“ЫНТЫМАК” саясий программасы:

 

  1. Биздин ураан :Өзгөрүү бизден башталат!

 Башкаруу органы: Каракол шаардык бөлүмүнүн координатору Калмакиев Каныбек Турсуналиевич телефону: 0701610061Ынтымак  партиясынын башкы идеологиясы Калктын ЫНТЫМАГЫ   ийгиликтин кепилдиги!

 

Биздин алдыга койгон негизги иш аракеттер:

  1. Саясий багыт:
  • Каракол шаарындагыбаардыксаясий күчтөрдүнжанаграждандыксектордунүнүнугупконструктивдүүсунуштарынэскеалуумененКаракол шаарынынӨнүктүрүү программасын КРмыйзамдарынаылайыкдемилгелөө.
  • Каракол шаарынын аймагында жайгашкан инженердик тармактардын натыйжалуулугун баалоо механизмдерин иштеп чыгуу.
  • «Таза шаар» программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
  • Мэриянын ишинин натыйжалуулугун Каракол шаарынын тургундарына онлайн режиминде көрсөтүү.
  • «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк тууралу мыйзам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу.
  1. Экономикалык багыт:
  • Бүгүнкү күндө Каракол шаарынын аймагында 6 муниципалдык ишкана бар, бирок иштин натыйжалуулугун (чыгым жана кирешелүүлүк ) эч ким билбейт, баалоо менен ушул көйгөйлөрдү  чечүү жолдорун аныктай алабыз.
  • Каракол шаарынын аймагында таштандыларды чогултуу жана таштанды ташуучу унаалар көйгөйүн чечүү үчүн таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу ишкананы ишке киргизүү.
  • 2019-жылдын 22-июлунда мыйзам негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк» жөнүндө №95 мыйзам кабыл алынган. Ушул мыйзам менен мамлекеттен каржылоону биргелешип чечүү үчүн мамлекет менен жеке сектордун мамилелерин жөнгө салууга болот. Ушул мыйзамдын колдонулушу менен бала бакчалардын көйгөйүн  чечүүгө болот.
  • Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетин даярдоодо жана бекитүүдө жарандык сектордун катышуусунда коомдук угууларды уюштуруу менен кабыл алат.
  • Каракол шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында инвесторлорду тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык салымдар үчүн  жагымдуу шарттарды түзүү .
  • Этно, эко жана спорттук туризмди өнүктүрүү
  1. Социалдык багыт:
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамынын негизинде Каракол шаарында   бала бакчаларга видео байкоо тутумун орнотуу  жана бала бакчаларды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Коп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдө өсүп чоңойгон балдарга кесиптик билим алуусуна жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү.
  • Коп балалуу үй-бүлөлөрдү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматкерлерди ипотекалык негизде батирлер менен камсыз кылуу.
  • Балдар үчүн көңүл ачуучу оюн-зоок борборлорду уюштуруу (атракциондор).
  1. Экологиялык:
  • Каракол шаарынын жолдор, тротуарлар, жашыл аянтчалар жана сугат тутумдарынын инфраструктурасын өнүктүрүү.
  • Саркынды сууларын тазалоо жана шаарда жайгашкан баардык үйлөрдү, ишканаларды саркынды суу чыгаруучу түтүкчөлөрүнө кошууну этаптуу түрдө ишке ашыруу
  • Таштандыларды сорттоону уюштуруу.