Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > «АСМАН АЛА - ТОО» Элдик саясий партиясы

«АСМАН АЛА-ТОО» партиясынын шайлоо алдындагы

«КУТТУУ ТӨР»

Каракол шаарын өнүктүрүү программасы  

СОЦИАЛДЫК ЖАНА МАДАНИЯТ БАГЫТЫНДА ЖАСАЛА ТУРГАН ИШТЕР:

 

 

Каракол - элдик маданияттын жана каада-салттын ширелишкен биримдигинин шаары!

- “Шаар менден башталат!” коомдук Этикалык Кодексин түзүү;- “Каракол-2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору” статусуна байланыштуу иш-чараларды татыктуу өткөрүү;-"Ар түрдүү Дүйнө" эл аралык форумун өткөрүү;Ч.Айтматов демилгелеген “Алтай цивилизацияларынын форумун” жыл сайын өткөрүү;- Маданий-туристтик каттамдарды ачуу, Каракол шаарындагы жана анын чет жакаларындагы ыйык жерлерин сактоо, аларды таанытуу;- Гагарин көчөсүндө көп улуттуу Каракол шаарынын бардык өзгөчөлүктөрүн чагылдырган дизайнда  жана өзгөчө архитектуралык түзүлүштө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көчө түзүү; - IT-тармактарынын  негизинде жүзөгө ашырылып жаткан муундар ортосундагы байланышка багытталган “Илгери” долбоорун ишке киргизүү.

ЭКОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТА ЖАСАЛА ТУРГАН ИШТЕР:

 

Караколду-Борбор Азиядагы биринчи ЭКО-ШААР катары таанытуу!

-  Шаардын айланасын Түндүк  формасында, теректер жана чынарлар менен жашылдандыруу;- Табигый шартка ылайык,жаны имараттар 5-кабат менен чектелүүсүн  мыйзам м-н бекитүү;- Аралыгы 25 чакырымдан ашык Ала-Көл жана Ысык-Көл көлдөрүн бириктирген River Park долбоорун ишке киргизүү;- жөө басуу менен велосипедде жүрүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу;- Жергиликтүү табигый суу үнөмдөөчү технологияларды эске алуу менен шаардык арыктарды жана шаардык ирригация тармагын  жергиликтүү жаратылыш таштардан куруу.

ИНФРАСТРУКТУРА БАГЫТЫНДА ЖАСАЛА ТУРГАН ИШТЕР:

 

Каракол шаары - шаардыктар жана коноктор үчүн ар кандай иш-чаралардын борбору!

- Шаардын бирдиктүү коомдук маданий-агартуу мейкиндигин түзүү – «АКЫЛ ҮЙҮ» шаардык китепканасынын айланасында маданий-агартуу чөйрөлөрүн консолидациялоо;- Ысык-Көл мамлекеттик университетинин базасында биринчи регионалдык заманбап тоо обсерваториясын жана балдар планетарийин түзүү;- IT кластерин түзүү, анын ичинде Каракол суусуна кичи ГЭС куруу,оптикалык - магистралдык линияларды тартуу, маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу(DATA-база)борборлорун түзүү.

ШААР БАШКАРУУ САЯСАТЫНДАГЫ ЖАСАЛА ТУРГАН ИШТЕР:

 

Шаардык бийлик - шаардыктарга кызмат кылыш керек!

-шаардык муниципалдык тейлөө ишканаларынын иш жургуузуусун реформалоо; - Ысык-Көлдү Өнүктүрүү Фондусунан,мамлекеттик бюджеттен, донорлордон жана башка каржы булактарынан тушкөн каражаттарды багыттуу жана унөмдүү сарптоо;- Каракол Өнүктүрүү Фондунун базасында бизнес мектебинин, бизнес-инкубатордун, бизнес-акселератордун функцияларын камтыган институт түзүү;- "Электрондук шаар" шаардык санарип платформасын ишке киргизүү менен муниципалдык башкаруу органдарынын ишин көзөмөлгө алуу.