Саясий партиянын программасы:

РЕФОРМА партиясы

“Биздин урааны: адилеттүүлүк, үмүт, өнүгүү!

 

Реформа - бул түп-тамырынан бери реформаларды жүргүзүү, коррупциянын жана кландык системанын бузулушу, элге кызмат кылган жана эң негизги баалуулук болуп саналган заманбап мамлекетти куруу үчүн түзүлгөн прогрессивдүү күчтөрдүн саясий партиясы.

Ар бири ѳз чѳйрѳсүндѳ кадыр-баркка ээ жана таанымал, чынчыл, Каракол шаарын чын жүрѳктѳн сүйгѳн пикирдештерден турган компетенттүү профессионалдардын командасы

 

  • Мугалимдер жана дарыгерлер – шаардык бийликтин ѳзгѳчѳ камкордугу. Дүйнѳ жүзүндѳгү караколдуктардын жарандык платформасы шаардын эӊ мыктыларынын рейтингин аныктоо жана материалдык сыйлоо мүмкүнчүлүгүн берет
  • Шаардын элге кѳрсѳткѳн кызматтары муниципалдык-жеке менчик ѳнѳктѳштүккѳ негизделет. Кызматтардын сапатын баалоо жана кѳз карандысыз байкоочулардын рейтинги шаардын коммуналдык кызматтарын каржылоо системасына таасир этет.
  • Таза аба - бул сапаттуу арык тармагына ѳтүү, болуштардын күч-аракеттери менен жашылдандыруу жана аларды рейтингдин негизинде колдоо аркылуу жетишиле турган шаардын жакынкы келечектеги бренди.
  • Тѳмѳнкү багыттарда калк менен муниципалитеттин реалдуу ѳз ара аракеттешүүсүн камсыздоо үчүн интеративдик Интернет сайт аркылуу шаардык бийликтин ишинин ачык-айкындыгы:
  • БЮДЖЕТ кеӊири санарип коомдук катышуу аркылуу кабыл алынат жана колдонулат. Шаардык бюджеттин максаттуу пайдаланылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү тиричилик аракетинин милдеттүү ченемине айланат.
  • Караколдо МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ АКТЫЛАРЫ шаардыктардын муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынат жана алардын жүзѳгѳ ашырылышы электрондук порталдын мүмкүндүктѳрү аркылуу кѳзѳмѳлдѳнѳт.
  • Аткаруу бийлигиндеги КАДРЛАР ак ниеттүү адамдар жана эл тарабынан бааланат, кызматкерлер үзгүлтүксүз баалоо иш-аракеттеринен ѳтүп турат, аткаминерлердин рейтинги шаардык электрондук порталда чагылдырылат.
  • ЖЕР жана муниципалдык менчик онлайн-режимде башкарылып, шаардык бюджетке киреше алып келип турат.
  • Караколдун экономикалык потенциалы - бул
  • Пристань-Пржевальск шаарчасын инвестициялык климатты пайда кылуунун жана суу туризмин (каякинг, кайыкта сүзүү, жел кайык спорту) ѳнүктүрүүнүн эсебинен бийликтин ѳзгѳчѳ камкордугундагы объектиге айландыруу;
  • Аймакты жана жакынкы чет ѳлкѳлѳрдү экологиялык азыктар менен камсыздоого багытталган кайра иштетүү ѳнѳр-жайын ѳнүктүрүү.
  • Жаштар
  • учурдун талапарына жооп берген интеллектуалдык жана кадрдык потенциал боло алышат жана болууга тийиш;
  • ар тараптуу ѳнүгүү үчүн укуктар менен мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ болушу керек;
  • спортту ѳнүктүрүү боюнча атайын программа колдонууга киргизилет.
  • Караколго тѳмѳнкүлѳр кайтарылат
  • тарыхый атак-даӊкы жана Кѳчмѳн маданияттардын алгачкы шаары деген наамы;
  • тереӊ маданияттын, билим берүүнүн баалуулуктары жана салттары;
  • тынчтык жана коопсуздуктун баалуулуктары, этностор менен улуттардын кѳп түрдүүлүгү, этнос аралык ынтымак, ѳз ара сый-урмат жана баарынын кызыкчылыктарынын эсепке алынышы;
  • уникалдуу архитектура жана шаар куруу.
  • Калктын социалдык жактан аялуу катмарлары
  • Коомдук уюмдарды, институттарды жана жалпы мандаты бар түзүмдѳрдү катыштыруу жана демилгелѳѳ аркылуу зомбулукка кабылган аялдар менен балдар, пенсионерлер, кѳп балалуу энелер, калктын аялуу катмарлары татыктуу камкордукка ээ боло алышат, аларга ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурулат.
  • Туруктуу жашаган жери жок адамдар дайыма иштеп турган баш калкалоо жайы менен камсыз болушат.

9) Каракол шаары жергиликтүү жашоочулары менен коноктору 

  • ѳздѳрүн жайлуу жана коопсуз сезген, таза абасы менен суусунан, кѳп улуттуу ашканасынан жана жогорку деӊгээлдеги тейлѳѳ кызматтарынан ырахат ала алган экологияга багытталган туризмдин чыныгы борборуна айланууга тийиш.