“Ишеним” саясий партиясынын программасы

                              Ош шаарын өнүктүрүү программасы

         Ош шаары - бул Кыргыз Республикасынын административдик-саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, руханий, тарыхый жана маданий борбору.

          Ош шаарын өнүктүрүү Программасы 7 артыкчылыкты эске алуу менен шаарды өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттарын камтыйт:

1)         ыңгайлуу шаар;

2)         коопсуз шаар;

3)         социалдык багыттагы шаар;

4)         экономикалык жактан туруктуу шаар;

5)         бизнес жана жеке капитал үчүн шаар;

6)         интеграцияланган шаар;

7)         активдүү жарандардын шаары.

      Ош шаарын камтыган жалпы өнүгүүнүн максаты - калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шаар катары тездетилген социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылуу.

Ош шаарын өнүктүрүүнүн негизги максаттары:

  1. Туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүн\ камсыз кылуу;
  2. Өнөр жайдын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана энергия натыйжалуулугун жогорулатуу;
  3. Азык-түлүк курун өнүктүрүү;
  4. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
  5. Аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү;
  6. Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү;
  7. Шаардагы инновациялык климатты жакшыртуу;
  8. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  9. Мектепке чейинки, орто билим берүүнүн сапатын жана инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу;
  10. Шаардын жана өлкөнүн экономикасынын муктаждыктарын эске алуу менен кесиптик билим берүүнү адистештирүүнү камсыз кылуу;
  11. Калктын саламаттыгын жакшыртуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү саламаттыкты сактоо тутумун калыптандыруу;
  12. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана калктын иш менен камсыз болушун камсыз кылуу;
  13. Жумуш ордунда коопсуздукту камсыз кылууга түрткү берүүчү ишкердик үчүн шарттарды түзүү;
  14. Жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү;
  15. Жакыр жашаган адамдарды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу;
  16. Тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү;
  17. Массалык спортту өнүктүрүү;
  18. Туристтик кластерди өнүктүрүү;
  19. Ош шаарында коомдун консолидациясын камсыз кылуу;
  20. Укук тартибин камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу тутумун өнүктүрүү;
  21. Техногендик авариялар, катастрофалар жана табигый кырсыктар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу;
  22. Коммуникация тармактарын өнүктүрүү;
  23. Турак жайдын жана социалдык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
  24. Турак жай объекттеринин жогорку сапаттагы стандарттарын камсыз кылуу;
  25. Сапаттуу аба байланышын, автомобиль жана темир жол тармактарын өнүктүрүү;
  26. Коомдук транспорттун мобилдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  27. Керектөөчүлөрдү сапаттуу жана ишенимдүү коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу;
  28. Айлана-чөйрөгө эмиссиялардын мониторинги;
  29. Таштандыларды кайра иштетүүнүн заманбап системасын түзүү жана шаардын аймагында тиешелүү санитардык абалдын сакталышын камсыз кылуу;
  30. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоону жакшыртуу.