«Табылга» Саясий партиянын программасы

Девиз: Эл менен -сен бийиксин, Элден чыксан - кийиксин!

Саясаты:

«Табылга» саясийпартиясы 2012-жылы түзүлгөн. «Табылга» - бул Ысык-Көл аймагынын жашоочуларынын ыктыярдуу биримдиги.

Саясий партия – жарандардын мамлекеттик башкарууга катышууга мүмкүнчүлүк түзгөн демократиянын керектүү куралы.

«Табылга» буга чейин, мындан ары дагы бийлик бутактарында өз позициясын бекемдөөнү көздөйт.

Партиянын миссиясы: Аймактагы бизнес жамаатчылыгы, дасыккан тажрыйбалуу адистер жаңыча технологиялардын жардамы менен калктын социалдык абалын жакшыртып, облустагы бардык тармактарды өнүктүрүү менен Ысык-Көл облусун Кыргызстандагы аймактардын сап башына чыгаруу.

 

Партиянын максаттары:

  • Малекеттик иштерге активдүү катышуу;
  • Талапкерлерди бийлик органдарына, анын ичинде жергиликтүү кеңеш, шаардык кеңеш, Жогорку Кеңешке көрсөтүү;
  • Ысык- Көлдүн эң мыкты инсандарынын – илимпоздордун, саясатчылардын, ишкерлердин, жаштардын баштарын бириктирүү;
  • Мамлекетти башкаруунун стратегиялык пландарын иштеп чыгуу
  • Элге берген убадаларыбызды жана алдыга койгон максаттарыбызды так аткаруу.

 

Алдыга койгон тапшырмалар:

  • Облустун бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгуу
  • Улуттук стратегияга өз концепцияларыбызды сунуштоо;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мыйзам чегинде иш алып баруусун көзөмөлдөө жана мыйзам бузулган учурда өз учурунда реакция кылуу;
  • Облустун инфраструктурасын жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийликке ар тараптан колдоо көрсөтүү;
  • Калк арасында маалыматтык, агартуучулук, тарбия иштерин жүргүзүү;
  • Партия мүчөлөрүн даярдоо, окутуу, жаш мүчөлөрүнө жол көрсөтүү;
  • Партия мүчөлөрүнун укуктук, саясий жана экономикалык билимин өнүктүрүү;
  • Жергиликтүү жаштарды партиянын ишмердүүлүгүнө тартуу;
  • Өз укугун коргой ала турган, активдүү, билимдүү шайлоочулардын катмарын түзүү;
  • Калкка эмнек ерек, алардын кандайкөйгөйлөрү бар, ушул туурасында мониторинг жүргүзүү;
  • Облустагы социалдык-экономикалык, экологиялык абалды анализдөө. Стратегияга керектүу учурда өзгөртүү киргизип туруу;
  • Башка өлкөлөрдөгү жана башка аймактардагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу.
  • Балыкчы шаарында «медициналыктуризм» дионуктуруу.