«ЧОҢ КАЗАТ» Саясий партиясынын Каракол шаардык Кенешке шайлоодогу алдыга койгон программасы

 

1.Шаардын инфроструктурасы жалпы жашоочулар талап кылып  келе жаткан кѳйгѳй! (Жол,суу,жашылдандыруу,жол  коопсуздугу,сугат системаларына жаңы технология киргизүү)

2.Таза шаар- баарыбыздын сыймыгыбыз! (Жалпыбыз биргелешип шаарыбызды тазалайлы.Сиздерден тазалык–Бизден ага шарт түзүү)

3.Жашоо оңолбосо-жашоочулар кыйналат! (Билим берүү ,маданият,медицина жана жалпы социалдык катмарына баардык бар мүмкүнчүлүктѳр менен оңдойбуз)

-Билим берүү:Шаарыбыздын эли муктаж болуп жаткан жаны бала  бакча салуу. Алыс жашаган мектеп окуучуларын акысыз ташыган транспорт каражатын кайрадан жандандыруу.Республикалык, ,облустук предметтик олимпиадаларда алдынкы орундарды алган окуучуларга акчалай сыйлоону киргизүү

-Медицина тармагы: жаш дарыгерлердин жашоо шарттын чечип берүү жолу менен аларды медицина тармагына ишке тартуу жана шаарыбыздын жашоочуларын жогорку деңгээлде тейлѳѳсүнѳ мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Депутаттык корпус, медициналык кызматкерлер ошондой эле жарандык коом ортосундагы тейлѳѳ тармагынын ишин жакшыртуу үчүн сүйлошүү аянтчасын уюштуруу. Алдыңкы медициналык кызматкерлерди сыйлоо ишин уюштуруу.Калктын жакыр катмарларына женилдетилген медциналык тейлѳѳнү камсыз кылуу. Дары чѳптѳрдү иштетүүчү фармацептикалык цех ачуу.

4.Калкыбыз улуу–шаарыбыз сулуу болсун! (Туризм тармагы чоң кирешенин бир бѳлүгү болооруна ишеним менен иш алып барабыз).

5.Талыкпай иштеп–татыктуу эс алыныздар! (Учурда  Спорт комплекс салып, Филармония, кинотеатр, муз аянтчасын ачуу боюнча эл кызыкчу сунушубуз бар).

6.Кеңешип ишкылсак–келечеке умтулабыз! (Эл менен кеңешип анан иш жасайбыз).

7.Бириндебей бирдиктуу иш кылалы! (Каракол элинин ынтымагын түзѳбүз)