Шаардык кеңештердин тизмеси > Балыкчы шаардык кеңеши > 'Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы

Адилеттүү Кыргызстан партиясынын

Балыкчы шаарын туруктуу өнүктүрүү боюнча программасы

 

Адилеттүү Кыргызстан деген аты заты кандай партия?

Адилеттүү Кыргызстан партия катары биринчи кезекте өлкөбүздүн ичинде Конституцияга карап жашоону туу тутат. Саясатта демократияны, экономикада эркиндикти жактайт. Экономика жаратман бизнес менен салык төлөөчүлөрдүн суммасынан турат. Биз бизнеске жагымдуу шарт түзүлүп, менчиктин кол тийбестигине кепилдик берилип, салык төлөөчүлөр булар ырыскы деп каралган коомго айланганда гана шаарыбыз өнүгөөрүнө ишенебиз.

 

Адилеттүү Кыргызстан көздөгөн Балыкчы кандай шаар болот?

Биз 4 жыл ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетин өстүрүп,4 жылда 4 долбоорду ишке ашырууга аракет кылабыз. Балыкчы шаарынын казынасын байытып, инфраструктуралык, социалдык маселелерди  өз алдынча эффективдүү чечүүгө шарт түзөбүз. Андан сырткары, Балыкчы чакан жана орто бизнестин борборуна айлантууга умтулабыз. Ал үчүн биздин команда:

  • Орто жана чакан бизнести колдоо программаларын ишке ашырабыз.

Инвестиция тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүп, Балыкчы шаарынын мурунку индустрия шаары даңкын кайтарууга түзмө-түз жол ачабыз.

Балыкчы шаары соода өндүрүш – логистикалык борборго айланып, Балыкчы ишкерлердин шаары деген статуска жеткирүү  биздин максат.

Парктарды жана шаарды жашылдандырууну колго алабыз.

Жол четиндеги тротуарларды иретке келтирип,жакшыртууга жетишебиз. Сейилдөө парктарына жана шаарды жашылдандырууга көңүл бурабыз.

Жаштарды спортко үндөп, спорт аянчаларын куруу.

Бүгүнкү күндө шаар тургундарына жер тилкеси  жетишпегендиктен, жер бөлүштүрүү процесин туура колдонуп, көп кабаттуу үйлөрдү курууга шарт түзөбүз. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадрларды тандоодо кесипкөй кадрларды жана келечектүү жаштарды тартуу

 

Урматтуу шаардыктар !

Биз алдыдагы төрт жылда Балыкчы шаарын жашоочулары үчүн коопсуз, ынгайлуу, жарык жана өнүккөн туристтик шаарга айлантса болооруна ишенебиз, ал үчүн эркибизда, билимибиз да жетет.