«УЛУУ ЖУРТ» саясий партиясынын программасы.

 

ДЕВИЗ: УЛУУ ЖУРТУБУЗГА ТАТЫКТУУ БОЛОЛУ!

 

Саясий багыт.

- Люстрация жолу менен өнүүгү  жолуна олуттуу саясатында иш алып баруу, саясий атаандаштык, таза шайлоолор, элитаны жаңыртуу, шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо.

- Авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюу менен  социалдык багытталган олко курууга салым кошуу.

- Улуттук өнүүгү стратегиянын ишке ашуусуна көмөк көрсөтүү.

- Сонку саясий кайра түзүүлөрдү, мамлекеттик башкаруу моделин, чоң саясий реформаларды колдоо.

- Жаңы иштелип чыккан Конституциянын мыйзам долбоорун колдоо.

Экономикалык багыт.

-Шаардын жашоосун башкаруусун жана келечектеги өнүүгүсун стратегиялык пландоонун жана туруктуу өнүүктүрүүнүн негизинде камсыз кылуу.

- Шаардын артыкчылыктуу тармактарына басым жасоо менен прогресске жана пайда табууга багыт алуу.

- Шаардын  бардык муниципалдык ишканаларынын  натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу боюнча көмөк көрсөтүү.

- Ички жана сырткы инвестицияларды тартуу  менен, орто жана чакан бизнес чөйрөлөрүнө, туризм жана соода-транспорттук логистика, кайра иштетүү өнөр-жай тармактарына колдоо көрсөтүү менен элди жумуш орундары менен камсыз кылуу жана шаар казынасына олуттуу киреше алып келүү.

- Ишкерлердин активдүүлүгүн күчөтүп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биргеликте салык жана жыйымдарды администрациялоону жакшыртууну колго алуу.

- Көп жылдан бери ишке кирбей турган «Каракол» эркин экономикалык аймагын жандандыруу маселесин которуу жана өндүрүшкө керектүү шарттарды түзүү.

Социалдык багыт.

- Балыкчы шаарынын туруктуу  өнүктүрүү базалык шарттарын түзүү.

-Шаардын инфраструктурасын жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүү.

- Жергиликтуу муниципалдык ишканалардын кызматтары баардык категориядагы жарандарга жеткиликтуу жана сапаттуу кылуу менен социалдык тармактын көйгөйлөрүн чечүүгө жана айлана чөйрөнү жакшыртууга шарт түзүү.

- Мектепке чейинки мекемелердин жетишпестигин азайтуу, жеке бала-бакча ачууга жана курууга көмөк көрсөтүү.

- Билим берүүнун сапатын жогорулатууга максималдык аракеттерди жумшоо.

- Жергиликтуу мыкты кадрлардын келуүсү үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу.

- Ар тараптан кызыккан балдар үчүн сабактан тышкары алектене турган кружокторду ачуу.

- Бюджеттен жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен социалдык мекемеледин, спорттук жана маданий имараттарын куруу.

- Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызматтарын сапатын жакшыртуу жана жетишпеген «томограф»,«доплер» жана лабораторияга «маркерин» сыяктуу аппаратар менен камсыз кылуу.

- Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө , карыларга, денсоолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарыбызга адрестик жардам көрсөтүү, шарт түзүү жана укуктарын камсыз кылуу.

- Инвестиция тартуу менен бүтпөй калган көп кабаттуу үйлөрдү бүтүрүү, социалдык жактан муктаж  болгон үй-бүлөөлөргө иппотекалык негизде болуп берүү.

Экологиялык багыт.

- Шаарыбыздын тазалыгын камсыздоо, көрктөндөрүү, жашылдандыруу, скверлерди, парктарды, пляждарды, эс-алуу жайларын заман талабына шайкеш келтируу менен тургундардын эс-алуусуна шарт түзүү.

- Инфраструктуралык түзүмдөрдү ирээтке келтирүү; -ирригациялык тутумдарды калыптандыруу, ички жолдорду асфальттоо, жакыктандыруу, тротуарларды оңдоо жана төшөө.

- Көл жээгиндеги эс алуу жайларга саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды камсыз кылуу.

- Көл жээкке жакын жайгашкан эски онор-жай мекеме ишканаларды шаардын бекитилген башкы планына ылайык сыртка көчүрүү маселесин которуу.