«ЫНТЫМАК» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

Элдин ынтымагы – мамлекеттин ийгилигинин кепилдиги!

Илгертеден ич ара чыр-чатактар күч-кубаттуу чоң мамлекеттерди бөлүп-жаруунун себеби болуп келген, буга Улуу Кыргыз дөөлөтү жакшы мисал, биз мамлекеттүүлүккө ээ болгону мындай катачылыкка жол бербешибиз керек.

Биздин пикирлештер менен биргеликте тарыхтан сабак алуу жана келечекти айкын түшүнүү менен партияны «Ынтымак» деп атоону чечтик. Анткени ынтымак бар жерде гана жаратмандык бар жана күч бирдикте, бул биздин жана сиздин партиянын негиз болуучу идеологиясы болуп саналат. «Элдин ынтымагы – өлкөнүн ийгилигинин кепилдиги!»

Өзгөрүүлөр бизден башталат!

Биз жалпы элди ынтымакка жана жаратмандыкка чакырабыз жана биз ошондо гана балдарыбызга өнүккөн, жогорку маданияттуу, жайлуу Кыргызстанды өткөрүп бере алабыз!

Ийгиликтүү үй-бүлө, ийгиликтүү мамлекет – бул биз бардыгыбыз биримдиктүү болгондо гана ишке аша турган максаттар, биз бардык күчтөрдү биздин идеологиялык концепциянын алдында биригүүгө чакырабыз. Ошентип биз центристтик ынанымды илгерилетебиз жана жаратмандык максаттарды көздөө менен бардыгына достук мамиледе болууга даярдыгыбызды билдиребиз, биз өзүбүздү «Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн!» - деген ураан алдында негизги саясий күчтөрдү баш коштурууга жөндөмдүү мамлекеттик партия катары көрсөтөбүз. 

Дүйнөдө доорлордун алмашуусу күтүлүп, калыптанып калган стандарттар өзгөрүүдө, андыктан замандын агымын туура кабыл алган гана өлкөлөр жаңы дүйнөдө жашап кете алат жана биз дагы муну так түшүнүп, артта калбашыбыз керек. Анткени өзгөрүүлөр бизден гана башталат, аны менен бирге бабалардын адеп-ахлак жана маданий негиздерин, осуятын унутпоого тийишпиз.

Биз саясатка 30 жыл аралыгында кайталанып келген каталарды кетирбеш үчүн бара жатабыз. Биздин милдет, туш тараптан келген коркунучтарга, жаңы чакырыктарга карабастан алдыда турган жылдар мамлекеттин алдыга өнүгүүсүнүн, эркин, заманбап жана жакшы камсыз болгон коомго карай туруктуу аракеттердин жылдары болуп калышына умтулабыз.

«ЫНТЫМАК» ПАРТИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ:

Өлкөнүн ынтымагы эң жогору турат – бул элдик биримдиктин жана өнүккөн Кыргызстандын улуттук идеологиясы. Чынчылдык, гумандуулук, өз ара жардамдашуу, үй-бүлө – элдик каада-салттарга шайкеш келген адеп-ахлах прициптеринен турат.

КЫРГЫЗСТАН – ийгиликтүү, заманбап, ачык, адамдар үчүн жайлуу мамлекет, бардык жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөр өлкөсү.

АДАМ – мамлекеттин чексиз баалуу негизги капиталы, бардыгы адамдын, Кыргызстандын жаранынын бакубатчылыгы үчүн жасалат.

ЭКОНОМИКА – өнүккөн, алдыңкы технологиялардын көз карандысыз экономикасы, санариптик өнүгүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн негизи.

МАМЛЕКЕТ – натыйжалуу жөнгө салуу жана башкаруу, коомго, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтар, чыныгы элдик башкаруу.  

САЯСАТ – адилеттүүлүккө, демократиялык принциптерге жана шаардын кызыкчылыгына негизделген, саясатта коррупцияга орун жок.

ЭКОЛОГИЯ – заманбап шарттарда адам менен табияттын шайкештиги!  

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР – Кыргызстандын кызыкчылыгы биринчи орунда турат, достук мамилелерди тен укуктуулук прицибинде куруу, диалог курууга ачык болуу, эл аралык аренадан татыктуу ордун табуу.

 «ЫНТЫМАК» ПАРТИЯСЫНЫН ПРИНЦИПТЕРИ

- жыйынтыктар: натыйжага багытталган эң жогорку кесипкөйлүк жана натыйжалуулук;

- максаттарга жетишүү: ийгилик бул өзүнчө салгылашууларда эмес, согушта жеңишке жетишүү; кыска жол – дайыма даңгыр болбойт. Көбүнчө ымалага келишүүгө туура келет, бирок алар негизги багыттан тайытпаган шарттарда гана болушу мүмкүн;

- атаандаштыкка жөндөмдүүлүк: Экономикадагы эркин атаандаштык рыноктун өнүгүүсүн камсыздайт, ал эми саясий атаандаштык, идеялардын, саясий институттардын атаандаштыгы коомдун өнүгүүсүн камсыздайт, коомдун төмөндөп жана обочолонуп кетишине жол бербейт.

- эркиндиктер: Биз инсандык жана коомдук эркиндиктерди жактайбыз: эркин ынаным үчүн, ой-пикирлер менен институттардын эркин атаандаштыгы үчүн, саясий жана коомдук тандоонун эркиндиги үчүн, плюрализм үчүн, сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн, дүйнө жүзү боюнча эркин жүрүү эркиндиги үчүн, дин тутуу жана ишеним эркиндиги үчүн умтулабыз, биз ыксыз тыюуларга каршыбыз. Бирок биз жакшы түшүнөбүз: эркиндик анархияны билдирбеш керек, «сенин жеке эркиндигиң, коңшуңдун эркиндиги менен чектелүүгө тийиш».

- укуктар: Биз укуктук мамлекетти, көз карандысыз жоопкерчиликтүү кесипкөй сот тутумун жактайбыз.

ЭЛДИН ҮНҮ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ВЕКТОРУ!

Элдин үнү бийликке жеткен эмес, ошон үчүн жарандар арасында нааразылык өскөн. Биз мамлекеттик органдар адамдарга кам көрүш үчүн түзүлгөнүн унутуп жатабыз, бул биздин өлкөдөгү башкы көйгөй болуп саналат. Ошондуктан биз ар бир жарандын бакубатчылыгын камсыздоого багыт алдык, анткени бул биринчи кезекте өлкө бакубатчылыгын аныктайт.

Элдин үнүн биринчи орунга коюу жана элдин талабын аткаруу – «Ынтымак» саясий партиясынын башкы багыты, биздин партия мамлекетти башкарууга элдин түздөн түз катышуусун камсыздоо жолун сунуштайт, биз элдин добушун шайлоодо гана эмес, коомдук көзөмөлдүн жаңы механизмдерин киргизүү аркылуу күндөлүк жашоодо пайдаланууга умтулабыз.

Биз ар бир жарандын үнү угулгудай концепцияны өзүнө камтыган, мамлекеттик башкаруу тутумун мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткире турган кайра куруунун таасирдүү чараларын сунуштайбыз.  

Партия сунуштаган механизм, эл менен бийликтин өз ара алака-катыш тутумун жаңы деңгээлге көтөрөт жана ар бир жаранга мамлекетти башкарууга катышууга мүмкүндүк берет. Пландалган өзгөрүүлөр катардагы жарандардын жашоосуна жагымдуу таасирин тийгизет.

Ушул механизм эмнелерди камтыйт:

  1. Жарандар чиновниктердин ишмердүүлүгүн бардык деңгээлде баалай алат;
  2. Жарандар жаңы технологиялардын жардамы менен эркин түздөн түз билдирип, мамлекеттик органдардын чечимдерине катыша алышат;
  3. Жарандар мыйзам долбоорлорун демилгелей алышат.

ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕС ЭКОНОМИКАНЫН ЛОКОМОТИВИ

Азыркы учурда биздин жарандар мамлекеттин жардамын күтпөстөн өз жүгүн өздөрү тартып, жумушчу орундарды түзүп, жашоосун жакшыртууга умтулуп келет. Кыргызстанда 730 миңден ашык чарбалык субъектилердин катталгандыгы буга жакшы күбө, алардын арасында жеке ишкерлер жана 690 миңден ашык дыйкан чарбалары бар.

Акыркы он жылдыктарда чакан жана орто бизнестин Кыргызстандын ИДӨгү үлүшү 2008-жылы 39%  тартып, 2017-жылы 46% чейин өскөн.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, чакан жана орто бизнестин ИДӨгө салымы 41,5% түзгөн, андан 24,1% жеке ишкерлердин үлүшүнө туура келет.

Чакан жана орто бизнес – өлкөдөгү жумушчу орундарды түзүүнүн негизги генераторлорунун бири. Акыркы он жылда чакан жана орто бизнес субъетилеринин саны орточо жылына 5,8% өсүп турган жана бул өсүш жеке ишкерлердин санынын көбөйүшүнө байланышкан.

Чакан жана орто бизнестин экспорту Кыргызстандын жалпы экспортунун 35% түзөт, ал эми негизги соода өнөктөштөрү болуп Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттери саналат.

Бирок ишкерлердин басымдуу бөлүгүнүн гүлдөп өнүгүү үчүн шарттары жок жана колдоого муктаж.

Чакан жана орто бизнес ишканаларынын негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр:

Насыя алуудагы татаалдыктар, жогорку пайыздар, күрөө талап кылуу:

Отчетторду түзүүдөгү татаалдыктар

Финансылык сабаттуулуктун төмөн деңгээли

Мамлекеттик органдар тарабынан пландан тышкаркы текшерүүлөр.

Инфратүзүмдүн жоктугу, бизнести өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктар.

Атүгүл ушундай кыйынчылыктарга карабастан, ишкерелр мамлекеттик казынаны толтурууну жана биздин өлкөнү багууну улантууда.

ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ:

Биздин партиянын максаттарынын бири – чакан бизнестин өсүшү жана өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.

Биздин биринчи кадам болуп, Улуттук банк менен биргеликте коммерциялык банктар тарабынан чакан бизнести кредиттөө шарттарын жеңилдеткен мыйзамдарды кабыл алуу саналат. Бизнеске арзан, узак мөөнөттүү, күрөөсүз насыялоону жеткиликтүү кылуу. Улуттук банктын коммерциялык банктардын жана өнүктүрүү институттарынын кредиттерин жылдык 4% менен кайра каржылоо инструментин Долбоордук каржылоо алкагында ишке киргизүү.

Чакан бизнес үчүн отчеттуулук шарттарын жөнөкөйлөтүү, социалдык фонд, пенсиялык фонд жана башка төлөмдөрдү кошкондо бирдиктүү салык киргизүү.

Текшерүүлөрдү ылайыктуу жана аныкталган учурларда гана жүргүзүү, жөнү жок текшерүүлөрдүн алдын алуу.

Ар бир региондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен биргеликте жеке ишкерлерди колдоого алуу, алардын окуу борборлорун уюштуруу.

Көмүскөдөн чыгуу жана чакан жана орто бизнести, эң биринчи кезекте өндүрүштүн өнүктүрүүнүн чечкиндүү чараларына өтүү:

Салык алуунун атайын режимдеринде иштеген ишканаларды Казакстандын мисалында бардык салыктардан 3 жылдык мөөнөткө бошотуу.

Чакан жана орто бизнес үчүн салыктык амнистия жүргүзүү.

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төмөндөтүү.

Биздин ишкерлердин Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик сатып алууларына катышуусуна көмөктөшүү. Мисалы Россия Федерациясында жыл сайын мамлекеттик сатып алууларга 20-22 триллион рубль каралат жана эгерде ири сатып алууларды эске албаганда да кыргыз ишкерлери 7-8 триллион рублдык рынокто атаандашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгерде биз ошол сумманын 1% алып көрсөк, анда биз Кыргызстанда калган салыктардан тышкары 3-4% таза киреше алабыз, биз Кыргызстандын экономикасындагы ички инвестициялардын көлөмүн 2 миллиард сомго көбөйтө алабыз, андан эч болбоду дегенде бюджетке салыктар түшөт.

ЭЛДИН ДЕН СООЛУГУ АЛТЫНДАН КЫМБАТ

Биздин өлкөнүн саламаттык сактоо тутумундагы кырдаал пандемиядан кийин айкын көрүндү жана биз «реформалоо» деп аталган алдамчылык иш-аракеттердин натыйжасында ушул сектордун оор абалда турганын көрдүк жана жакшы түшүндүк.

Балким саламаттыкты сактоого жумшалган бардык каражаттар натыйжасыз пайдаланылып жатат жана учурда дээрлик бардык кызмат көрсөтүүлөр калк тарабынан төлөнөт, ал эми биздин адамдардын ден соолугу жергиликтүү медициналык кызматтардын төмөн сапатынан улам коркунучка туш болууда.

Биздин жогорку квалификациялуу дарыгерлер башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз, анткени алар кадыресе жумуш шарттары менен камсыздалган эмес, алардын эмгеги татыктуу төлөнбөйт жана заманбап медициналык жабдуулар дээрлик жокко эсе.

Биз калктын ден соолугу туура тамактануудан, таза ичүүчү суудан жана оорулардын алдын алуу маданиятынан көз каранды экенин дагы билебиз. Тилекке каршы, пайдалуу витаминдердин тартыштыгы биздин келечек муундун ооруларга чалдыгышына, ал эми таза суунун жоктугу – ар түрдүү оорулардын көбөйүшүнө алып келет.

Мындан тышкары, мамлекет бүткүл өлкөдөгү калктын ден соолугу жөнүндө толук маалыматка ээ эмес.

Чечүү жолдору: Мамлекеттик медицинанын көйгөйлөрүн атаандаштыктын эсебинен чечүүнү сунуштайбыз.

Ар бир адам акысыз медициналык тейлөөнү кошкондо ден соолугун коргоого, ошондой эле, мыйзам менен каралган мамлекеттик кепилдиктердин алкагында көрсөтүлө турган медициналык тейлөөнү алууга укуктуу.   

Биздин партиянын сунушу ушундай – ар бир медициналык мекеме өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн деңгээлин бекитилген стандарттарга ылайык жогорулатууга умтулуусу жана ар бири жооптуу сектор үчүн өзүнө жоопкерчилик алышы үчүн бардык саламаттыкты сактоо уюмдарын өзүн өзү каржылоого өткөрүү керек.  

Ар бир жаранга оорулардын кантип алдын алууну, туура тамактанганды билүү зарыл. Биздин партия ушул багытка кылдат көңүл бурат, мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү талаптарды коет жана көзөмөлгө алат.

Андыктан мамлекеттик кепилдиктер программасына камтылган ар бир жаранга иш жүзүндө дарыланганына жараша каражат бөлүнөт, бул демек мамлекеттик кепилдиги бар адам акысыз медициналык жардамга толук жеткиликтүү болот дегендик жана ошондо адашуулар, баш аламан бюджеттик каржылоолор жана медициналык заказ болбойт. Ошону менен бирге заманбап медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн шарттар түзүлөт жана мамлекеттик колдоонун шарттары кеңейтилет. Бул кадамдар жеке менчик сектордун медициналык уюмдарына өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана саламаттыкты сактоонун көйгөйлөрүн жалпы чечүүгө мүмкүндүк берет.

Мында эң башкы милдет Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун абалын жалпы улуттук текшерүүдөн өткөрүү болот.

САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты - бийликке коомдук ишенимдин бирден бир белгиси болуп саналат жана бүгүнкү күнү Кыргызстанда «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамды кабыл алуунун үстүндө иш жүрүп жатат. Бирок калктын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматтарга нааразы, анын себептеринин бири – кызмат көрсөтүүлөрдү алуудагы тоскоолдуктар.

Жумушка орношуу үчүн сиздерге бир нече мамлекеттик мекемеге баруу зарыл жана бул көрүнүштү кыскартуу иш-аракеттерине карабастан чечкиндүү жана көрүнүктүү кадамдар жок, ошондуктан дагы деле айдоочулук күбөлүктөрдү, медициналык маалымкатты, паспортту алууда жана башка учурларда көптөгөн тоскоолдуктар бар.

Биз мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу үчүн санариптештирүүнүн жарым-жартылай механизмдерин гана пайдаланбай, толук өтүүнү камсыздоо менен өлкөдөгү маалымат алмашууну камсыздайбыз. Мында калкка эч кандай күч келтирилбейт. Мындан тышкары, биз узун кезекке туруу көйгөйүн чечебиз, ал үчүн жарандарга документтерин үйүнөн тапшырууга уруксат беребиз жана сервис борборго бардыгы даяр болгондо гана келүүгө шарт түзөбүз.  

ӨНДҮРҮШ, КЕРЕКТӨӨ ЖАНА ЭКСПОРТ

Ачыгын айтканда, башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларды жана азык-түлүктү сатып алууда биздин өлкөдөгү акча башка өлкөгө кетет. Мында биздин ага-инилер жана эже-карындаштар чет өлкөлөргө барып иштеп тапкан жана Кыргызстанга инвестицияланган акчалар шексиз түрдө ошол өлкөлөргө кайра кайтып барат. Ушул жагынан алганда биздин өлкөнүн экономикасынын мындай жол менен өнүгүшү күмөн жаратат. Импортко муктаж, жаңы көйгөйлөргө туш келген өлкө катары бизди башка өлкөлөрдүн көзүн кароого аргасыз кылышууда, бул биздин өлкөнүн көз карандысыздыгына дагы көбүрөөк зыян келтирет.

«Ынтымак» партиясы ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо программасын сунуштайт. Программа өндүрүүчүлөрдүн шарттарын жакшыртуу үчүн негизги жети багыттан турат:

-салыктык жеңилдиктер;

- кредиттик жеңилдиктер;

- мамлекеттик сатып алуулардын артыкчылыгы;

- кризистер жана өндүрүүчүлөрдүн кыйынчылыктарына каршы инвестициялык фондду түзүү;

- өндүрүүчүлөрдүн экспорттук дараметин көбөйтүү;

- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрүнүн жогорку сапатын камсыздоо;

- биздин өндүрүүчү-экспортчуларга мамлекет тарабынан юридикалык коштоо жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө ири фабрикаларга караганда чакан, технологиялык жактан натыйжалуу ишканалар көптүгүн белгилей кетүү маанилүү, биз инновациянын жаңычыл технологияларын киргизген ишканаларга өзгөчө макам ыйгаруу менен тиешелүү шарттарды түзүү ыкмасын сунуштайбыз.

Жогоруда айтылгандай, биздин өлкөнү биздин эл гана колдойт жана мамлекет адамдардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жана жардам берүүгө тийиш. Аймактык маалыматтар, чет өлкөдөн сатып алуулар, логистикалык жол-жоболор, бизнес-байланыш маалыматтар, аналитикалык берилмелер жана өндүрүүчүлөр үчүн бирдиктүү өнүмдү илгерилетүү үчүн электрондук коммерцияны жөнгө салуу боюнча бирдиктүү порталды ишке киргизүүнүн зарылдыгы ошол баскычта байкалат, биз ушундай платформаны сунуштайбыз.

САНАРИПТЕШТИРҮҮ – ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮНҮН ЖОЛУ

Биз өзүбүздү санариптик дүйнөгө атаандаштыкка жөндөмдүү өлкө катары көрсөтүшүбүз керек. Электрондук коммерция, IT-аутсорсинг, технологиялык инновация, программалык камсыздоо дүйнөлүк тенденциялардын бири болуп калды жана дүйнөлүк экономикага жаңы көз карашты ачты. Мисалы электрондук коммерциянын көлөмү 29 триллион долларды түзөт, ал эми IT-кызматтар менен бизнес-кызматтардын көлөмү 1 трлн. долларга жетти. Электрондук коммерция платформалары бул чөйрөдөгү драйверлер болот деп ишенимдүүлүк менен айтууга болот, анткени алар керектөөчүлөрдү, акчалай каражаттарды жүгүртүүнү, банктар менен кызматташууну коргоону камсыздайт. Бүгүнкү күнү Кыргызстан бөтөнчө мүмкүнчүлүккө ээ, анткени InternetWorldStats уюмунун ммаалыматы боюнча биз Борбордук Азияда Интернетти жайылтуу боюнча лидер болуп саналабыз. Бирок биздин адамдардын башкы көйгөйү, алар Интернеттен акча иштеп таба алышпайт, мындай айтканда, адамдарда курал бар, бирок аны кантип туура пайдаланууну билбей жатышат.

Партиянын максаты, биздин мамлекеттин «Кыргызстан - Борбордук Азиянын IT-борбору» деген макамды алышын камсыздоо болуп саналат. Бул үчүн IT чөйрөсүндөгү бардык тиешелүү ченемдик актыларды кабыл алуу зарыл; бардык окуу жайларда Интернетти колдонуу боюнча окуу курстарын уюштуруу зарыл, аралыктан иштөө ишмердүүлүгүн түзүү жана IT - аутсорсинг, софтвердик компанияларды колдоо, ошондой эле, ушул тармактагы адистердин санын көбөйтүү зарыл.

Биз кыска мезгилде IТ-индустриянын жана аралыктан иштөөнүн эсебинен орточо айлык акы 25 миң сомду түзгөн 20 миң жумушчу орундарын түзүүгө умтулабыз. Бул анча чоң акчаны талап кылбайт, болгону эрк жана жетиштүү күч-аракет жумшоо керек, бирок жыйынтыгы жемиштүү болот.

САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Кыргызстанда 50 ашык жогорку окуу жайлары жана 100 кесиптик билим берүү мекемеси катталганына карабай, билим берүүнүн сапаты төмөн бойдон кала берүүдө. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр эмгек рыногундагы суроо-талапты канааттандырбайт, ал эми адам капиталы анча көп эмес. Бул көйгөй биздин жарандарга татыктуу жумуш издеп, чет өлкөлөргө барып, ишке орношуусуна дагы тоскоолдук жаратат.  

Жогорку окуу жайлардын студенттеринин 85-90% келишимдик негизде окуйт, бюджеттик орундар болгону 10-15% гана түзөт, келишим боюнча алынган бардык каражаттар ошол мекемелер тарабынан атайын эсеп аркылуу колдонулат, ал эми бюджеттик орундарда окуган 10-15% студенттерге жумшалган каражат, келишим негизиндеги окуу акысынын өлчөмүнөн бир нече эсеге ашат. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү мекемелеринин атаандыштыгына негизделген. Башкача айтканда, адамдар кайда барып окууну өздөрү тандашы керек. Ушул тармактын өнүгүү көйгөйүн каржылоо маселеси гана чечпейт, бирок бул багытта комплекстүү иш-аракеттерди көрүү зарыл.

Ошол себептүү биздин партия ЖОЖ менен КТББ мекемелерин өзүн өзү каржылоо форматына өткөрүүнү сунуштайт, ал эми мамлекет үчүн зарыл болгон айрым адистиктер үчүн мамлекеттик буйрутма аркылуу наркын түз эсептөө жолу менен бюджеттик орундарды берүү сунушталат. Ошентип бюджетти аң-сезимдүү пайдаланууга болот. Ал эми окуу жайлар ички атаандаштык аркылуу өз алдынча өнүгүү жолуна түшөт.

ҮЙ-БҮЛӨ –МАМЛЕКЕТТИН БУЛАГЫ – БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕКТИН НЕГИЗИ

Бүгүнкү күнү үй-бүлө институтуна көңүл бурулбай жатат, үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоктугунан үй-бүлөлөрдө ажырашуулар жана зомбулук көрсөтүүлөр болуп жатат. Анткени жубайлардын бири Кыргызстанда калып, экинчиси – чет өлкөдө мигрант болуп жүрөт. Тилекке каршы, биздин мамлекетте атанын тарбиясын жана эненин мээримин көрбөгөн балдардын саны абдан көп. Мындай көрүнүш, жумушсуздук жана мамлекеттин алсыздыгы биздин адамдарды чоочун өлкөдө иштөөгө мажбур кылганына байланыштуу келип чыгууда.

“Ынтымак” партиясы сунуштайт:

- мигранттарды репатриациялоо боюнча туруктуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мамлекеттин ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүн, ар бир ата-эне өзүнүн баласынын жаркын келечеги үчүн кам көрүшүн камсыздоого умтулуу;

- улуттук деңгээлде үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу;

- үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн юридикалык жоопкерчиликти күчөтүү;

- бизге өзүбүздүн мамлекеттин келечеги болгон балдарыбызга инвестиция салуу керек, бул балдар бакчалары, мектептер, кошумча билим берүү, улуттук баалуулуктар менен байытуу.

РУХИЙ БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРУУ

Кыргызстан көп кылымдык тарыхы, байыркы рухий баалуулуктары, каада-салттары жана маданияты менен өзгөчөлөнөт, бүгүнкү күнү бул биздин көз карандысыз мамлекеттин негизи болуп саналат. Бирок тилекке каршы, акыркы жылдары маданиятсыз көрүнүштөрдүн, балдарга жана карыяларга карата зомбулуктун өсүшү байкалууда, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары жагымсыз кабарларга толгон. Бул кырдаал өсүп келе жаткан муундун аң-сезимине, бүгүнкү жаштарга жана биздин келечекке коркунуч келтирет.

«Ынтымак» партиясы Кыргызстандын элинин маданиятка карата сүйүүсүн жогорулатууга багытталган саясатты жүргүзөт, ушуга байланыштуу мамлекеттин маданиятын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө сунушту киргизет.

Бул чөйрө өзүнө негизги төрт багытты камтыйт, биринчиден салттуу жана дүйнөлүк классикалык маданиятты үйрөнүү, экинчиден ЖМКда, анын ичинде Интернетте активдүү маданият идеологиясын илгерилетүү, үчүнчүдөн маданият ишмерлерин колдоо, төртүнчүдөн маданиятты өнүктүрүүдө балдар бакчасынан баштап инновацияларды пайдалануу.

Биз “Маданияттуу адамдарда жаман иш жок” принциби боюнча алдыга жылабыз.

МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТИ НАТЫЙЖАЛУУ БАШКАРУУ

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, салыктардан бюджетке 121,5 миллиард сом түшкөн. Ал эми 200 ашык мамлекеттик мекеме 517 миллион сом өлчөмүндө таза киреше тапкан, мындан тышкары, мамлекеттин үлүшү бар 40 субъек жөнүндө айтсак, алар дивиденттер түрүндө мамлекеттик бюджетке 1,6 миллиард сом алып келген. Бул демек ушул жааттагы мамлекеттик башкаруу түп тамырынан бери өзгөртүүгө муктаж экенин билдирип турат. 

Анткени булар – өлкөдөгү эң ири компаниялар болуп саналат. Алардын ичинен айрым компаниялар мамлекеттик субсидия алат, ошондуктан мамлекетке пайда алып келбеген ишканаларды жоюп, кирешелүү ишканаларды гана калтыруу зарыл.

СУУ – КЫРГЫЗСТАНДЫН СТРАТЕГИЯЛЫК РЕСУРСУ

Тилекке каршы, биз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин суу башында турсак дагы сууга тийиштүү көңүл бурбайбыз, биз таза сууга жетпей келебиз, бизде сугат суунун тартыштыгы бар, биздин энергетикалык коопсуздугубуз анча жакшы абалда эмес.

Бүткүл дүйнө сууга абдан муктаж болуп турган кезде, кыргыз эли сууну акыл менен колдонгонду үйрөнүшү керек. Ал үчүн “Ынтымак” партиясы суу ресурстарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзөт, бул биздин сууну жең ичинен сатууну жокко чыгарат.

Ошондо ар бир жаран мөңгүлөрдөн дарыяларга канча суу кошуларын, Кыргызстандын аймагынан канча кубометр суу башка өлкөлөргө агып чыгаарын биле алат. Биз элге ачык жана жеткиликтүү маалымат беребиз.

Бирдиктүү маалымат базасын түзүүдөн кийин суунун айлануу процесси аныкталат, биз сууга товар макамын ыйгарууга аракет кылабыз. Балким буга башка өлкөлөр тарабынан тоскоолдуктар болушу мүмкүн, бирок биздин башкы максат – Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо. Бул маселе оңой эмес, бирок биз ушул максатка жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДА АК НИЕТ АТААНДАШТЫКТЫ КАМСЫЗДОО

Жыл сайын мамлекеттик сатып алууларга 70 миллиард сом коротулат, бул тармак коррупциянын элементтерин камтып турат, андан биз көптөгөн чыр-чатактуу, резонанс жараткан иштерге күбө болдук.

Ушуга байланыштуу ар бир текшерүүчү орган кылмыш ишин козгойт, андан көбүнчө учурларда катардагы кызматкерлер жабыркайт. Бул мамлекет үчүн абдан татаал багыт болуп саналат. 2015-жылдан мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу жүзөгө ашырылып келет, бирок айрым маселелер чечилген менен жалпы негиздүү өзгөрүүлөр болгон эмес.

 “Ынтымак” партиясы бул тармакка электрондук коммерция платформасын ишке киргизүүнү сунуштайт, бардык сатып алуулар эгерде алар квалификациялык талаптарга ылайык келсе, бааларды төмөндөтүү жолу менен онлайн-аукцион формасында аткарылат. Чыныгы баалар ошол бааларды төмөндөтүү боюнча аукциондо аныкталат, бул мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк жаратат.

Дүйнөлүк практикада электрондук коммерция платформаларында болжолдонгон суммадан үнөмдөөнүн үлүшү орточо 20% түзөт. Эгерде биз бул механизмди ишке киргизсек, биз жылына 1 миллиардга жакын сомду үнөмдөйбүз жана мамлекеттик бюджетке башка социалдык муктаждыктарды жабууга мүмкүндүк беребиз.

БИЗДИН ӨЛКӨНҮН ГҮЛДӨП ӨНҮГҮҮСҮ БИЗДИН АЙЫЛДАРДАН БАШТАЛАТ

Өлкө калынын басымдуу бөлүгүн айыл жашоочулары түзөт, алар айыл чарбасы, бакчачылык, дыйканчылык менен иш жүргүзүшөт. Алар өздөрүнүн жашоосун, мамлекеттин өнүгүшүн социалдык объектилерди өз алдынча куруунун эсебинен жакшыртууга аракет кылышууда.

“Ынтымак” партиясы айыл калкын колдоо программасын төмөнкүдөй негизде жүзөгө ашырат.

Биз Кыргызстандын 453 айыл өкмөтү үчүн “Бир айыл – бир ишкана” бизнес-долбоорун жүзөгө ашырабыз, анда ар бир долбоор 1-2 млн сом өлчөмүндө каржыланат, финансы булактары мамлекеттик бюджеттен үнөмдөөлөрдүн эсебинен каралат, аткаруучу орган тиешелүү нускамалар менен көзөмөлдөнөт. Жыйынтыгында биринчи жылы ар бир айыл аймагында 1 чакан ишкана ачылат жана орточо 3 жумушчу орун түзүлөт, бул демек бир жылда Кыргызстанда 1500 жумушчу оруну түзүлөт дегенди билдирет. Бул долбоор туруктуу уланат жана 5 жыл аралыгында 7500 жумуш орун түзүлөт, ал эми 5 жылдан кийин Кыргызстанда 2300 кичи ишкана ачылат.

Мындан тышкары, биз айыл жеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн муниципалдык кызматтарды жакшыртуу тутумунун планын сунуштайбыз.

Биз шаардык жана айылдык экономиканы өнүктүрүү үчүн муниципалдык-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле, бизнес менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү мамлекеттик колдоого өбөлгө түзө турган механизмдерди иштеп чыгабыз.

ЖАРАНДАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК УКУКТАРЫ МЫЙЗАМДУУЛУКТУ КАМСЫЗДАЙТ

Биздин жарандардын укуктарын бузуу учурлары алардын өз укуктарын билбегенине байланыштуу болууда. Биздин ар бирибиз өз укуктарыбызды жана милдеттерибизди билүүгө тийиш болгон укуктук мамлекетти түзүүнү каалайбыз. “Ынтымак” партиясы бардык жарандарга толук масштабдуу укуктук колдоо жүргүзөт. Биз соттук реформа боюнча долбоорду демилгелейбиз, анда соттордун калк тарабынан шайланышын киргизүү негизги учур болуп саналат.

СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ БАГЫТЫ

Кыргызстанда 650 миңден ашык пенсионерлер бар, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды саны 180 миң кишиге жакын. Социалдык төлөмдөрдү 560 миңдей киши алат, бул өлкөдөгү реалдуу кырдаалды чагылдырып турат. Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25% түзөт.

“Ынтымак” партиясы “пенсия, жөлөк пулду көбөйтүү, жакырчылыкты жоюу” деген сыяктуу курулай убадаларды берүүдөн алыс. Бирок партиянын башкы максаттарынын бири – биздин жарандар үчүн татыктуу жашоону камсыздоо.

Ушундан улам “Ынтымак” партиясы төмөнкү багыттарды жүзөгө ашырууга умтулат.

  1. Жеткиликтүү чөйрө – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иш орундарын түзгөн ишканаларга жеңилдиктерди берүү;
  2. Пенсия менен жөлөк пулду туруктуу инфиляциянын деңгээлинде көбөйтүүнү камсыздоо;
  3. Социалдык жөлөк пул алгандардын санын акырындык менен кыскартуу;
  4. Ички инвестицияларды мобилизациялоонун эсебинен жакырчылыкка каршы күрөшүү программасын жүзөгө ашыруу.

«БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ МИГРАЦИЯ КЕТКЕН КЫРГЫЗСТАНДАН, АДАМ ЖАШАГЫСЫ КЕЛГЕН КЫРГЫЗСТАНГА!»

Кыргызстандагы миграциянын негизги себептери болуп жумушсуздук жана айлык акынын төмөндүгү саналат, биз мамлекет катары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн 1 млн мигранттарды кайтарып келүүнү камсыздоого тийишпиз. Биздин программанын так ушул пунктун ишке ашыруу күмөндүү сезилээрин биз түшүнөбүз, бирок биз аткаруу бийлигинин алдына келечекте өлкөнүн экономикалык жана социалдык пайдубалы боло турган КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН 5 ЖЫЛГА НЕГИЗГИ KPI - 1 миллион жогорку өндүрүмдүү жогорку кирешелүү жумушчу орундарын түзүү боюнча ушундай максаттарды коюп жана аныкташыбыз керек. Башкача айтканда, аткаруу бийлиги жыл сайын биздин 200 миң мекендешибизге татыктуу эмгек акысы менен жумушчу орундарын түзүүгө ыңгайлуу шарттарды тийиш жана бул көрсөткүч аткаруу бийлигин баалоонун тутуму болуп калышы керек. Анткени жумушчу орундар дээрлик бардык көйгөйлөрдү чечет, бул мамлекеттин бюджетине кошумча киреше болуп саналат жана мамлекеттин, бизнестин, адамдардын бардык күчтөрүн жана ресурстарын эң башкы максатка – экономиканын өсүшүнө, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багыттоо зарыл.

  • Турак жай аянтын кеңейтүүгө муктаж жарандардын бардыгына 4% менен ипотеканы субсидиялоо программасын ишке киргизүү.
  • Объектинин даярдыгына жараша эскроу эсептерин баскычтар боюнча ачуу тутумун киргизүү.
  • Бир эле учурда 2020-2021-жылдар аралыгында өнүгүүнүн биринчи 100 кластерин түзүү программасын жүзөгө ашыруу.
  • Бизнести кылмыш жазык, администрациялык, соттук басымдан арылтуу боюнча таасирдүү чараларды кабыл алуу.

ЭКОНОМИКАНЫ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн бизге экономикалык кайра түзүүлөргө жетишкен өлкөлөрдүн мисалында экономиканы башкаруу тутумун өзгөртүү керек. Бирок башкаруу системасын өзгөртүп түзүүнү фронталдык администрациялык реформадан эмес, учурдагы экономиканы башкарууну өнүктүрүүнү - башкарууну бөлүүдөн жана өнүгүүнү башкарган атайын органды түзүүдөн баштоо керек – дүйнөлүк тажрыйба ушундай, ал өзүнүн ийгиликтүүлүгүн көрсөттү. Жаңы мамлекеттик институтту – Кыргызстандын реформалар штабын түзүү керек, аны Өкмөттүн учурдагы ишинен бөлүү зарыл.

КЫРГЫЗСТАНДЫ РЕФОРМАЛОО ШТАБЫНЫН ФУНКЦИЯСЫ:

  1. Анализ – өлкөнүн экономикасын талдоого алган маалыматтык системаны түзүү.
  2. Макулдашылган бюджеттик саясат менен 1 жылга, 5 жылга жана 15 жылга улуттук стратегиялык индикативдик пландоонун системасын түзүү.
  3. Долбоордук башкаруу принциптери боюнча экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда кластердик долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жол карталарын, ошондой эле, экономикалык саясатта системдик өзгөрүүлөр программаларын түзүү.
  4. Аткарууну көзөмөлгө алуу.
  5. Өнүктүрүү институттарынын ишин координациялоо, алардын иш максаттарын экономикалык өсүш милдеттерине баш ийдирүү.