Шаардык кеңештердин тизмеси > Ош шаардык кеңеш > "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы:  СП «Бир Бол»

ИНН: 02806201010070

ЮЖБР кирүү датасы: 26 февраля 2014 г.

Саясий партиянын түзүлүүшү: Уюштуруучу Жыйын өткөрүү жолу менен

Уставдын кабыл алынган датасы: 27 январь 2014 ж. 

Катталган регионалдык филиалдардын саны:

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеӊеш                       

Байланыш маалыматтары

Дареги:  Ош ш.,  мкр. Анар №15г

Байланыш телефону: 0776 38 38 44

Расмий сайт: birbolparty@gmail.com

Коомдук кабылдама:  Ош ш., мкр. Анар №15г, тел: 0700 32 22 68

Партиянын төрагасы: Сулайманов Алтынбек Турдубаевич 1972-жылы  24-сентябрда Ош областынын Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган.  1978-жылы Я.М.Свердлов атындагы орто мектебине тапшырган, мектепти 1989 –жылы аяктаган. 1990-1992-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн. Андан соӊ 1992-97-жылдары жекече ишкердик менен алектенген.1997—1999-ж.ж. «Монолит» акционердик коомунун Оштогу филиалында ага инспектор болуп иштеген.Ал эми 1999—2001-ж.ж.«Алтын Темир» корпорациясында директордун орун басары, 2001-жылы«Темир» мамлекеттик ишканасынын Ош областы боюнча өкүлчүлүгүндө башкы инспектор болуп эмгектенген.2001-жылдан 2007-жылга чейин аталган ишкананын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалган.2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.2007—2010-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты. 2009-жылы Ош Технологиялык университетинин экономика факультетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. 2017 –жылдан  2018-жылга чейин  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлиги алдындагы Дипломатиялык академиянын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.

Сегиз баланын атасы, үй-бүлөлүү. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери. Соттолгон эмес.