Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > "Кыргызстан Жашылдар Партиясы" Саясий партиясы

Кыргызстан Жашылдар партиясынын башкы идеологиясы - бул тазалык!

ТАЗА ТАБИЯТ- ТАЗА КООМ-ТАЗА АЙЛАНА ЧӨЙРӨ-ТАЗА БИЙЛИК

 

СЕН ТАЗА  БОЛСОҢ, МЕН ТАЗА БОЛСОМ - КООМ ТАЗА БОЛОТ!

 

Биздин негизги максат -   ар дайым  күчтүү, ар бир жарандын  ар-намысын, укугун сактаган, эң негизгиси табиятты  коргогон  мамлекет куруу!

Партиянын негизги принциби -  калкыбыздын, улутубуздун ден – соолугун чыңдоо, Жаратылыштын тазалыгы, социалдык теңчилик жана Мыйзамдын улуулугу.

Биздин шаарыбыз жаратылышынын кооздугу, меймандостугу жана тургундардын ынтымагы менен өзгөчөлөнөт.  Ыссык-Көл областнынын борбору өзүнүн 150 жылдык тарыхында эң кооз, эң жашыл шаар деген макамды ээлеп келген. Бирок акыркы  жылдары  шаардын экономикалык, социалдык жана санитардык акыбалы өтө начарлап кетти жана төмөндөгүдөй көйгөйлөр жаралууда:

 

  • Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапаты өтө начар абалда. Электр энергиясы, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, эс алуу бакчаларынын азыркы абалы, таштандыдан арылуу -  эң негизги көйгөй.
  • Бак дарактардын көзөмөлсүз, көп санда кыйылып кетүүсү.
  • Шаардын борборунан алыстаган сайын элдин эс алуусун камсыз кылуучу парктар, спорт аянтчалар жокко эсе.
  • Шаардын 70% ички сугат системасы жараксыз абалда, жаңы жана шаардын борборунан алыс жайгашкан конуштарда сугат суусу жок.
  • Демографиялык өсү менен бирге мектептерге жана бала-бакчаларга жыл сайын  талап өсүүдө. Ошол себептен жаңы конуштардын жашоочуларына орчундуу көйгөй жаратууда.

 Мекенибизге ак дили менен иштеп, ар бир адамдын келечегине кайдыгер карабаган, тазалыкты жана жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга чакырган бирден бир топ -Кыргызстан Жашылдар партиясы.Эң негизгиси - биздин катарыбызды ойу жана  дили таза, элге пайдасын  өз   иш-аракеттери менен  тийгизген, ар кайсы кесиптин ээлери жана жөнөкөй  катардагы жарандар камтыйт.

 Биздин партиянын девизи «Ойлорубузглобалдуу – ишибизлокалдуу!»

Биздин алдыга койгон негизги иш аракеттер:

Саясий багыт

  1. Айкөл Манас атабыздын “Табият менен таттуу мамиледе  болуу!” осуятына басым жасоо менен иш алып баруу жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  48 беренесин  аткаруу максатында 2020 жылдын аягына чейин мэриянын алдында экология, саламаттыкты сактоо жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча кесипкөй адамдардан тузулгон экологиялык шаардык  кенешме түзүү.

Экономикалык  багыт

  1. Каракол шаарынын аймагында 2021-2024 жылдар арасындажашыл экономиканын негиздерин ишке ашыруу максатында шаардык стратегиялык план иштеп чыгуу жана аны  ишке ашыруу.
  2. Жаратылышка терс таасир тийгизбегензаманбап технологияларды колдонгон, таштандыларды  кайра иштетүүчү  иш-кана(завод)  куруу.
  3. Туризимди өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчү болгон аба каттамын жөнгө салуу максатында Каракол шаарынын аэропортун калыбына келтирүү жана ишке киргизүү.

Социалдык багыт

1.Каракол шаарынын  ар бир аймагында, Каракол дарыясынынжээгин  бойлойжана Пристань Пржевальск  аймагында элдин жаш курагына, социалдык абалына, ден солуугунун мүмкүнчүлүгүнө карабастанкалктын  ден соолугун чыңдоо максатында жашылдандырылган спорт аянтчалары, велосипед үчүн жол тилкелерин куруу.

2.2021-2024 жылдар арасында ар бир шаардын  тургундарынын ден соолугунун өзгөчөлүгүнө карабастан  коомдук иш чараларга катышууга, эмгектенүүгө, билим алууга  жана эс алууга  инклюзивдүүчөйрө түзүү.

  1. Жергиликтүү калк менен көйгөйлөрдү аныктоо жана ордунан чечүү максатында Каракол шаарынын жана Пристань-Пржевальск аймагында жайгашкан ар бир квартал, кичи район, жаңы конуштардын жашоочуларынын алдында   коммуналдык тейло көрсөткөн ишканалардын жетекчилеринин уч айда бир элге отчет  берүүсүн уюштуруу.
  2. Аткаруу бийликтин жана элге тейлоо корсоткон ар бир муниципалдык ишканалардын аткарган иштеринин ачык айкындуулугун көрсөтүү максатында мэриянын интернет-сайтын элге жеткиликтүү кылууну жана кайтарым байланыш механизимдерин санариптештирүүнү  2020 жылдын аягына чейин талап кылуу. 

Экологиялык багыт

  1. 2024 жылга чейин Каракол шаарын жана ага тиешелүү администативдик аймактарын жашылдандыруу, таштандылардан арылтуу, коомчулуктуу таза суу менен камсыз кылуу максатында ички жана тышкы инвесторлорду тартуу.
  2. Каракол шаарынын байлыгы болгон Каракол дарыясынын потенциалын туура пайдалануу максатында  ички сугат суу арыктарын оңдоо жана ишке киргизүүнү талап кылуу.
  3. Улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо максатында  коомчулук менен бирге    2020-2024 жылдары  “Каракол -  жашыл шаар!”, “Ар бир жаран үчүн - 10 бактын көчөтүн отургузабыз!”, “Таза шаар-бактылуу балалык” аттуу иш чараларды өткөрүү.
  4. Негизги көйгөй болгон таштанды жыйноочу жана малдын өлүгүн көмүүчү жайды Каракол- Пристань туристтик жолдон башка жерге которуу. Таштаныдыларды өз-өзүнчө бөлүп чогултуу практикасын жайылтуу.

 

Урматтуу Каракол шаарынын жана Пристань Пржевальск аймагынын  жашоочулары!

Табият менен таза коомду таңдасаңыз, биз  сиздер менен бирге шаарыбызды  жашыл, таза  жана кооз шаар макамын  кайра кайтарабыз!

Адам бакыты акча менен ченелбейт. Адам бакыты биримдикте жана аруу тилекте!