Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > "Кыргызстандын социалисттик партиясы" саясий партиясы

“Кыргызстандын Социалисттик Партисы” саясий партиясынын программасы

Ураан  “Жөнөкөй адамдар – таза чечимдер!”

 

Бул  программа социалдык адилеттүүлүктүн негизги принциптерине жана баалуулуктарына негизделген, шаардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган муниципалдык көйгөйлөрдү чечүү багыттары камтылган.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бардык ченемдик укуктук актылары күчүнө кирсин.
  • Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү
  • Шаардын жашоочулары менен квартал сайын иш алып баруу / жолугушуу, тактап айтканда, болуштар менен тыгыз иш алып баруу көйгөйлөрү боюнча.
  • Шаар тургундарынан келип түшкөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча квартал сайын жашоочуларга отчет берүү.
  • Социалдык тармактар аркылуу депутаттык комиссиялардын ишмердүүлүгүн жана чечимдерин чагылдыруу.
  1. Жолдордун жана тротуарлардын абалын баалоо менен жолдорго  финансы каражаттарынан  бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү.
  2. Шаардын маданий өнүктүрүү программасын иштелип бекитилсин.
  3. Экономикалык негиздемеси менен шаарды өнүктүрүүнүн экологиялык стратегиясы.
  4. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасы каралып, анализ жүргүзүлсүн.
  5. Кесиптик техникалык билим берүү мекемелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аймактын экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын потенциалын күчөтүү.
  6. Шаарда жашоо жана коопсуздугу, ыңгайлуулугу боюнча деңгээлин жогорулатуу.
  7. Көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатына баалоо жүргүзүү. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде финансылык отчеттуулукка контролду күчөтсүн.

Инвестицияларды тартуу үчүн шаардын инвестициялык долбоорлорунун жана объекттеринин маалыматтар базасын түзүү