«ТАБЫЛГА» саясий партиясынын программасы

 

“Табылга”партиясы - бул саясий партия, Кыргызстанды тез өнүктүрүү жана аны алдыңкы дүйнөлүк Державага айлантуу максатында өлкөбүздүн көпчүлүк жашоочуларынын кызыкчылыгы үчүн жаш, дымактуу адамдардан түзүлгөн.

           Биз бир муундун өкүлдөрүбүз. Дал өзү азыркы учурда өлкөнү башкарууга даяр.

Биз баарыбыз бир нерсени каалайбыз – калктын жашоосу жогорку сапатта болгон эгемендүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, демократиялуу өлкөдө бай жашоону.

         Биз бул жоопкерчиликти өзүбүзгө алууга - Кыргызстан алдыга сүйрөөгө даярбыз.

Биз угабыз, эң негизгиси өлкөбүздүн жашоочуларынын кызыкчылыктарын көрсөткөн бардык тараптын үнүн угабыз. Бул демократиянын негизи. Баарыбыз бирге –Кыргызстандын жарандарыбыз, жалпы тарыхыбыз жана баалуулуктарыбыз бар бир элбиз.

БИЗДИН МАКСАТ

  1. Ачык акыйкаттуу демократиялык жарандык коом.
  2. Жыргалчылыкка жетүүдө тегиз жана эркин атаандаштык.
  3. Жогорку технологиялыктапкычэкономика.
  4. Терең ой-жүгүрткөн, ойлоп тапкыч адамдарды чыгарган натыйжалуу билим берүү системасы.
  5. Дени сак жаш муун.
  6. Технологиянын жогорку деңгээлде өнүгүшү.
  7. Бийликтин тазалыгы жана тууралуу.
  8. Жаш жаңычыл аткаминерлердин жаңы классын түзүү.
  9. Улуттар аралык валюталык зонаны түзүү.
  10. Укуктун жана мыйзамдуулуктундиктаты
  11. ЖМК эркиндиги

БАШКЫ МИЛДЕТ

  • ар бир жаранга ишке, татыктуу айлык акыга, турак жайга, акысыз жогорку билимге, социалдык коргоого, бекер саламаттык сактоого кепилдик берүү;
  • үй-бүлөгө ар тараптан кам көрүү. Мамлекет тарабынан жаш үй-бүлөлөргө жардам кылуу;
  • коомду маданий-руханий жактан өнүктүрүү, мында мамлекет искусстводогу жана анын ичинде адабияттагы адеп-ахлактуу туура багыттарга колдоо көрсөтүүнү өзүнөалыш керек, алар Кыргызстандын жарандарынмекенчил болууга, өз өлкөсү менен сыймыктанууга тарбиялайт, туура жашоону жана журум-турумдун жогорку маданиятуулугун пропагандалайт;
  • дин тутуунун толук эркиндигин камсыздоо;
  • кылмыштуулукка,коррупцияга, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы катуу күрөшүүнү уюштуруу;

жамааттык жана жеке ишкердикти өнүкт