Каракол шаарындагы «Бирге-Вместе» саясий партиясынын

шайлоо алдындагы программасы  

 

Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик бийлик органдарына «Бирге-Вместе» саясий партиясынын курамында шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну чечтик.

Биз ар бир шаарда жана айылда төмөндөгү багыттар боюнча кардиналдуу реформаларды жүргүзөбүз.

Биринчи. Муниципалдык башкаруу системасында реформаларды жүргүзүү. Биз муниципалитетке, шаардыктарга, жергиликтүү жашоочуларга муниципалитеттин уурдалган байлыктарын кайрышыбыз керек – алар жерлер, жер казынасы, бакчалар, социалдык объектилер, парктар, пляждар жана мамлекетибиздин маданий-тарыхый маанидеги мүлктөрү.

Экинчи. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү тоноого жол берген коррупционерлердин баардыгын жоопкерчиликке тартуу.

Үчүнчү. Бюджеттик каражаттарды рационалдуу жана натыйжалуу колдонуу, ошондой эле кичи шаарлардын, айылдардын инфраструктурасын оңдоого гранттарды, инвестицияларды тартуу.

Төртүнчү. Өсүп келе жаткан муундардын билим деңгээлин көтөрүү жана сапаттуу медициналык тейлөө. Анткени, сапаттуу билим берүү жана медициналык тейлөө бул коомубуздун келечеги жана мамлекетибиздин ишеничтүү таянычы.

Биздин жалпы максаттар:

- Биз Кыргыз Республикасында коррупцияны түп тамыры менен жок кылууну максат кылабыз!

- Биз жакшы идеяларды ишке ашырууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана аларды  өнүктүрүүгө умтулабыз!

- Биз мамлекеттин улуттук кенчтерин уурдоону токтотобуз!

- Биз инвестицияларды тартуу менен биздин өлкөнүн кичи шаарларында жана айылдарында жаңы жумуш орундарын түзөбүз!

- Биз жергиликтүү фермерлерге, ишкерлерге жана  өндүрүүчүлөргө өздөрүнүн өндүргөн товарларын жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттерге экспорттоого мүмкүнчүлүк бериш керек.

Биздин «Бирге-Вместе» партиябыз мерчемдеген кардиналдуу реформанын ишке ашышы менен күчтүү жана бай мамлекет куруу!

Кыргызстан элдери мамлекеттин камкордугун сезет жана ар бир жаран эртеңки күнүнө ишенимдүү болот!

Биздин программаларыбызды аткаруу максатында, биз жогорудагы көргөзүлгөн чөйрөнү жөнгө салуу үчүн ченемдик-укуктук  актыларга өзгөртүү киргизүүнү демилгелейбиз жана  анын эффективдүү аткарылышын камсыз кылабыз.

Биздин партиябыз жергиликтүү кенештерге барып калса, элибиздин жана мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн биздин идеялардын кыска мөөнөттө ишке ашырууга биз даярбыз.

Жогорудагы өзгөрүүлөрдү жана  кадамдарды жүзөгө ашырууга биздин эркибиз, билимибиз, тажрыйбабыз жана  адамдык ресурстарыбыз да бар.

 

Урматтуу кыргызстандыктар, алдыдагы жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоодо Сиздердин колдооңуздар абдан керек!

 

«Бирге-Вместе» саясий партиясынын

Каракол шаарындагы бөлүмүнүн

төрагасы                                                                                      Ф.Алжамбаев