Шаардык кеңештердин тизмеси > Каракол шаардык кеңеши > "МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ" Саясий партиясы

Мекен Ынтымагы саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасынан:

Урматтуу шайлоочулар!!!

Биз Мекен Ынтымагы саясий партиясынын активдүү  мүчөлөрү шаардык кенешти шайлоо процесси Сиз менен Биз жашаган шаардын турмушу үчун өзгөчө мааниге ээ “саясий өнөктүк”экендигин сезип туюп турабыз.

Биз тигил же бул өкүлчүлүк органга шайланууну, депутат болууну жогорку даража, сый-урмат деп түшүнбөйбүз. Тескерисинче  депутат болуу чоң түйшүк шайлоочулар алдында жоопкерчилик деп эсептейбиз.

Эгер шаар курулушу, шаар турмушунун башатына токтолсок анын тамыры тереңге кетет. Кыргыз эли Совет бийлигине чейин көчмөн турмушту кечирип отурукташып жашоо ыңгайында болгон эмес деген пикирлер бар. Ошол эле учурда кыргыздар Көчмөн цивилизациясынын башында туруп гүлдөгөн мамлекетти курган деген тарыхий гипотезалар, маалыматтар бар. Падышалык Россиянын отурукташтыруу саясаты кыргыз элинин турмушунда оң терс жактары менен мүнөздөлүп келет. Орусиянын өзүндөгү шаарлаштырууга багытталган аракеттер да  убагында карама-каршылыктарга дуушар болгон.

Советтер Союзунун күчү коммунисттик партиянын жигердүүлүгу  менен республикалык деңгээлдеги эки чоң  жана облусттук райондук маанидеги орто жана чакан шаарлар пайда болгон. Ошол шаарлардын баары бир кезде  пайдаланууга берилген потенциал, инфраструктуралар менен ушул күнгө чейин жашап келет. Азыр болсо шаарларда калктын саны өстү, коомдун шаар башкармалыгына болгон талаптары өстү,  шаар башкармалыктардын өзгөчө жигердүү жана мобилдүү болуусун талап кылууда.  Заман талабы: бюрократиялык тоскоолдуктарды мүмкүн болушунча минималдаштырган, мобилдүү аткаруу командасы жана калыс, иштиктүү сунуштары бар ошондой эле коомдук көзөмөлдун мыкты үлгүсүн көрсөтө билген өкулчүлүк. Шаардык кенеш Мэриянын аткаруу комитетине ар дайым бут тоскон оппозициялык маанайда эле болбой “женилин жерден, оорун колдон ала билген санаалаш, керек учурда кемчиликти бетке айта билген калыс, айрым маселлерде баалуу кенеш бере алган кенешчи да болушу керек.

Дал ошол шаар турмушуна кайдыгер эмес граждандардын тобу Каракол шаардык кенешине  талапкер болуп  (б.а өкүл болууну туура таптык) шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу деген чечимге келдик.

Биз Мекен Ынтымагы партиясынан шаардык кенешке талапкер болуп чыгып жаткан талапкерлер төмөндөгү көйгөйлөрдү артыкчылыктуу багыт деп эсептейбиз жана эгер шаардык кенеште эл ишенимине татысак ошол көйгөйлөрдү командалык дух менен элдин кызыкчылыгында чечүүгө жан дилибиз менен иштепжана көйгөйлөрдү чечебиз  деп ишендире алабыз.

Биз терең изилдеп чыкан жана сунуштаган программа Каракол шаарынын географиялык табийгый климаттык, адам ресурстук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлдү жана улуттук, жергиликтүү экономиканын кызыкчылыктарын коргоого багытталды.

Мекен Ынтымагы саясий  партиянын   Каракол шаарын өнүктүрүү програмасынын кыскача приоритетүү багыттары:

  • Бюджет саясаты
  • Мекен Ынтымагы сайаясий партиясы Каракол шаарынын бюджетинин ачык айкын ишке ашышын көзөмөлгө алуу жана шаардык бийликтин эл алдында аткарган иштерине коомчулук аркылуу маниторинг жүргүзүүсунө жетишүү.
  • Налог жана арендалык төлөмдөрдү муниципалдык ишканалардын иштөө тартибин ачык көзөмөлдөө менен шаардын бюджетин көбөйтүү.
  • Ыссык-Көл өнүктүрүү фондунун акчасын туура ачык айкын колдонуу жана жаңы иш баштаган жаш ишкерлерге пайызсыз насыяларды берүү.
  • Шаар бийлиги жергиликтүү Мамлекеттик теле каналдан калкка отчет берип жана элдин суроолоруна жооп берүү.
  • Каракол шаарынын Инфраструктурасын жакшыртуу:
  • Каракол шаарындагы учурдагы жолдун акбалы өтө начар. Жолдорду куруп, ондоо түздөөдөн өткөрүү.
  • Шаардын көчөлөрүн заманбап технологиялык денгээлде жарыктандыруу лампалары менен столбаларды орнотуу.
  • Каракол шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулманын моралдык жактан эскилиги жеткен, таза ичүүчү сууларды жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу жана толук кандуу ишке киргизип ишке ашыруу.
  • Биз атайын иш чараларды уйюштуруп көчөтөрдү отургузабыз жана ошондой эле бир кыйылган бактын ордуна он беш бак тигуу эрежесин киргизебиз бул шаардын экологиясына жана шаар тургандарынын жашоо шартына жакшы шарттар түзүлөт.
  • Шаар ичиндеги парктар жана скверлер туристтер жана жашоочулар үчүн эс алуу, бош убактысын өткөрүүчү жайга айландыруу. жаштар барып эс алуучу жаштар үчүн атайын алеяларды куруу.
  • Балдар эс алуучу жана машыгуучу атайын айянтчаларды куруу.
  • Таза шаар долборун иштеп чыгыпатайын бөлүп таштоочу урналарды орнотуп кайра иштетичүү ишканаларга таштандыларды өткөрүү. Шаар тазалыгына комуналдык кызматтар эле эмес шаардын жарандары да жооптуу болуш керек. Бул багытта социалдык акциялар, үгут-насаат багытында флешмобдорду үзгүлтүксүз жүргүзүү менен шаардыктардын тазалык-маданиятын көтөрүү.
  • Каракол шаарыбызга коопсуз шаар долбоорун ишке ашыруу зарыл бул биринчиден көптөгөн кылмыштардын болбошуна шарт түзөт.
  • Шаардагы эски тарыхый маанидеги имартарды ондоп реканструкциядан өткөзүп калыбына келтирүү. Жамансариева жана Орозова көчөсүнүн кесилишиндеги мурдагы банктын имаратын реканструкциялап сүрөт искусство музейин жасоо.
  • Ат майданын Каракол шаарынын муниципалдык менчигине алыб калыпына келтирип ишке киргизүү.
  • Социалдык тармак:

Каракол шаарындагы жеке ишкерлер менен социалдык кызматташуу ыкмасыалкагында турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөргө, каарыларга жана балдарга жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук фондусун уюштуру.

 

  • Билим берүү тармагы:

Билим берүү тармагындагы негизги көйгөй мектептерде окучулар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кээ бир чон мектептердинкороосуна  кошумча окуу корпустарын куруу. Билим берүүнүн сапатын жана мугалидерди колдоо максатында шаардык бийлик тарабынан бир жылда бир материалдык колдоо көрсөтүп туруу.Жана ошондой эле мектеп жана мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу максатында мамлекеттик курулуш жана билим берүү министрлиги менен биргеликте шаар ичинде окуу имараттарын  балдар бакчасын куруу.

  • Туризм тармагы:

Каракол эл аралык денгээлдеги сервисти камсыз кылуу менен сапаттуу туризмди көрсөтө алган, туристер үчүн жагымдуу коопсуз шаарга айланышы тийиш. Туризм тармагын өнүктүрүүдө негизги багыты болгон:тоо туризми, экологиялык туризм, маданий-тарыхый туризм, кышкы туризм өнүгүсүнө шартарды түзүп берүү. 

  • Өнөр жай тармагын өнүктүрүү.
  • Каракол шаарында кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү зарыл, ал үчүн биринчи максат болуп чыгарылган продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө чоӊ көлөмдө экспортко чыгаруу.
  • Биз айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы ишкерлердин демилгелерин толук колдоого алабыз.
  • Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор куруу.
  • Жаштар жана жаш ишкерлер.

Жаштарды жана спорттуу өнүктүрүүдө атайын программа иштелип чыгып жаштардын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзөбүз.

 Жаныдан иш баштаган ишкерлерди колдоо зарыл. Аларды атайын окуудан өкөзүп ишкердик жүргүзүү маданиятын көтөрүү, ярмарка, выставка өткөзүү менен бизнес жүргүзүүгө плошадкаларды түзүү. Сыртан келген донор организацияларга шарт түзүү жана шаарыбызга инвесторлорду тартуу.

 

  • Жер жана турак жай.

Учурда шаардын калкы туруктуу түрдө өсүп жатат. Жерлерди транформациялоо боюнча 2007-жылы кабыл алынган  мараторийдин айынан шаарлыктар шаар четинде жер участокторун алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.  Шаардын муниципалдык менчиктеги атайын жер тилкелерине  шаарчаларды кадимки заманбап долбооролонгон микрорайондорду куруу актуалдуу. Буга азыр курулуш компаниялары да кызыкдар бул алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк. Эң башкысы муниципалдык бийлик, каалаган жашоочулар жана курулуш компаниялары менен өз ара пайдалуу үч тараптуу келишимге жетишүү маанилүү.

Урматтуу шайлоочулар! Шаар турмушу жалпы мамлекеттин кичинекей модели. Биз өзгөрүүлөрдү жогору жактан кутүп көнүп калганбыз. Ал эми өзгөрүүлөрдү локалдык денгээлде башкача айтканда өзүбүздөн баштоого маани бере бербейбиз. Шаардыктар, шаардык бийлик, шаардык өкүлчүлүк орган болгон  Шаардык Кенеш биргелешкен күч аракетти жасашы керек. Бирине бири оппозиция-позиция болуп тирешүү же кайсы бир маселе боюнча коомчулук менен бийликтин мамилесиндеги боштук (ваакум) саясий-социалдык кризистерге алып келет.

 

Урматтуу шайлоочулар!

        Кымбаттуу шаардыктар бийлик бул жолу да адаттагыдай өзүнүн көзү түз партияларын колдоп, олигархиялык  жана жарым жартылай криминалдашкан топторду тымызын сүрөөгө алып шыкактоого өттү. Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Бийликке артын такап алган партиялар  азыр чектен чыгып үгүт иштеринде орой мыйзам бузууларды баштап, өз билгендерин кылып баштады. Бул процессттин баары мурдагы шайлоолордой көмүскө дагы эмес көз көрүнөө биздин көз алдыбызда жүрүп жатат. Азыр эле мындай өзүм билемдике нахалдыка барып жаткан псевдо партиялар жана алардын өкүлдөрү эртең бийликти алса кандай кадамдарга барат. Ушул нерсе шайлоочуларды көбүрөөк ойлондурушу керек деп эсептейбиз.

Эмесе тандоо Сиздин колуңузда урматтуу шайлоочу. Биз биримдикте болсок биз женилбейбиз Шаарыбыздын келечегин Ынтымакта Бирге куралы!!!!