачып, жаны кесипкой жаштардын санын көбөйтүү.