«Бирге-Вместе» саясий партиянын Балыкчы шаары боюнча шайлоо алдындагы программасы

 

Урматтуу Балыкчы шаарынын тургундары!

Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары,"Бирге-Вместе" партиясынын курамында шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну чечтик.

Биз,ар бир шаарда жана айылда төмөнкү багыттар боюнча кардиналдуу реформаларды жүргүзүүгө ниеттенүүдобуз.

  1. Муниципалдык менчикти башкаруу тутумундагы реформалар.

Биз, муниципалитеттин таланып-тонолгон байлыгын муниципалитетке, шаардыктарга, жергиликтүү тургундарга кайтарып беришибиз керек- бул биздин мамлекеттин маданий жана тарыхый баалуулуктарын чагылдырган жерлер, кең байлыктар, бакчалар, социалдык объектилер, сейил бактар, пляждар.

  1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикти талап- тоноого жол берген бардык жемкорлор жоопко тартылсын.
  2. Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле чакан шаарларда жана айылдарда инфраструктураны өнүктүрүүгө гранттарды, инвестицияларды тартуу.
  3. Жаш муундардын билим деңгээлин жогорулатуу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү.

Анткени, сапаттуу билим берүү жана медициналык жардам биздин коомдун келечектеги бакубатчылыгынын кепилдиги жана мамлекеттин ишенимдүү таянычы.

Биздин жалпы максаттарыбыз:

Биз, Кыргыз Республикасында жемкорлукту жоюу максатын койдук!

Биз, ыңгайлуу жашоо шарттарын өнүктүрүүгө, жакшы идеяларды ишке ашырууга жана түзүүгө умтулабыз!

Мамлекеттин улуттук мүлкүн тоноону токтотобуз!

 Биз, өлкөбүздүн чакан шаарларына жана айылдарына инвестицияларды тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзөбүз!

Биз, жергиликтүү дыйкандарга, ишкерлерге жана өндүрүүчүлөргө түшүмдөрун жана товарларын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө  экспорттоого мамлекет тарабынан кепилденген мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

Биздин "Бирге- Вместе" партиябыздын пландаштырылган кардиналдуу реформалары, жүзөгө ашырылгандан кийин гана, күчтүү жана бай өлкөнү курат!

Кыргызстандын эли мамлекеттин камкордугун сезип,ар бир жаран эртеңки күнгө ишенет!

Биздин программаларды ишке ашыруу үчүн биз жогоруда көрсөтүлгөн тармактарды жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылабыз.

Эгерде биздин партия жергиликтүү кеңештерге шайланган болсо,анда биз өз идеяларыбызды кыска мөөнөттө ишке ашырууга, элибиздин жана мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн максатка жетүүгө даярбыз.

Жогоруда айтылган реформаларды жана кадамдарды ишке ашыруу үчүн бизде эрк,билим, тажрыйба жана ресурстар бар.

 

Урматтуу Кыргызстандыктар, алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоод , биз, сиздердин колдоонуздарга муктажбыз!