Шаардык кеңештердин тизмеси > Ош шаардык кеңеш > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

“Ыйман Нуру” саясий партиясынын кыскача программасы

  1. Комфорттуу бизнес чөйрө. Ишкерлер үчүн алардын кызыкчылыгын урматтоо жана өз ара ишеничтин негизинде мамлекеттик органдар менен кызматташуунун жаңы форматы сунушталат. Шаардын экономикасынын эң чоң бөлүгүн орто жана чакан бизнес сектору түзгөндүктөн эң таасирдүү импульс жана колдоолор ушул тармакка жасалышы керек. Бул жааттагы бизнес активдүүлүккө жолтоо болгон негизги фактордун бири болгон криминал жана текшерүүчү органдардын тийгизген терс таасирине бѳгѳт коёбуз.
  2. Ачык-айкын Генералдык план. Шаардын Генералдык планын жана деталдык пландоо долбоорун 1 жылдын ичинде ишке киргизүү. Ага чейин башаламан жаратып жаткан жаны ири курулуш объекттерин жургузууго убактылуу мораторий киргизүү.
  3. Санарип муниципалдык кызматтар. Жаңы технологиялар аркылуу жарандар үчүн кызмат алуу процесстерин жеңилдетип, чиновниктердин санын жана чыгымдарын кыскартабыз.
  4. Кѳмүскѳдѳгү салыктарды ачыкка чыгаруу. Заманбап жаңы технологиялардын жардамы менен ишкердик субъекттердин бардыгы атайын программага киргизилет. Аны менен салыктарды жашыруу мүмкүн болбой, ачык-айкындуулук камсыздалат, көмүскө экономиканын көлөмү кескин азаят, коррупцияга чечкиндүү бөгөт коюлуп, чиновниктердин саны кыскарат. Салыктарды ар бир салык төлөөчү өзүнүн жеке эсеп-номуруна төлөп, мамлекет менен эсеп-кысап жүргүзүү ачык-айкын жана жеңил болот.
  5. “Коопсуз Ош”. Бул система бир гана айдоочуларды айыпка жыгуу үчүн эмес, жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иштеш керек. Анын негизги максаты көчөдөгү кылмыштардын жана бузуулардын алдын алуу болот. Ошондуктан биз видеокамераларды көчөлөрдүн кесилиштерине эле эмес адамдар көп чогулган жерлердин бардыгына (мектеп, ЖОЖ, базар жана парктарга) коюлушун камсыз кылабыз.
  6. Таза суу маселесин толук чечүү. Шаарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча эң оптималдуу модельди аныктоо боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине эң мыкты кесипкөй адистерди тартып, каржылоо булактарын табып, 2024-жылга чейин шаарды толугу менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылабыз.
  7. Адам – негизги байлык. Медицина тармагын ѳнүктүрүүгѳ олуттуу салым ко кѳңүл 4 заманбап мектеп жана 8 жаңы бала бакча курабыз. Жаштарды социализациялоочу альтернативдүү заманбап аянтчаларды түзѳбүз. Заманбап жаштар борборлорун, креативдүү студияларды, коворкинг мейкиндиктерин, жалпылап айтканда убакытты пайдалуу жана инсандык жактан өнүгүү менен өткөрө турган заманбап аянтчалар түзүлөт.Саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу үчүн ооруларды алдын алуу жумуштарын күчѳтѳбүз жана мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүк программасынын негизинде заманбап медицина мекемелерин кѳбѳйтүп, алардын кызматтары шаардыктарга жеткиликтүү болуусу үчүн шарт түзѳбүз.     
  8. Ыңгайлуу жолдор. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Ош шаарын айланып өтүүчү жолду жана Ош-Бишкек жолунун “Т” кесилишен түз шаарга келүүчү жолду куруу иштерин баштоону негизги максат катары коёбуз. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2025-жылга чейин 10 км ири магистралдык жолдорду толук оңдоо милдети коюлат. Жүргүнчүлөрдү ташуу маселесинде троллейбустардын санын кѳбѳйтүү жана электробустарды алып келүү маселесин демилгелейбиз.
  9. Заманбап коомдук мейкиндиктер. Шаардын көркүн ачкан, өзгөчө колорит жана комфорт берип турган жалпы коом эс алуучу жайлар калыбына келтирилип, мыкты абалда каралып туруусу абзел. Бул багытта биз 2025-жылга чейин 10 паркты реабилитациялоо жана курууну, 10 км веложол жана 10 сырткы спорттук-тренажердук аянтча курууну максат коёбуз.
  10. Келечектеги Ош. Биз Ош шаарынын келечектеги стратегиялык көрүнүшүн “Ош – үч ХАБдын шаары” деп кѳрѳбүз. Биздин пикирибизде, Ош шаарынын келечеги анын тарыхий-географиялык абалы, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана коомдук-маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык 3 ири регионалдык хабдын иштеши менен байланыштуу болушу керек: 1) Соода-логистикалык хаб, 2) Туристтик хаб, 3) IT-хаб.