Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > "Эмгек Партиясы" саясий партиясы

 

Саясий партиянын кыскача аталышы: «Эмгек партиясы»

ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 02005201110117, 25.12.2013-ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: уюмдаштыруу съездинде

Уставдын кабыл алынган датасы: 29.10.2013 ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 11

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеңеш

 

САЯСИЙ ПАРТИЯ “ЭМГЕК”

 

Байланыш маалыматтары

 

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көч., 115а

Байланыш телефону: 0312 62 06 07

Коомдук кабылдама: Каракол ш., Боронбай Хан көч. 20а

Интернеттеги байланыш тармактары: @emgek_menen,  FB: “Эмгек саясий партиясы”

Расмий сайт: http://emgek2021.kg/

Партиянын төрагасы:  Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич

1976-жылы 2-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Жогорку билимдүү.  Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. 200-жылдан баштап ушул жылдарга чейин “Дордой” футбол клубунун президенти, Кыргыз Республикасынын жеткинчек балдар футбол федерациясынын вице-төрагасы.  2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын Президенти, 2016-жылдан бери Ардактуу Президенти.

Саясий партиянын программасы (баяндоо): Жумушчу орундарын түзүү жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу - мамлекеттин артыкчылыктуу милдети деп эсептейбиз. Партиянын башкы максаты-ар бир жаранды жана бүтүндөй өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаратман эмгек жана прогресс аркылуу Кыргызстандын жалпы элин бириктирүү.

 

 

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): Партиянын жогорку органы: Съезд; Партиянын башкаруу органы: Саясий Кеңеш.

Каракол шаардык бөлүмүнүн координатору  Жакыпова Салтанат Ишеновна, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу Акулова Т.К., финансы боюнча ыйгарым укуктуу Туйтиева Р.К.

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): -

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар): Ош шаардык кеңеши, 2016 ж. март, мандат жок.