Балыкчы шаарынын “Тазалык” саясий партиясынын программасы

Девиз: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” И.Раззаков

Биз, Балыкчы шаарынын шаардык кеңешине “ТАЗАЛЫК” саясий партиясынын талапкерлери, учурдагы жалпы мамлекетибизде , анын ичинде биздин шаарыбызда болуп жаткан оң жана тескери кɵрүнүштɵргɵ күбɵ болуп, шаардык кеңештин депутаттарына бɵлүнгɵн мɵɵнɵтун тургундарга пайдалуу кызмат кылуу менен бирге, алдыга кийинки масаттарды коёбуз:

  1. Аткарууга коюлган маселелерди жана жыйынтыгын дайым шаардын тургундарына маалымат берип туруу;
  2. “Ысык-көл” ϴнүктүрүү фондунун каражаттарын максаттуу колдонуу боюнча иш-чараларды уюштуруп, Балыкчы шаарынын коомдук байкоочу кенешинин милдеттерин жандандыруу менен бирге, коомдун кызыкчылыгын колдогон долбоорлоду алдыга жылдыруу;
  3. Медицина кызматкерлеринин жетишпегендигине байланыштуу, ар кандай ооруларды алдын алуу максатында , үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен биргелешип маалыматтарды тургундарга жеткирүүгө аракеттерибизди жумшап, эл арасындагы көптөгөн түшүнбөстүктөрдү кыскартуу – биздин максаттарыбыздын бири!
  4. Экология маселесин алдыга коюп, Ысык-Көлүбүзгө зыян келтирүүчү долбоорлорго бөгөт коюу;
  5. Мугалимдердин укугун колдоо жана мугалим- окуучу- ата-эне байланышын бекемдөө-убакыт талабы!
  6. Ишкерлерди ар тараптуу колдоо жана

 кошумча иш ордуларын уюштурган ишкерлерге  аз пайыз менен кредиттерди алууга мүмкүнчүлүктөрдү тузүү;

  1. Жеке менчик үй салууга кезекте турган жарандарга жер тилкесин мыйзамдуу бөлөнүп берүүсүн көзөмөлгө алуу ;
  2. Мыйзамдуу кызматтарга ээ боло албаган жарандарга көмөк көрсөтүү;
  3. Аткаруу бийлигин шаардын ϴнүктүрүү стратегиялык планына ылайык иштөөгө талаптарды коюуу , иштерин жана каражаттарын планга жараша аткаруу,мыйзам чегинде иш жүргүзүүлөрүн талап кылуу;
  4. Кварталдык комитеттер мыйзамсыз таркатылып жиберилгендигине байланыштуу , кайрадан алардын ишин мыйзамдаштырып, эл менен бийликтин байланышын бекемдөө ишин алып баруу.

 

Урматтуу балыкчы шаарынын тургундары!

Биз, “Тазалык” саясий партиясынын Балыкчы шаардык кенешке талапкерлери, сиздерге “асмандан жылдызды алып беребиз “ деп убада бербейбиз, болгону шаардык кеӊештин депутаты катары, мыйзамдарды бузууга бөгөт коюуп, шайлоочулардын мыйзамдуу талаптарын аткарабыз!